Кытай Кыргызстанда адамды кебетесинен тааный турган камераларды орнотот

682
0

Кытай Кыргызстанда адамды кебетесинен тааный турган камераларды орнотот

Кытай Кыргызстанда адамды кебетесинен тааный турган камералар системасын орнотот. Келишим 2019-жылдын 4-мартында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясынын ортосунда түзүлгөн. Долбоор 2018-2022-жылдар аралыгында бир нече баскыч менен ишке ашырылаары айтылууда. Каржы жагы болсо “эл аралык кызматташтыктын” алкагында Кытай тараптан камсыздалат.

Кыргызстандын тышкы карыздарынын тең жарымына жакыны, тагыраагы 1,7 миллиард доллар Кытайдан алынганы белгилүү. Мындан улам, Кытай өлкөдө экономикалык кызыкчылыктарынан тышкары, саясий максаттарын да ишке ашыра баштады. Буга Орусиянын экономикалык жактан алсырап баруусу да чоң мүмкүнчүлүк берүүдө. Ошондуктан, Орусия компаниялары өлкөгө негизинен экономикалык кызыкчылык артынан келип жатса, Кытай компаниялары экономиканын артында саясий кызыкчылыкка көбүрөөк негизделүүдө. Маселен, Коопсуз шаар боюнча өткөн тендердин экинчи айлампасында Кытайдын “Shenzhen Sunwin” компаниясы 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сом сунуштаган. Ал эми долбоордун биринчи этабын ишке ашырып жаткан орусиялык “Вега” компаниясы 4 миллиард 802 миллион 338 миң 446 сом сунуштады.             Кытай бул долбоорлор аркылуу Цинзяндагы коопсуздук саясатын Кыргызстанда да улантууну көздөп жатат. Кытайдын Синьзяндагы айтылуу лагеринде үч миллиондун тегерегинде уйгур, казак, кыргыз, дунган улутундагы мусулмандар “тарбияланып” жатат. Бул лагерге чет өлкөдө туугандары барлар, кытай тилин билбегендер, кытай мыйзамдарын тааныбагандар, исламий баалуулуктарды бекем кармангандар камалат. Аларга мажбур түрдө кытай тили, мыйзамдары, революциялык ырлар үйрөтүлөт жана көпчүлүктүн астында дининен, чет жактагы туугандарынан баш тартуу талап кылынат. Мындай зулумдуктан улам өлкөдөн качып чыккан мусулмандар, Борбор Азия жана Түркияга жайгашышкан. Бул өлкөлөрдөгү акимдердин саткындыктары себептүү алардын ыйманы менен жаны кайрадан коркунуч алдында калууда.

Ошондуктан, Кытай компанияларын биз инвесторлор деп эмес, Кытай баскынчылыгынын бир бөлүгү катары карашыбыз о.э. Кытайдан келип жаткан коркунучту көрүшүбүз зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here