Аданда жүз берген жана жүз берип жаткан иштердин маңызы!

50
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Аданда жүз берген жана жүз берип жаткан иштердин маңызы!

Суроо:

Аданда жүз берген жана жүз берип жаткан иштердин түпкү маңызы кандай? Хадий Зубайдийди Аданга мэр кылып дайындаган болсо, Зубайдий Кеңеши менен Хадий өкмөтү ортосунда эмне үчүн согуш болуп жатат. О.э. Зубайдий мэрлик кызматынан бошотулган соң, Хадий өкмөтү ага каршы эч кандай чара көрбөдү, тескерисинче, ал өкмөттүн көз алдында беймарал күчтөрдү топтоп жатат?! Өткөөл Кеңеш Аданды ээлеп алышы артынан эмне күтүлөт?! Сизге урматтоо менен ыраазычылык билдиремин.

Жооб:

Жооб толук болушу үчүн ушуларды баян кылуубуз зарыл:

Биринчи:

Британия Саудиянын «Чечкиндүүлүк бороону» деген аба чабуулдары Хусийлерди биротоло жок кылуу үчүн болбогонун амалият башталганда эле түшүнүп жеткен. Эгер, аларды жок кылуу керек болгондо, Саудия кургактык күчтөрүн шексиз киргизмек. Тескерисинче, Хусийлер Яманды аскерий учактардын чабуулунан коргоп жаткан каармандар, ошол эле учурда, мазлумдар катары көрүнүшү, ушул аркылуу элдин да, коомчулуктун да колдоосуна жетишип, Яман бийлигинен бирер үлүшкө шерик болушу көздөлгөн. О.э. эгер Саъда вилаятынын колдоосу алынса, бул вилаятта бир уруу болуп келген Хусийлер бүткүл Яманда өкмөт менен атаандашкан күчкө айланат! Британия мына ушуларды жакшы билгендиктен, Амирликтерге «Чечкиндүүлүк бороону» коалициясына кошулуп – Хусийлерге каршы үстүртөн эмес, реалдуу согуш алып баруусу үчүн – Саудия менен бирге болуу вазыйпасын жүктөдү… Британия эки максатты көздөп Амирликтерди бул ишке киргизди:

Биринчи максат:

Амирликтер Хадийге альтернатива жаратып бериши керек. Себеби, бүгүнкү күндө Хадий Саудияда кудум туткун сыяктуу жашап жатат, күчү да, кайраты да жок. Ошондуктан, Британия Аданда Хадийдин ордуна – Саудияга эмес, Британияга итаат кылган – башка бир малай жаратууга умтулуп жатат. Ушул максатта Амирликтер арты-артынан альтернативаларды издеп табууга киришти. Белгилүү болгондой, 2007-жылы өзүн «Яман түштүгү» деп расмий жарыя кылган Түштүк кыймылы бар. Оппозициячыл активист Хасан Баум жетектеген бул кыймыл Америка менен алака кылат жана Иран тарабынан колдоп-кубатталат. Британия болсо, бул кыймылдын аракетинен тынчсызданган, акыры, Салих өлтүрүлгөндөн кийин Британиянын тынчсыздануусу коркуу даражасына чыкты. Себеби, түндүктө Хусийлердин таасири кеңейиши акыбетинде Британиянын ал жердеги таасири алсырады… Ошондуктан, ал Түштүктө өзүмө бирер күч пайда кылышым керек, ошондо Яман башкаруусунда көзүр картага ээ болушум мүмкүн, эгер Яман башкаруусуна ээ боло албасам, эч болбогондо түштүктө ээ боло аламын деген чечимге келди. Ушул себептен улам, Британия өзүнө Түштүктө таасир жаратуу жөнүндө олуттуу ойлоп баштады. Британия Хадийге толук таяна албаган, себеби, Саудия аны туткундукта кармап турат. Ошондуктан, Британия бул ишти Амирликтер аркылуу кылууга киришти. Т.а. Түштүк кыймылына жарып кирүүнү же сахнада негизги роль ойногон жаңы кыймылды пайда кылып, Түштүк кыймылын четке чыгарууну чечти. Кийин Британия Амирликтер жана анын тарапташтары аркылуу Баум кыймылына параллель болгон жана түштүк маселесинде атаандаша турган дагы бир түштүк кыймылын түзүүгө катуу аракет кылды.

