Фарс Булуңундагы киттер согушунда мусулмандардын каны төгүлүп, байлыктары сапырылууда!

305
0

Фарс Булуңундагы киттер согушунда мусулмандардын каны төгүлүп, байлыктары сапырылууда!

2019-жылы 22-июлда Рейтер маалымат агенттиги мындай кабар таратты: «Британия Хармуз кысыгында аскерий-деңиз флоту кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Европа башчылыгында деңиз коопсуздук күчтөрү уюмун түзүүгө чакырды. Андан бир нече күн мурда Иран Британия байрагы астындагы танкерди камакка алган. Лондон бул аракетти «мамлекеттин каракчылыгы» деп атады. Британия тышкы иштер министри Жереми Хант парламент алдында: «Мындай өтө маанилүү аймакта экипаж жана жүктөрдүн кыймылын коргоо үчүн Европа башчылыгында деңиз коопсуздук күчтөрү уюмун түзүүгө аракет кылабыз», – деди. Жереми Хант бул жаңы күчтөр Иранга көбүрөөк басым кылууга каратылган «Кошмо Штаттар саясатынын бир бөлүгү болбойт. Себеби, биз Иран ядролук келишимге ар дайым амал кылып калабыз» деп кошумчалады».

Ко-ош, күрөштүн мындай күч алышы эмнени түшүндүрөт? Мындай коркунуч жана коркутуулардан эмнени түшүнүү мүмкүн? Фарс Булуңунда жана Хармуз кысыгында абалды курчутуу Иранга эмне алып келет? АКШны жана анын Булуңдагы союздаштарын камтыган деңиз коопсуздук күчтөрү уюмун түзүүдөн Британия эмнени көздөп жатат? Иран АКШ ага карата каршы киргизген санкцияларды бекер кылышын, мурда кол коюлган ядролук келишимди кайра тикелөөнү чынында эле каалап жатабы? Мындай саясий жана аскерий манёврдан ким зыян көрөт, ким пайда алат?

Бул суроолорго жооб берүүдөн мурда түпкүлүгүндө Иранга каршы санкция киргизүүдөн эмне көздөлгөнүн, Америка мурда жана кийин эмне кылганын айтып өтөбүз. О.э. бул окуялардан максаты эмне экенин жана ага эмнелер түрткү болгонун баян кылабыз.

  1. Дүйнөнүн бул маанилүү регионунда саясий жана аскерий күрөштөр акыркы жылдарда тынган жок. Мунун бир нече себептери бар: бул регион Саудия, Булуңга, маанилүү жана ири нефть кендерине жакын жайгашып, керектөөчү регион жана Батыштын товар жана өнөр жайына үлкөн керектөөчү базар болуп эсептелет. Хармуз кысыгы өтө маанилүү деңиз өтмөгү болуп, Ирак, Түркия жана Саудия сыяктуу, Жакынкы Чыгыштагы чоң мамлекеттер үчүн талаш зона болуп саналат. Яхудийлер менен мусулмандар ортосундагы күрөштө, яхудийлер менен «тынчтык» амалияты, Сирия жана Ливандагы күрөш сыяктуу маанилүү маселелерде Ирандын таасири күчтүү.
  2. АКШнын экономикалык өкүмдарлыгынан кутулуу үчүн Европа Союзу менен Кытай көп аракеттерди жасашты. Өз кезегинде, Америка да ушул мамлекеттердин үстүнөн көзөмөлдү жана зомбулукту күчөтүүгө аракет жасап жатат. Иран маселеси Американын ушул саясаты алкагына кирип, Американы эконамикалык жана саясий жактан дүйнөгө өкүмдар кылуу максатына каратылган.
  3. АКШ Иранга каршы санкция колдонууга ыңкылап башталгандан бери чакырып келди. Бул санкциялардын негизгиси 2002-жылдан 2012-жылга чейин колдонулду, андан кийин 2015-жылы Швейцариядагы Лозанна келишимине кол коюлду. Ага Россия менен Кытай жана Европа мамлекеттери: Британия, Германия, Франция катышты. Бул келишимдин текстинде мындай делет:
  4. Иран тынч ядролук энергия тармагында эл аралык кызматташууга барат. Бул кызматташуу тынчтык жана ядролук коопсуздук тармактарда кызматташууну, изилдөө алып баруу үчүн атомдук станцияларды жана реакторлорду курууну жана башкаларды өз ичине алышы мүмкүн.
  5. Европа Союзу ядролук программага байланыштуу бардык экономикалык жана финансылык эмбарголорду токтотот. Кошмо Штаттар да ядролук программага байланыштуу бардык экинчи даражадагы экономикалык жана финанасылык эмбарголорду токтотот. Ошол эле учурда, Иран ядролук энергияга байланыштуу милдеттенмелерин атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин көзөмөлү астында аткарууга киришет.
  6. Коопсуздук Кеңеши жаңы резолюция кабыл алат. Резолюцияда ушул кызматташуу програмасы колдоп-кубатталып, ядролук темага байланыштуу мурдагы резолюциялардын баары бекер кылынат, келишилген убактылуу иш-чаралар иштелип чыгат.

