Разаков: Сох анклавын Өзбекстан менен туташтырган жол ачылган жок

438
0

Разаков: Сох анклавын Өзбекстан менен туташтырган жол ачылган жок

“Азаттык” радиосунун кабарына таянсак, Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган Сох-Риштан жолу ачыла элек. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөнү Өзбекстан менен байланыштырган жолду ачуу боюнча бир топ маселелер бар.

Аталган зонада жумуш абдан көп. Биринчи иретте, Евразия Экономикалык Биримдигине байланышкан иштерди жасашыбыз керек. Бул уюмдун алкагында Кыргызстанга жүктөлгөн милдеттердин алкагында ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелери бар. Мына ушул жумуштар аягына чыкканга чейин жолду ача албайбыз деди Разаков.

Буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматы Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолдун ачылыш аземинен видео тасма жарыялаган. Анда жолдун ачылышы боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, кыргызстандык жарандар катышканын көрүүгө болот.

Комментарий:  Кыргызстан жана Өзбекстандын бийликтери бирер ички ишти же өз ара мамиледеги иштерди өз калкынын кызыкчылыгынан келип чыгып чече алышпайт. Алар ЕАЭБ (Россия), БУУ (Америка) сыяктуу мамлекеттердин кызыкчылыгы же көрсөтмөсү негизинде иш кылышат.

Эки өлкө ортосундагы жасалма чек аралар эки тарапка тең зыян жеткирип жатканы жашыруун сыр эмес. Эгерде ортодогу чек аралар алынса, мамлекет жана жарандар үчүн материалдык, моралдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр эшиги ачылмак. Бирок, бул мамлекет башчылар дүйнөлүк башкаруу системасынын көзөмөлү астында өкүм жүргүзүшөт. Жалаң гана ири мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоочу эл аралык мыйзамдарды, же кожоюндарынын жашыруун көрсөтмөлөрүн аткарып, кыянаттык менен өз калкын алдап келишет.Алар чек араларды алып салуу, экономикалык өнүгүүнүн кепилдиги болгон оор өнөржайды өнүктүрүү, өлкөнү душмандан коргоо үчүн курал-жарак жана аскерий техника чыгаруу тармагын өнүктүрүү сыяктуу иштерди ойлонууга да батынышпайт.

Разаков “ЕАЭБдин шарттарын аткарышыбыз керек” дегенде, фитосанитардык лаборатория жоктугун шылтоолоп жатат. Негизи, Кыргызстан тарапта чек ара шарттарын түшүндүрүүчү атайын көзөмөл жабдыктары, тикендүү зымдар жок, башкача айтканда, чек аранын өзү жок! Кыскасы, Кыргызстанга кирүүчү жолдорду гана тосуучу чек ара постторунан башка атайын чек ара тосмолору жок!

Өлкөгө тышкарыдан кирип келе жаткан азык-түлүктөрдүн бири да фитосанитардык лабораториядан өткөн эмес. Демек, ал товарлардын сапатына жана коопсуз экендигине ишеним жок! Мисалы, Россиядан келип жаткан көптөгөн товарлар жарактуулук мөөнөтү өтүп кетип, кайрадан мөөр басылып же ошол бойдон келип жатат.Аларды текшере турган лаборатория болбогон соң, коопсуздук үчүн аларга тыюу салынышы керек. Бирок, иш элдин коопсуздугу негизинде жүрүп жаткан жок! Алар элдин кызыкчылыгы деген нерсени өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн маска кылып алышкан.

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here