Ушул жерде англистердин бактысына Айдарус Зубайдий табылып калды. Түштүк кыймылындагы белгилүү жетекчилердин бири болгон бул кимсе англистердин командасына жакын. Хадий аны 2015-жылы декабрда Аданга мэр кылып дайындаган. Т.а. Саудиянын «Чечкиндүүлүк бороону» башталгандан нече ай өтүп Зубайдий мэрликке дайындалышы англистер ага катуу ишенерин түшүндүрөт. Айдарус Зубайдийге Аданда шаардын ийгиликтүү мэрине айланды, электр жарыгын кайра жолго койду, куралдуу кылмышкерлерди кууп чыгарды, Хусийлерге каршы күрөштү… Ал ушундай ийгиликтери менен Түштүк кыймылындагы тарыхий жетекчи Хасан Баумга тек келе турган белгилүү саясий жетекчи катары белгилүү болду. Бул саясий жактан. Аскерий жактан болсо, Айдарус Зубайдий Ханий ибн Бурайкка таянат. Бурайк «Түштүк куру» күчтөрүн түзгөн адам, ал Амирликтердин түштүктөгү ишенген адамы деп каралат: «Бурайк «Түштүк куру» деп таанылган күчтөргө негиз салды. Бул күчтөр Яман түштүгүндө ачык-ашкере Амирликтер тарабынан колдоп-кубатталган согушкерлер». (Sasapost.com, 2017-жыл, 2-ноябрь). Ошентип, Зубайдий менен Бурайк экөөсү Түштүктөн кызыкдар. Бирок, экөөсү англиячыл Хадий өкмөтүндө болушкандыктан, экөөсү Түштүк кыймылына чакырышса, кадыр-барктуу боло алышпайт. Ошондуктан, биринчи кадамда экөөсү тең ашкере түрдө Хадий өкмөтүнөн чыгарылды. Айрыкча, Зубайдий Хадий тобу менен катуу жаңжалдашып, кийин анын айланасында түштүктүктөр топтолуп, жаңы кыймыл түзүлө турган болду. 2017-жылы 27-апрелде Яман президенти Айдарус Зубайдий Адан мэрлигинин кызматынан, Ханий ибн Бурайк министр кызматынан бошотулсун, Бурайкка карата тергөө башталсын, деген мазмунда токтом чыгарды. Токтом артынан эле каршылык көрсөтүп миңдеген ямандыктар Түштүк Аданда нааразылык демонстрациясына чыгышты. Кийин 2017-жылы 11-май күнү Зубайдий Түштүк өткөөл кеңешине төрага болуп дайындалганы, Ханий ибн Бурайк 26 мүчө менен кеңештин төрагасынын орун басары болору жарыяланды. Ошентип, Британия амирликтер аркылуу Хадий өкмөтүнө альтернатива жаратты. Бул альтернатива Өткөөл кеңеш болуп, Британия аны убагы келгенде ишке салат. Кеңеш Амирликтердин армиясы тарабынан корголгон абалда аброй менен Аданда калды.

Экинчи максат:

Хадиданы Хусийлерден азат кылуу:

а)   Амирликтер Яманга абадан да, кургактыктан да кирген. Себеби, кургактыктан аралашуу болбосо, абадан аралашуу согушту чече албайт. Ошондуктан, Амирликтер өз күчтөрү менен бирге Хадидадагы жардамчыларын да согушка үндөдү, эгер, АКШ гуманитардык жардамдар деген шылтоо менен ага каршылык кылбаганда, Хадиданы Хусийлердин чеңгелинен сууруп алышына аз калган эле. Эми, эмне үчүн Хадида мынчалык маанилүү экенине келсек, Британия Хусийлерди негизинен Иран колдоп-кубаттап жатканын билет, Санъа аэропорту жабылып, Түштүк порттору көзөмөлгө алынгандан кийин, Иран үчүн Хусийлерге жардам жеткирип бериле турган жалгыз өтмөк Хадида болуп калды десе болот. Ошондуктан, Амирликтер Хадиданы ээлөөгө багыт алды… Хусийлер кыйын абалда калышты. Себеби, Амирликтер тарабынан колдоп-кубатталган күчтөр Хадидага жана анын порту жанына келип, ал жерлерди басып алышы мүмкүн болуп калды. Хадидада согуштар болуп, Амирликтер жана андан жардам алган согушкерлер Хадида портун ээлеп алышынын ыктымалы пайда болуп, Хусийлердин Ямандагы бийлиги коркунуч астында калды. Ошондуктан, Абдулмалик Хусий болгон күчтөрүн ушул коркунучту жоюуга сапарбар кылды. АКШ да бардык жооптууларын сапарбар кылып, Яманда гуманитардык абал коркунуч астында калды, ал жердеги ачарчылыкты алдын алуунун бирден-бир жолу Хадида порту деп жалгандан көз жаш төгүп баштады. Негизи, Амирликтер жана анын жергиликтүү союздаштары чабуулдарды күчөтүү, Хадиданы толук ээлөө максатында эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү издешкен. Кала берсе, Амирликтердин Хадидадагы чабуулун токтотуу Америка үчүн чоң проблемага айланды. Себеби, бул шаар Хусийлердин колунан чыгып кетсе, алар туңгуюкта калышат!

