Норвегияда мечитке чабуул: мусулмандарга каршы жек көрүүнүн жайылышына Батыш бийликтери жооптуу

585
0

Норвегияда мечитке чабуул: мусулмандарга каршы жек көрүүнүн жайылышына Батыш бийликтери жооптуу

Кары жаштагы эки мусулман ибадат кылып жаткан мусулмандарды өлтүрмөкчү болгон кимсени токтотуп каармандык көрсөтүштү. Ушул окуя 2019-жылы 10-август күнү Норвегиянын Баум шаарында жүз берди.

Биз, Хизб-ут-Тахрир Скандинавия мүчөлөрү, ушуларды баса белгилейбиз:

  • Оболу кары жаштагы эки мусулмандын мубарек арафа күнүндө ишке ашырган ажайып каармандыгына мактоо айтабыз. Аллах Тааладан алар тезирээк сакайып кетишин, аларга көп жакшылыктарды беришин, алардын бул дүйнө жана ахиретте даражаларын көтөрүшүн сурайбыз.
  • Баса белгилөө зарыл, Батыш бийликтери, саясатчылары жана маалымат каражаттары Исламга каршы караниет кабарларды тынымсыз таратышы мечитте ок атууга үндөдү. Мусулмандарга каршы чыгарылган мыйзамдар, репрессиячыл саясаттар жана жек көрүүнү ойготуучу кайрылуулардан улам Батышта туулган экстремисттик жырткычтык күч алууда. Батыш мамлекеттеринин баары, Скандинавия мамлекеттеринин өкмөттөрү ушул саясатты колдонууда. Алар мусулмандарды куугунтуктоо жана өкүмдарлык кылуу үчүн өз мабдасын ишке салууда.
  • Ошондуктан, Батышта жалпылашып кеткен жана табигый ишке айланган мусулмандарга каршы жек көрүүгө Батыш бийликтери жана маалымат каражаттары жооптуу. Саясий партиялар мусулман мигранттары тарабынан боло турган «Согуш» жана Европа жарандарынын «Ордун ээлөө» сыяктуу үгүт иштерин мыйзамдаштырууга чакырууда. Батыш мамлекеттеринде 18 жылдан бери Исламга каршы саясат жана үгүт аркылуу Андерс Брейвик сыяктуу адамдар үлгү катары көрсөтүлүүдө. Бул кимсе өзүн Крайстчерч кресттүү террористтик уюмунун мүчөсү катары тааныткан. Батыш коопсуздук органдары болсо оңчул экстремисттик күчтөргө көз жумууда. Натыйжада, алар өнүгүп, өз тармактарын башка мамлекеттерге жаюуда.
  • Андан тышкары, террорчу оңчулдук менен өзгөчөлөнүп турган жек көрүү жана душмандык Батыштагы сейрек көрүнүш эмес.
  • Баса белгилүү зарыл болгон дагы бир маанилүү тарап ушул: Дания саясатчылары сүкүт сакташса да белгилер жаркын көрүнүп турат. Себеби, Норвегиядагы кылмыштан тышкары мусулмандарга карата жек көрүү бар экени айтпаса да сезилип турат.
  • Бул абал Европа тарыхындагы адаттагы көрүнүш. Себеби, фашизм режимдери эсте сакталып тирүү. Бул болсо, Батыш өзүнө тарткан мабдаий кризистин көрүнүшү. Батыш мамлекеттери саясатында улутчулдук, текчилдик жана Исламга каршы жек көрүү ачык-айкын көзгө урунат.
  • Демек, Батыш мамлекеттери жана маалымат каражаттары ушул өлкөлөрдөгү мусулмандарга карата коркунучка моралдык жана саясий жактан жооптуу. Ошондуктан, алар мусулмандарга каршы жек көрүү туйгуларын пайда кылуу аркылуу экстремизмди козгоону токтотушу лазым. Себеби, бул кылмыш жана зомбулукка алып барат.

Хизб-ут-Тахрирдин Скандинавиядагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here