Кытай Тажикстанда мунайды кайра иштеп чыгуучу завод курду

409
0

Кытай Тажикстанда мунайды кайра иштеп чыгуучу завод курду

Кытайдын улуттук мунай-газ корпорациясы Тажикстанда мунайды кайра иштеп чыгаруучу заводдун курулушу аяктаганын билдирди. Аталган завод жылына 300-500 тонна мунай иштеп чыгаары айтылууда. Ал эми заводду курган “TK-Oil”дун 90% акциясы да Кытайдын “Dong Ying heli Investment and Development Co. Ltd” компаниясына таандык. Муну менен катар заводдун жетекчиси да кытай жараны болуп эсептелет. Тажикстан 2018-жылы 446 000 тонна мунайды 310,8 млн. долларга сатып алган.

Мындан көрүнүп тургандай, Кытайдын Борбор Азияга карата экспансиясында Тажикстан алдыңкы сапта бара жатат. Буга чейин Кытайдын ТВЕА компаниясы Тажикстандын карызы үчүн алган «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» алтын кендерин иштете баштаары айтылган. Мындан тышкары да тоо-кен, транспорт тармагында иш алып барган Кытай компаниялары күн санап артып барууда.  

Кытай Орусиянын экономикалык жактан кризиске батуусунан пайдаланып, Борбор Азия  өлкөлөрүн карызга батыруу менен аларды экономикалык ыкма менен колония кылууда. Кытай компаниялары аймакта экономикалык эле эмес, саясий жана аскерий кызыкчылыктарын да жүзөгө чыгара баштады. Маселен, Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери буга чейин Кытайдын Синьзяндагы саясатын колдогон документке кол коюп беришти. Аскерий жактан кызыкчылыгы болсо, Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруучу тендерге катышып, эң арзан бааны сунуштоосунда көрүнүп турат. Кытай муну менен Цинзяндагы коопсуздук саясатын Кыргызстанда да колдонууну көздөмөкчү.
Ошондуктан, Кытай компанияларын инвесторлор деп эмес, Кытай баскынчылыгынын бир куралы катары көрүшүбүз керек.

Андыктан, Борбор Азия мусулмандары өз жетекчилеринин үммөт кызыкчылыктарын Кытайга сатуусун токтотууга чакырышыбыз шарт. Антпесе, бул компаниялар жакында жалаң кытайлардан турган базаларга айланып калуу коркунучу турат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here