б)   Кийин Истамбулда саудиялык журналист Хашакжийдин өмүрүнө кол салынган жырткыч кол салуу окуясы жүз берди. Бул окуя эл аралык чөйрөдө Саудияга о.э. аны коргогон Трампка карата кескин чөйрө пайда кылды. Ошондо, Америка коомчулукту мындай эл аралык чөйрөдөн чалгытып, белгилүү бир даражада Хашакжий темасын жаба турган жана Саудия менен Трампты оңтойсуз абалдан чыгара турган теманы т.а. Яман темасын көтөрүп чыгуу керек деген пикирге келди. Кийин АКШ Сенаты Американын Ямандагы согушту аскерий жактан колдоп-кубаттоосуна чекит коюуга добуш берди. «Сенат Ямандагы Саудия башчылыгында алып барылып жаткан кампанияны аскерий жактан колдоп-кубаттоону токтотууну 41 добуш каршысында 56 добуш менен макулдады». (Рейтер, 2018-жыл, 14-декабарь). Ушуга ылайык, Саудияны эл аралык туңгуюктан чыгаруу жана Хашакжий маселесин жабуу үчүн Америка Яманда отуз күн ок атууну токтотууга чакырды… «АКШ Коргоо министри Жеймс Мэттис Ямандагы күрөшүп жаткан тараптардан отуз күн ок атууну токтотууну жана өлкөдөгү согушка чекит коюу үчүн олуттуу сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылды. Ал «Яманда бири-бирине каршы согушуп жаткан тараптарга тынчтыкка карай кадам таштоонун убагы келгенин» баса белгилеп: «Муну ишке ашырышыбыз үчүн бизге отуз күн керек, менин оюмда, Саудия менен Амирликтер бул жаатта кадам таштоого даяр», — деди». (Халиж онлайн, 2018-жыл, 31-октябрь).

в)   Мунун артынан Яман темасын чечүү үчүн Швеция келишимине кол коюлду. Британия бул нерселерди түшүнүп жетти, бул келишимди АКШ Хусийлер пайдасына багыттап турганын билген. Сүйлөшүүчү тараптын биринчиси Хусийлер болсо, экинчиси Саудиянын буйругуна моюн сунган Хадий. Кабарларда келишинче, өкмөт делегациясы келишимге кол койбошу керек, себеби, анда Хусийлерди Хадидадан чыгаруу маселеси каралбаган деп эсептелүүдө. Бирок, Саудиянын басымдары астында Хадий ыраазы болду! «Булактар Ал-Жазирага маалымдашынча, өкмөт делегациясы Риязда жашап жаткан Хадийге кат жиберип, келишимге кол койбоону дайындап, келишимде Хусийлердин Хадида шаарынан жана портунан чыгып кетиши камтылбаганын билдирди. Бирок, Яман президенти акыркы сааттарда Саудия тарабынан катуу басымдар болгон соң келишимге кол койду». (Ал-Жазира, 2018-жыл, 13-декабрь). Табигый болгондой, Америка келишимди ашкере алкыштады. «АКШ мамлекет катчысы Помпео «Яманда тынчтык орношу мүмкүн» деп эсептеп, келишимге кол коюлганын алкыштады». (Би-Би-Си, 2018-жыл, 14-декабрь). Хусийлер Хадидадан чыкпастан келишимге кол коюшу Америка үчүн маанилүү эле. Себеби, ал сүйлөөшүүчү тараптар т.а. Хусийлер да жана Саудияда туткундукта жашап жаткан Хадий да анын көрсөтмөсү боюнча жүрөт деп ойлогон.

