Индияда миллиондогон мусулмандар лагерлерге жөнөтүлүшү мүмкүн

89
0

Индияда миллиондогон мусулмандар лагерлерге жөнөтүлүшү мүмкүн

Индияда көпчүлүгү мусулмандардан турган 4 миллиондон ашуун адам мыйзамсыз мигрант деп жарыя кылынышы жана убактылуу кармоочу лагерлерге жөнөтүлүшү мүмкүн.

“Нью Йорк Таймс” басылмасынын кабарына таянсак, Мьянма жана Бангладеш менен чектеш Ассам штатында эл каттоо иши башталып, миллиондогон киши тизмеге киргизилген эмес. Тизмеге кирүү үчүн алардын ата-бабасы 1971-жылга чейин Индияда жашаганы жөнүндө документ талап кылынууда. Ал эми айыл жерлеринде жашагандар мындай документти көрсөтө албай жатышат.

Жүздөгөн ассамдык буга чейин эле “мыйзамсыз мигрант” катары кармалган. Документи жоктор Индия өкмөтү түзө турган убактылуу кармоочу лагерлерине жиберилиши мүмкүн жана алар келечекте депортация кылынат.

Эл каттоо иши 31 августта аяктайт.

 Комментарий: Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам:

Жеп тойбос соргоктор өз табагына таштанганы сыяктуу жакында улуттар бардык тараптан силердин үстүңөргө таштанат, дегенде, я Расулалла, ошол кезде саныбыз аз болгондугунан ушундай болобу? – дешти. Ал зат: Силер ал убакта көп болосуңар. Душмандарыңардын калбдарынан коркунуч көтөрүлөт, силердин калбыңарды болсо вахн ээлейт, деди. Ошондо: Вахн эмне? – деп суралганда, ал зат: Дүйнөнү жакшы көрүү, өлүмдү жаман көрүү, — деди.

Чындыгында, пайгамбарыбыз башарат кылган күндөр башыбызга түштү. Пайдадан башканы эсепке албай турган колонизатор кафирлер жерибиз жана мүлкүбүзгө ээ болуп, байлыктарыбызды өздөрү каалагандай пайдалана башташты. Биз мусулмандар Аллах тарабынан тартуу кылынган табигый байлыктар мол жерлерде жашашыбызга карабастан, бир үзүм нандын артынан чуркоого о.э. колонизаторлордун “садакасына” ыраазы болуп күн көрүүгө мажбур болдук.

 Ал эми кафирлер байлыктарыбызды ээлеп алуу менен эле чектелбестен, бизди куугунтуктап, өлкөлөрүбүздү таштап чыгып кетүүгө мажбур кылышты, кандарыбызды дарыя кылып агызышты. Зулум, кыйноо жана кыргындар Сирия, Ирак, Бирма жана Борбордук Африкадан баштап, башка өлкөлөрдөгү бардык мусулмандарга чейин жетип барды. Өздөрүн исламий өлкөлөрдүн башчылары деп эсептеген куурчак акимдер  менен армиялардын сүкүт сактап туруусу себептүү кафирлер ого бетер кутурушту. Кафирлер Аллахка болгон ыйманынан баш тартууга мажбурлоо үчүн миллондогон мусулмандарды камакка алышты. Мушрик Кытай өкмөтү да “кайра тарбиялоо” шылтоосу менен миллондогон уйгур, кыргыз жана казак мусулмандарын атайын лагерлерге камады. Биз болсо диндеш боордошторубуздун тагдырына кайдыгер болдук. Кытайдын бул зулумуна мусулмандар тараптан эч кандай мамиле болбогонунан рухтанган дагы бир мушрик өкмөт бүгүнкү күндө миллиондогон мусулмандарды лагерлерге жабууга даярдык көрүүдө.

Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам: 

 “Момун-мусулмандар бири-бирин жакшы көрүүсүндө, бири-бирине ырайым кылуусунда жана көңүлүн алууда бир дене сыяктуу. Эгерде дененин бир мүчөсү ысытма менен же уйкусуздук оорусу менен ооруса, анда дененин калган мүчөлөрү да аны менен бирге ооруп тынчы кетет”, — деген  (Сахих Муслим).

Эгерде биз буга да сүкүт сактай турган болсок, башка өлкөлөрдөгү диндеш боордошторубуз башынан өткөрүп жаткан бул зулумдар жакынкы күндөрдө биздин да башыбызга түшүп калышы мүмкүн, мындан Аллах сактасын.

 Биз мусулмандарды эле эмес, бардык адамзатты капиталисттик түзүмдүн зулумунан Ислам адилетине алып чыгуучу Халифалык мамлекети кайрадан тикеленишин тагдыр чечүүчү маселебиз кылып белгилеп алып, бул жолдо малыбыз жана жаныбыз менен аракет кылмайынча, бул кордуктар бизден көтөрүлбөйт. Биз пайгамбарыбыз айткандай, бир дене экендигибизди көрсөтүп мамлекет башчыларынан, министр жана армия командачыларынан Кытай, Индия… өкмөттөрүнө басым өткөрүп, мусулмандарга карата болуп жаткан зулумдарды токтотууну талап кылышыбыз керек.

Абдурахман Адилов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here