“Борбор – 2019” аскердик машыгуусу өтөт

447
0

“Борбор – 2019” аскердик машыгуусу өтөт

Кыргызстанда “Борбор – 2019” аталышындагы аскердик машыгуу өткөрүлөт. Ага Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын күч түзүмдөрү тартылат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министринин орун басары билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, машыгуулардын негизги бөлүгү 16-21 сентябрь күндөрү Орусиянын сегиз полигонунда өтөт. Андан соң Казакстандын 4 полигонунда, Кыргызстандагы бир полигондо жана Тажикстандагы Орусиянын аскердик базасында өткөрүлөт. Машыгууларга жалпысынан 128 миң күч кызматкерлери, 20 миң даана техника, 600 даана учуучу аппараттар, 15 кеме катышат. Аларга Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо тапшырмасы берилет.

Бүгүнкү күндө Орусиянын Борбор Азиядагы таасири алсырап барууда. Анын негизги “козырь картасы” катары аймактагы аскердик  таасири кызмат кылып жатат. Ошондуктан, ал калкты коркуу астында кармап туруу үчүн, ОДКБ жана ШОС уюмдары аркылуу “терроризм” шылтоосу менен ар дайым өзүнүн аскердик кубатын жарнамалап турат.

Башка тараптан, АКШ дүйнөлүк биринчи мамлекет макамын сактап калуу үчүн Кытайга каршы чабуулдарын күчөтүп, Орусияга карата санкцияларды улантууда. Мындай абал Орусия менен Кытайды орток пикирге алып келүүдө.

Мумтаз Маверанахрий 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here