Экинчи:

Ушул жерде Британия Хадийдин альтернативасын ишке түшүрүүнүн убагы келди деп билди. Мисалы, Америка түндүктө Хусийлерди бекемдөөгө жетишсе, англистер түштүктө Хадийдин альтернативасын даярдап койгон болот. Т.а. бул ушундай альтернатива, Америка да, анын малайы Саудия да туткунда сактап жатышкан англис малайы жардамында Хусийлер менен бирер чечимге келе албайт. Балким, түштүктөгү англистердин малайларынын аракетине күбө болушат, бул малайлар Саудия да туткунда кармап тура албай турган, Британия пайдасына гана иштей турган күчтүү тикендүү аракет экенине күбө болушат. Муну менен Британия Яман темасын чечкен болот. Ошентип, Адан окуяларын баштоо үчүн альтернатива т.а. Зубайдий кеңеши аракетке келтирилди.

  1. Аданда жүз берген соңку окуялар атайылап ылдамдатылды жана бул нерсе анык байкалып турат! Т.а. Түштүк өткөөл өкмөтү менен Адандагы мыйзамсыз өкмөт күчтөрү ортосунда абал курчуду, кийин 2019-жылы 7-августта «Коопсуздук тасмасы» менен өкмөт күчтөрү ортосунда кагылышуулар болду… Кагылышуулардан төрт күн өтүп, 2019-жылы 10-август күнү ушул билдирүү ачкталды: «Кагылышуулардан төрт күн өтүп, ишемби күнү Түштүк өткөөл кеңеши Адандагы Маашик сарайын ээлегенин жарыялады». (Франс 24, 2019-жыл, 10-август). О.э. Адандагы башка аскерий бөлүк жана мекемелер да Хадий өкмөтүнүн колунан чыкты!
  2. Бул окуялардын төрт күн ичинде тездешип кетишине Хадий өкмөтү, анын аппараты, республика президенти жана анын орун басары Британиянын малайлары экендиги да жардам берди. Себеби, алар Түштүк өткөөл кеңешине Британия тарабынан жүктөлгөн вазыйпанын аткарылышына ыңгайлуулук жаратып берип турушту! Ушул таризде Кеңеш маселени бир жактуу кылуунун өтөөсүнөн чыкты жана мунун бир нече далилдерин келтирип өтөбүз:

а)   «Коопсуздук куру күчтөрүндөгү бир расмий булак: «Биз Маашик сарайын президенттик күчтөрүнөн каршылыксыз алдык», деди». (Франс 24, 2019-жыл, 10-август).

б)   «Яман ички иштер министри Ахмад Майсарий – Яман президенти Аданда жүз берип жаткан окуяларга унчукпай турушу күмөн ойготууда, бул туура эмес, деди». (Ал-Жазира, 2019-жыл, 11-август).

в)   «2019-жылы 10-август күнү Яман өкмөтүнүн атайын күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Базл Баиш армиядан бөлүнүп чыгып, Өткөөл өкмөттүн күчтөрүнө кошулганын жарыялады. Ушул күчтөр тарабынан таркатылган видеодо ал мыйзамдуу өкмөт куралдуу күчтөрдөн бөлүнүп, өзү кошуундары менен биргеликте генерал-лейтенант командачылыгы астындагы Түштүк өткөөл кеңешине кошулганын айтты». (Middlie Tast online, 10-август).

г)   Мындан тышкары, Амирликтер да чоң роль ойноду. Кудум кожоюнуна окшоп алдады… Себеби, Зубайдийди эң көп колдогон Амирликтер болот! Мисалы, ал Саудия пландарына каршы бирер иш кылса, тезинен артынан – биз Саудия жетекчилигиндеги коалицияда шериктешпиз деп билдирүү берди! Экөөсү тең Яман туруктуулугу үчүн «аракет кылышат»!

