Өзбекстан улуттук банкы Кытайдын өнүгүү банкы менен 309 миллион доллардык келишим түздү

433
0

Өзбекстан улуттук банкы Кытайдын өнүгүү банкы менен 309 миллион доллардык келишим түздү

 Кабарда келишинче, Кытайдын өнүгүү банкы кызматташтык жылдары Өзбекстанга бир нече жолу кредиттик линияларын сунуштаган. Ушул аркылуу Өзбекстан улуттук  банкы 460тан ашуун кичи бизнес жана жеке сектордогу ишкердик долбоорлорун каржылаган. Анын ичинде, жалпы баасы 655 млн. долларды түзгөн 6 кредиттик линиялар өздөштүрүлгөн.

2019-жылдын 26-августунда Өзбекстан-Кытай эл аралык кызматташтык комиссиясынын 5-жыйыны алкагында Өзбекстан улуттук банкы менен Кытайдын өнүгүү банкы ортосунда “Өзбекстан аба жолдору” улуттук авиакомпаниясынын самолёт паркын модернизациялоо долбоору боюнча 309 миллион доллардык келишим түзүлдү.

Комментарий:Борбордук банктын отчётуна таянсак,2019-жылдын биринчи чейрегинде Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 19,6 млрд долларга барабар болгон. Өзбекстандын тышкы карызынын эң чоң бөлүгү Кытайдан болуп, жалпы карыздын 21%ын түзөт.

Кытай акыркы 10 жылда өнүгүп келе жаткан жана өткөөл мезгилдеги мамлекеттерге кредит берүүнү күчөттү.Кытай кредиттеринин бир өзгөчөлүгү, кредиттер негизинен кытайлык компаниялар ишке ашыра турган ири долбоорлорго берилет. О.э.ал долбоорлордо иштеп жаткандар да негизинен кытайлыктар болушу керек. Мындан тышкары, карыз алган тарап милдеттенмелерди аткара албай калган учурда Кытай курулган объекттерден пайдалана баштайт. Мисалы, Шри-Ланка жаңы портту куруу үчүн алган карызын төлөй албагандыктан, ал порттуу 99 жылга Кытайга тапшырууга мажбур болду. О.э. Тажикстан да Тоолуу Бадахшан автаномиялуу облусундагы 1500 кв. км жерин карызы үчүн Кытайга тапшырууга мажбур болду.

Гарвард жана Мюнхен университеттеринин профессорлору өткөргөн изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча, Кытайдан эң көп карыз алуучу 50 мамлекеттин тизмесине Белорусия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирген. Эксперттердин маалыматына ылайык, Кытай башка мамлекеттерге берген кредиттердин жалпы көлөмү 5 трлн. долларга жакындады. Бул цифра Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун портфелинен эки эсеге көптүк кылат. Кытай ири карыз берүүчүгө айланып, ушул аркылуу экономикалык экспансиясын күчөтүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here