Өзбекстан менен Тажикстан биргеликте машыгуу өткөрөт

418
0

Өзбекстан менен Тажикстан биргеликте машыгуу өткөрөт

Өзбекстан жана Тажикстандын аскерлери сентябрдын экинчи он күндүгүндө Наманган облусундагы “Гурумсарой” полигонунда аскерий машыгууларды өткөрөт.

Тажикстан Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Ориф Нозимиён “Ховар” маалымат агенттигине билдиришинче, машыгуулар “Борбор -2019” стратегиялык машыгууларынын алкагында болуп өтөт. Эки өлкөнүн аскерлери региондо коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарышат.    

Аталган эки өлкөнүн аскерлери август айында тоолу аймактар шартындагы антитеррордук машыгууларды өткөрүшкөн эле. Анда машыгуулар Тажикстанда жана Фергана өрөөнүндө болуп өткөн.

Комментарий: Белгилүү болгондой, акыркы кездерде Россия жетекчилиги, айрыкча, аскерий жетекчилер менен аскерий эксперттери Афганистан коркунучун көбүртүп көрсөтүп жатышат. Алар кээде Түркмөнстан чек арасында согушкерлер топтолгону тууралуу айтышса, кээде Тажикстандын чек арасына жакын жерде кырдаал туруксуз экендигин билдирип жатышат.

 Россиянын коргоо министрлиги быйыл жыл башында жогорудагыдай шылтоолор менен Тажикстан жана Кыргызстандагы аскерий базаларынын согуштук даярдыгын күчөтүшүн билдирген.

 2019-жылдын апрель айында Бишкекте болуп өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу: “Ушул максатта Тажикстан жана Кыргызстандагы аскерий базалардын согуштук даярдыгын күчөтөбүз, алардын кризистик абалдарга даяр туруу жөндөмүн бекемдейбиз”,- деди.

 О.э. Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоого каратылган “Борбор -2019” машыгууларын өткөрүү пландаштырылып жатканын, машыгууга ШКУга мүчө мамлекеттердин бардык аскерий контингенттери чакырылышын билдирген.

 Россиянын мурунку колонияларына саясий жана экономикалык таасир өткөрүүсү начарлап кеткен. Сакафий таасири да алсырап барууда. Ошондуктан да орус жетекчилиги Афганистан коркунучун көбүртүп көрсөтүү аркылуу, бул регионду “Талибан” жана “ИШИМ”ден коргоп жаткандай болуп көрүнүү менен Борбор Азияда аскерий таасири жана аралашуусун күчөтүүгө көңүл бурууда. Анын аскерий кубатка таянуудан башка таасир өткөрүү жолу дээрлик калбады.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here