Үчүнчү:

Саудия абал – айрыкча хаж мезгилинде – мынчалык курчуп кетет деп ойлобогон көрүнөт. Ушул себептен улам, 2019-жылы 10-август күнү кечкурун Өткөөл кеңеш Аданды ээледи… Мына ошондо Саудия буга карата чара көрүүгө киришти. Мисалы:

а)   «… Кече кечкурун Ямандагы мыйзамдуулукту колдоп-кубаттаган коалиция Адан шаарындагы бардык аскерий уюмдарды жана мекемелерди, Түштүк өткөөл кеңешминин күчтөрүн жана ал жерди көзөмөлдөп жаткан «Коопсуздук куру» күчтөрүн тезинен өз жайларына кайтууга, акыркы күндөрдө басып алган жайлардан чыгып кетүүгө, жеке жана эл мүлкүнө кол салбоого чакырды. О.э. коалиция өткөн түнү саат 01:00ден баштап Ямандын убактылуу борбору Аданда ок атууну токтотууга чакырды, коалиция күчтөрү бул чакырыкка каршы чыккан ар кандай тарапка аскерий күч колдонорун баса белгиледи. Мөөнөт башталгандан бир нече мүнөт өтүп, Түштүк өткөөл кеңеши ок атууну токтотууга макул экенин жарыялады жана Рияз чакырыгына жогору баа берди». (Шаркул Авсат, 2019-жыл, 11-август). Ага карабастан, «Кеңеш төрагасынын орун басары Ханий Али Бурайк Твиттер аркылуу кеңеш коалицияга моюн сунууну улантарын, бирок, мындай коркунуч астында сүйлөшүү болбошу керектигин баса белгиледи. Араб коалициясындагы бир расмий булак убактылуу өкмөттүн ок атууну токтотуу жөнүндөгү билдирүүнү «жакшы» деп баалады, бирок, курал жардамында көзөмөлдөнүп жаткан жайлардан чыгып кетүү зарылдыгын эсепке алганда, бул чакырык жетиштүү эмес, деди. Ага ылайык, «Өткөөл өкмөт күчтөрү чыгып кетип, өз объекттерине кайтары менен Яманда тараптар ортосунда жолугушуу болушун маалымдады». (Индепендент, 2019-жыл, 11-август).

б)   Коалиция жарыясын ишеничтүү жарыяга айлантуу үчүн, объекттердин бири бутага алынды: «Яман борбору Адандагы мыйзамдуу өкмөткө каршы сепаратист күчтөр коркунуч эсептеген аймактардын бири бутага алынды. Коалиция бул мындай иште биринчи ирет ишке ашырылган амалият экенин, ок атууну токтотуу жөнүндөгү билдирүүгө амал кылынбаган абал жүз берсе, бул бутага алуу дагы уланышын, себеби, билдирүүдө баш ийбегендерге күч колдонулушу менен эскертилгенин баса белгиледи». (Арабия, 2019-жыл, 11-август).

в)   Араб мамлекеттери коалициясындагы расмий булак билдиришинче, Түштүк өткөөл кеңеши аларга караштуу объекттердин бири коалиция тарабынан бутага алынгандан кийин Адандагы көзөмөлдөп жаткан айрым региондордон чыгып кете баштаган.

Төртүнчү:

Эми, эмне болору жөнүндөгү божомолго келсек, эки нерсенин бири болушу мүмкүн:

Биринчи божомол: эки тарапты сүйлөшүүгө чакырган Саудия Зубайдийди жана анын кеңешин – кудум Хадий жана анын өкмөтүн кылгандай – көзөмөлгө алууга аракет кылат. Бирок, бул оңой иш эмес. Себеби, Британия Хадий Саудиянын көзөмөлүнө түшүп калгандыктан ушул кеңешти түзгөн, ошондуктан, Хадий маселесинде кулаган орго кайра кулоо жүз берилишине жол бербейт. Көбүрөөк божомол, Саудия Зубайдийге жана кеңешине карата алдап тузакка түшүрүү саясатын колдонот т.а. өкмөттө кеңири укуктарды берүү, Хадий өкмөтүнө кошулуу менен алдайт, Хадийдин укуктары Зубайдийдин укуктарына караганла аз болот, Зубайдий болсо, абройду сактап калуучу катары өкмөткө премьер-министр болуп калат, Зубайдий эгер буга ыраазы болбосо, ага каршы аскерий чабуулдар кылуу менен коркутат. Король Салмандын 2019-жылы 12-августта Абу Даби канзадасы менен жолугушуусу да, иштерди мурдагы абалына кайтаруу максат кылынган болушу мүмкүн. Себеби, Саудия Зубайдий жетектеген Өткөөл Кеңештин артында Амирликтер турганын жакшы билет.