Ушул келишимдин артынан Европа мамлекеттери, өзгөчө, Германия менен соода келишимдерине кол коюлду. Германия акыркы он жылда бир миллиард долларга жакын ири соода жана нефть келишимдерине кол койду.

Ушул үч фактыга таянып Америка Иран проблемасын атайылап чыгарганына күбө болуп жатабыз. Мунун артында регионалдык, эл аралык даражадагы саясий жана экономикалык максаттар жатат. Иран биринчи даражадагы максат эмес, ядролук маселе да жок. Балким, бул нерселер саясий жана экономикалык максаттарды ишке ашыруу үчүн шылтоо гана. Мисалы, Иранды ала турган болсок, анын ядролук долбоору эл аралык жана регионалдык тынчтыкка коркунуч салбайт. Себеби, бул долбоор эл аралык көзөмөл астында. Амалий жактан алганда, Иран АКШнын региондогу саясаты алкагынан бир күн да четке чыкпаган, айрыкча, Американын Исламга каршы күрөшү, Шамдагы согушу, мурдагы Ирак жана Афганистандагы согуштарда АКШ саясатынан, анын ири иштеринен кымындай ообой, артта калбай кызмат кылып келүүдө. Ал тургай, Иран Американын региондогу саясий жана аскерий өкүмдарлыгына жардам берип келген. Жада калса, бул чындыкты америкалык ири саясатчылар моюнга алышууда. Эми, массалык маалымат каражаттарында айтылган же айрым ирандык саясатчылардын Фарс Булуңундагы АКШнын саясатына каршы билдирүүлөрүнө келсек, бул биз айткан чындыкты таптакыр өзгөртпөйт. Себеби, Ирандын Куддуста намаз окуу, яхудийлерди жок кылуу, Американы ойрон кылуу сыяктуу сөздөрү – жалган. Америка Ирандын мына ушундай коркутууларынан региондо Европага каршы пайдаланат жана өзүн дүйнөнүн ушул маанилүү регионунда корукчу, полиция кылып көрсөтөт. О.э. Америка мындан бир нече максаттарды көздөгөн:

