АКШ менен “Талибан” Афганистандан чет элдик аскерлерди алып чыгып кетүүнүн мөөнөтү боюнча келишип алышты

627
0

АКШ менен “Талибан” Афганистандан чет элдик аскерлерди алып чыгып кетүүнүн мөөнөтү боюнча келишип алышты

АКШ жана “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Дохада болуп өткөн сүйлөшүүлөрдө Афганистандан чет өлкөлүк аскерлерди алып чыгып кетүүнүн убактылуу көрсөткүчтөрү боюнча келишип алышты. Бул тууралуу Пакистандын Doon гезити кабарлады.

 Талиптердин өкүлү Сухайл Шахин: “Биз аскерлерди алып чыгып кетүүнүн убактылуу алкагы боюнча келишип алдык. Эми аны ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, – деди. А бирок, эки тарап тең аскерлерди алып чыгып кетүүнүн мөөнөтү тууралуу ачык маалымат бербеди.

Кабарда келишинче, Вашингтон бул жааттагы келишимге 1-сентябрга чейин кол коюлушунан үмүттөнүүдө.

АКШ менен “Талибан” аскерлерди алып чыгып кетүү, ок атууну токтотуу жана ички проблемаларды жөнгө салуу боюнча сегиз жолугушуу өткөрдү.

 Комментарий: Белгилүү болгондой, АКШ өзүнө керек болгон учурда жийиркеничтүү ыкмаларды ишке салуу үчүн ар дайым кош стандарттуу саясат жүргүзөт. Расмий Вашингтон “Талибан” кыймылына карата да кудум ушул негизден туруп мамиле билдирип келет.

 АКШ каржы министрлиги “Талибан” кыймылын террорчу уюмдар түркүмүнө киргизип, ага карата санкцияларды колдогон. О.э. АКШнын улуттук антитеррор борбору да “Талибан”ды террорчу уюм деп эсептейт.

 Бирок, АКШ мамлекеттик департаменти“Талибан” кыймылын “чет өлкөлүк террорчу уюмдар” тизмесине киргизген эмес.

Америка “Талибан” кыймылын аскерий жол менен жок кыла албаган соң, кайрадан эски ыкмасын ишке салды. АКШ мамлекеттик департамент“Талибан” кыймылын “террорчу уюмдар” тизмесине киргизбегенинен пайдаланып, аны сүйлөшүүгө тартуу жолдорун издей баштады.Ушул максатта, Катар өкмөтү АКШнын көрсөтмөсү менен өзүнүн борборунда “Талибан” кыймылына офис ачууга уруксат берди. Натыйжада, “Талибан” 2013-жылдын июнь айында Дохада өкүлчүлүгүн ачты.

Себеби, АКШ афган согушунан жеңилгендигин көрсөтпөстөн чыгып кетиши үчүн “Талибанды” сүйлөшүүлөр столуна тартуудан башка чарасы жок эле. Бул вариант Американын Афганистандагы стратегиясына айланды. Ошондуктан да 2018-жылдын 5-сентябрында АКШ мамлекеттик департаменти Залмай Халилзадды Афганистан боюнча атайын өкүл кылып дайындап, ага өзгөчө милдет жүктөдү: “АКШ мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө караганда, Халилзадка белгилүү бир милдет жүктөлгөн болуп, анын бул милдети Американын Талибанды сүйлөшүү столуна тартууга каратылган иш-аракеттерин координациялоодон жана ошол тарапка багыттоодон турат”.

АКШ “Талибан” менен афган режими ортосунда сүйлөшүү баштоого аракет кылып көрдү. Бирок, бул жаатта ийгиликке жетише албады. Себеби, “Талибан” афган өкмөтүн Америка колундагы бир куурчак деп эсептегени себептүү сүйлөшүүгө макул болбоду. Эми сүйлөшүүлөр түздөн-түз Талибан кыймылы менен Америка ортосунда болуп жатат. А бирок, Талибан афган өкмөтүн түзгөн мына ушул Америка экендигин билип туруп, Америка менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ыраазы болду жана ушул аркылуу АКШнын Афганистандан шерменделик менен жеңилилген абалда эмес, тескерисинче сүйлөшүү жана келишүү натыйжасында чыгып бара жаткандай көрүнүшүнө шарт түзүп берүүдө.Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here