Cаудияда аялдарга валийи жок саякатка чыгууга уруксат берилди

511
0

Cаудияда аялдарга валийи жок саякатка чыгууга уруксат берилди

Сауд Арабия падышалыгында аялдарга чет өлкөгө валийи (жоопкер эркек: эри, атасы, агасы ж.б.) жок саякатка чыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу SPA басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 21 жашка толгон аялдарга валийинин уруксаты жок чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт алуусуна уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр август айынын башында жүргүзүлгөн.  Мыйзам 21-августтан тарта күчүнө кирди.

Белгилей кетсек, Саудия бийлиги ушунча жылдардан бери өзүн “исламий башкаруу” кылып көрсөтүүгө урунуп келди жана кандайдыр бир деңгээлде айрым аңкоо мусулмандарды алдай да алды. Мына эми чүмбөттөр арты-артынан сыйрылып түшүп, анын чыныгы жүзү ачыла баштады. Саудия падышалыгында демократиялык реформалар 2017-жылы Мухаммад бин Салмандын мураскер болуп жарыяланышынан кийин күч алган. Ал 2030-жылга чейинки стратегиясын жарыялап, алардын алгачкылары падышалыкта “аялдардын укугун көтөрүү” демилгелери менен башталды. Бул өзгөрүүлөр негизинен Ислам өкүмдөрүнө каршы келгендиктен, Батыш жана маалымат каражаттары ал окуяларды тынымсыз чагылдырып, колдоого алышууда. Маселен, аялдарга саякатка чыгууга уруксат берилген жарлыкты алгачкылардан болуп Саудиянын АКШдагы элчиси Рима бинт Бандар Аль Сауд кубаттап, твиттерде кубанычы менен бөлүшө калды.

Шарият боюнча аял киши сапарга чыкканда бир түн бир күндөн ашык махрамсыз жүрүүсү мүмкүн эмес. Расулуллах (с.а.в) айтты: «Аллага жана Кыямат күнүнө ыйман келтирген аял бир кече-күндүздүк аралыкка сапар кылышы адал болбойт. Эгер, аны менен бирге махрамы болсо гана адал болот».
Аллах Таала айтат:  
الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ 
“Эркектер аялдары үстүндө жоопкер”. [4:34]

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here