  1. Европа мамлекеттерин АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясий жана экономикалык көрсөтмө-буйруктарына моюн сунууга мажбурлоо, өзгөчө, доллар өкүмдарлыгына каршы чыкпоого, Кытай менен Россияны биргеликте доллардан кутулууга аракет жасабоого мажбурлоо. Айрыкча, Германияга санкция колдонуу менен коркутуу. Себеби, ал ар дайым Америка саясатына каршы саясат алып барат. Германиянын мындай саясатына мисалдар: Украинанын Европа Союзуна кошулушун колдоп-кубаттоо, коммуникация тармагында Кытай менен кызматташуу, Тегеран менен мамиле кылып жаткан немис компанияларына кредит кепилдиктерин берүү, АКШ аскерий деңиз флоту кызматташтыгына кошулбоо…
  2. Европа малекеттерин аскерий жактан Булуң баткагына тартуу жана жол кыймылы полициясынын кызматын бир гана АКШ кыла алат деген нерсенни тыгыштыруу. Учурда, Европанын аскерий жана соода кемелерине атайылап көптөгөн проблемаларды жаратып жаткан – бул Америка. Акыбетте, Америка Европаны коргоо жана Иран коркунучуна каршы күрөш коалициясына кошулууга мажбур кылат.
  3. Европаны экономикалык жактан башы менен аягы белгисиз жана Европа мамлекеттери чече албай турган маселеге тыгыштыруу. Буга Иран позициясынын кескиндиги жана күрөшкө чакырып, ага жооп кайтаруу себеп болот. Арийне, Европа өзүнүн экономикалык көлөмү канчалык экенин жана ушул долбоорлорду аткаруу үчүн Америка жана регион мамлекеттерине муктаж экендигин сезет.

Американын мындан башка пландап жаткан максаттары да бар: Америка долбоорлоруна кызмат кылган араб мамлекеттери коалициясын түзүү, ушул жасалма коркутуу аркылуу Булуң мамлекеттерин финансылык шантаж кылуу… О.э. Америка яхудийлерди Фалестин маселесин чечүүдө анын планы алкагында аракет кылууга мажбур кылууну, аларда бизди Америка гана коргой алат деген түшүнүктү пайда кылууну да максат кылган.

Европа мамлекеттеринин, негизинен, Британия, Германия жана Франциянын реакциясына келсек, бул мамлекеттер Америка эмне кылмакчы экенин жакшы билишет. Иран менен болгон соода жана нефть келишимдери бекер кылынса, бул Европа экономикасына канчалык чоң зыян алып келишин жакшы түшүнүшөт. Жаңы келишимге кол коюлса, Америка андан каалагандай пайдаланышын жана каалаган нерсесин эл аралык коомчулукка зордоп тыгыштырышын… жакшы билишет. О.э. Булуңдагы абалдын курчушу эмнени түшүндүрүшүн да, муну ким кылып жатканын да билишет. АКШ өз флотун Иран менен толук келишип алып Булуңга алып киргенин да, Иран абалды татаалдаштырып жатканы АКШга каршы каратылган эместигин да жакшы түшүнүшөт. Иран Булуң деңизинде көп реакция билдиришин, негизги бута Европа мамлекеттери болушун да билишет. Ошол эле убакта, бул мамлекеттер артында АКШ турган ар кандай проблемаларга каршы күрөшүүгө кудуреттүү эмес экендиктерин, алардын коалициясы узак убакыт ийгиликке жетише албашын да өтө жакшы билишет.

Өкүнүчтүүсү, бул киттердин өз ара күрөшү жана согушунун отуну мусулмандардын байлыктары жана малдары болууда… Американын кызыкчылыгы үчүн колдонулган экономикалык эмбарголордун зыянын мусулман калктар тартууда.

Мусулман өлкөлөрүндөгү бул жана башка көптөгөн окуялар мусулман өлкөлөрү калктарын АКШга кулдук кылуу кишенинен азат болууга үндөшү керек. Бул үчүн, оболу, Америка курал катары колдонуп жаткан акимдерден кутулуу зарыл. Ошондуктан, бул калктар, эгер жакшы жашоону каалашса, анда, мусулман өлкөлөрүндөгү рувайбизаларга кол шилтеп, кудум таза денеден сасык кийимди чечип таштагандай, алардан бүтүндөй баш тартуу кажет. Себеби, Ислам Умматы таза. Таза болгону үчүн Аллахтын Китеби жана Расулунун сүннөтү менен өкүм жүргүзүлүшүнө, өтмүштө болгондой, таза акимдердин башкаруусуна ылайык.

Роя гезити, №247, 2019-жыл, 14-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here