Түркмөнстанда мындан ары бардык студенттер акы төлөп окушат

345
0
окуу жайлар

Түркмөнстанда мындан ары бардык студенттер акы төлөп окушат

Түркмөнстанда жогорку окуу жайларына тапшырган бардык студенттер мындан ары акы төлөп билим алышат. Бул тууралуу «Хроники Туркменистана» жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү окуу жайлар мындан ары жылына студенттерден кесибине, окуу жайдын даражасына карап 6000-8000 манат (1700 – 2250 $) акы ала баштайт. Быйыл Түркмөнстандагы окуу жайлар 12 242 студентти кабыл алат. Алардын баары акы төлөөгө милдеттүү.

Мындан тышкары, өлкөдө окууга өтүү үчүн пара алуу да өнүгүп 25-40 миң долларга чейин жетет. Мындан улам ата-энелер балдарын чет өлкөгө окутууга аракет кылышат. Бирок, апрель айынан баштап Түркмөнстан бийлиги бир катар чет элдик дипломдорду таануудан баш тарткан.

Мусулман өлкөлөр, алардын катарында Орто Азия өлкөлөрү капиталисттик система зулумунда эзилүүдө. А түгүл, миллиарддаган куб газ жана башка кен байлыктардын запасы туруп, Түркмөнстан өз калкына бекер билим берүүгө акыбалы жетпейт. Анткени, бул байлыктардын үзүрүн чет элдик империалисттер жана жергиликтүү аткаминерлер гана көрүп жатышат.

Капиталисттик системанын каршысында, Ислам динибиз Ислам Мамлекетинде халифага өз жарандарына бекер билимди камсыздап берүүнү важиб кылат.

“Халифалык мамлекетинин конституция долбоорунан”, Таалим саясаты, 173-берене:

Эркек болобу, аял болобу, ар бир адамдын турмуш майданында зарыл болгон билимдерге ээ болушу фарз. Ошондуктан, башталгыч бачкычта да, кийинки баскычта да эркек жана аялга толугу менен берүү мамлекеттин милдети. Бул баскычтарда окутуу акысыз жүргүзүлөт. Жогорку таалим да мүмкүн болушунча жогору деңгээлде, бардыгы үчүн ыңгайлуу жана акысыз кылып берилет. (Кененирээк таанышуу үчүн “Халифалык мамлекетинин таалим программасы” китебине кайрылсаңыздар болот)

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here