Ислам – бул саясат

710
0

Ислам – бул саясат

“Радикализм жана экстремизм” терминдеринин батылдыгы жөнүндө

Саясат – бул Үммөттүн ички жана тышкы иштерин башкаруу болуп, мамлекет  жана Үммөт тарабынан ишке ашырылат. Мамлекет бул иш менен түздөн-түз алектенет, Үммөт болсо бул иш жүзөсүнөн мамлекетти эсеп-китеп кылып, тергеп турат.

Ислам – адамдын өз жаратуучусу менен болгон, өзү менен болгон жана башка адамдар менен болгон алакасын тартипке салуу үчүн Алла пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.га түшүргөн дин.

Ислам идеологиясы саясий акыйда болуп: “Аллах адамды бул дүйнөгө сыноо үчүн жаратты. Адам жаратуучусу белгилеген тартип менен  жашаса, акыретте кайра тирилгенде бейиш менен сыйланат. Өзү каалагандай, башкача айтканда, Аллах белгилеп койгон тартиптен тышкарыда жашаса, тозокто жазаланат”, – деп катъий тастык менен ишенүү ыйман болуп эсептелет.

 Ислам адамдардын өз ара мамилесин башкаруу үчүн түшүрүлдү. Бийликке итаат кылганына же асий болгонуна карай сыйланат же жазаланат. Ушуга ишенип тастыктаган адам мусулман, ишенбеген адам кафир деп аталат. Бул болсо, Ислам акыйдасы саясий акыйда экендигине ишара кылат.

 Демек, жашообузду Аллахтын өкүмдөрүнө ылайыкташтыруу керек. Бул болсо, Исламды жашообузга өкүмдар кылуу т.а. ар бир алака жана мамилебизди шаръий өкүм негизине куруу о.э. бул алаканы исламий мыйзамдар (тарыйкат өкүмдөрү) менен мухафаза кылуу фарз экендигине ишара кылат!

Куфр дүйнөсү мындай идеология ээлерин “экстремист, радикал” деп атап алышты. Алардын максаты, Ислам идеологиясы менен аралашып кеткен исламий шахсияларды мусулмандардан ажыратып алып, мусулмандарды куфр менен аралашкан “муътадил (мээлүүн) Исламчылар” менен бузуу! Ал үчүн ыйманий мухит үстүнө курулган исламий мухитти бузуп, аны кызыкчылык негизиндеги Исламды маска кылып алган бузук пикирий вужудга алмаштырмакчы болушууда. Имамдарыбызга атайын стипендияларды (айлык маяна) берүү о.э. диний кызматкерлердин ажылык жана умра сапарларына адам алып баруусуна шарттарды түзүп берүү менен материалдык кызыкчылык негизинде өздөрү тарапка тартып алмакчы болушууда.

Натыйжада, бийлик даъватка уруксат бергени үчүн кээ бир даъватчылар бийликтин акысына дуба кыла башташты. Аллах фарз кылган ишке махлуктан да уруксат сураш керек”, –  деп ширкке жол ачканы аздык кылгансып, алардан уруксат алгандан кийин даъват кылуу керектигине чакырышууда.

Эй боордоштор, даъват фарз ал өкмөттөн же башка бирер махлуктан уруксат алып, же аларды ыраазы кылуу үчүн эмес, бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылынат.Куфр Исламды өз кызыкчылыгы тарапка бурмакчы болууда. Бирок , ал өз максатына жетүүдө мусулмандардан пайдаланып, бизди тышкы көрүнүшүбүз исламий болгон куфр кызматкерлерине айландырмакчы болууда. Сак бололу, Аллах Исламды саясий (турмушубузду башкаруучу) кылып түшүргөн болсо, куфр берген арзыбаган дүйнө матасы үчүн динди бурмалап, куфрга ылайыкташтыруу менен ыйманыбызды сатып жибербейли!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here