Экинчи божомол: эгер Өткөөл Кеңеш макул болбосо, кийин Саудиянын аракеттери ийгиликсиздикке учураса, Британия Яман ишине түздөн-түз аралашат… АКШ менен сүйлөшүү өткөрүп, Өткөөл кеңешти Хусийлер менен сүйлөшүүгө үндөөнү, ушул аркылуу Хусийлерге өкмөттөн абройлуу үлүш берилишин Америкага убада кылат. Хусийлердин саясий бөлүмүнүн мүчөсү Мухамад Бухайлинин өзүнүн Фейсбук баракчасында тараткан чакырыгы да кокустук эмес. Өткөөл кеңеш Аданды ээлеши артынан жана Саудия тараптарды сүйлөшүүгө чакырышы менен бир убакта билдирилген анын чакырыгында мындай делет: «Биз бардык саясий уюмдарды, өзгөчө, Ансаруллах, Конгресс партиясы, Ислах партиясы, Өткөөл кеңеш сыяктуу башка уюмдарды Яман согушуна чекит коюу үчүн сүйлөшүү столуна отурууга, баарын өзүндө камтуучу жаңы Өткөөл өкмөттү түзүп, кийин келишим долбооруна келишип алууга чакырабыз».

Ошентип, мына ушундай бир чечимге чөйрө даяр көрүнөт. Себеби, Америка Швеция сүйлөшүүлөрү алдынан ачыктаган билдирүүлөрүнөн көрүнүп тургандай, Яман маселесине чекит коюуну каалоодо. Саудия да Яман баткагынан чыгууну каалап жатат. Британия болсо, Саудияга итаат кылбай, өзүнүн буйругу боюнча аракет кыла турган адамды колго киргизди жана ушул себептүү да сүйлөшүүлөргө ыраазы болуп жатат, иштери мурдагы Хадий туткун болуп калгандай уланышын каалабай жатат. Качан АКШ менен Британия биргеликте чечимге келишишсе гана, аны Хусийлер, Өткөөл кеңеш жана Саудия сыяктуу малайлары аткарышат. Бирок, капиталисттердин ар кандай чечим алдында эксплуатация, алардын канында болгон утилитаризм-кызыкчылык назариялары тоскоолдук болот. АКШнын да, Британиянын да баштапкы вазыйпалары мына ушул ортоктош чечим эмес. Балким, экөөсүн бул чечимден мурда кызыктыра турган маанилүү нерсе – ушул чечим өз кызыкчылыктарына ылайык келиши. Ушул себептүү, өз ара сүйлөшүүлөрү созулуп кетүүдө… Хусийлер, Хадий жана кеңеш болсо, күтүп жатышат!

Бешинчи:

Бирок, маселенин биз үчүн кайгылуу тарабы Яман калкы маселеси. Эгер, алар Аллах Субханахуга калыс жана Расулу ﷺга садык турушса, өз маселелерин өздөрү чечүүгө кудуреттүү. Жетишет, качанга чейин проблемаларынын чечимин душмандарга тапшырып коюшат?! Бул кафир колонизаторлор Яман маселесин мусулмандардын каны аркылуу чечүү жолдорун издеп жатышат, кийин төгүшкөн ушул кандарды кечип жүрүп, өз кызыкчылыктарына ылайык чечимди тандап жатышат. Алардын мусулмамн өлкөлөрүндөгү малай акимдери жана тарапкерлери да караңгылык баткагына дагы да батышууда. Болуп жаткан бул сыяктуу окуялар кудум мусулмандар өлкөлөрүндө эместей, бүтүндөй башка мамлекеттерде болуп жаткандай! Бул акимдердин биздин маселелерибизди кафир колонизаторлордун колуна тапшыруулары ушундай бир чоң күнөө болуп, аны кылган кимселерди бул дүйнөдө кордук, ахиретте катуу азап күтөт.

﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾

«Жакында мындай кылмышкерлерге жасап өткөн айла-амалардары себептүү Аллах алдынан кордук жана катуу азап жетет»                                                                                 [6:124]

                                                                                                             12-зул-хижжа, 1440-х.

                                                                                                                   13-август, 2019-м.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here