АКШ-Кытай соода согушунда жаңы раунд башталды

119
0
АКШ-Кытай соода согушунда жаңы раунд башталды

АКШ-Кытай соода согушунда жаңы раунд башталды

Вашингтон Кытайдан импорттолуп жаткан товарларга 10 пайыздык бажы алымы киргизилишин расмий жарыялады. Бул тууралуу 15-агустта “Синьхуа” агенттиги Кытай мамлекеттик кеңешине караштуу бажы иштери боюнча комитеттин өкүлүнө таянуу менен кабарлады.

Кытай премьер-министринин орунбасары Лю Хэ Ак үйдүн атайын өкүлү Роберт Лайтхайзер о.э. АКШ каржы министри Стивен Минучин менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүнө карабастан, америкалыктар чечимин өзгөртүшпөдү.

Кабарда келишинче, эми Кытай жооп чараларын көрүүгө мажбур, себеби АКШнын аракеттери Си Цзиньпин менен Дональд Трамп ортосунда түзүлгөн келишимге тескери келет.

Комментарий: Материалдык кызыкчылыктан башка эч кандай кыйматты эсепке албай турган дүйнөлүк капиталисттик башкаруу системасында ар бир мамлекет өзүнүн гана материалдык кызыкчылыгын көздөп иш кылат. Материалдык кызыкчылыктар дүйнөлүк саясаттагы күч-кубатка байланыштуу болгондуктан, бул мамлекеттер ортосунда ар дайым саясий жана аскерий келишпестиктер пайда болушу табигый. Алар бири-бирине каршы согушуу, күчтүүлөрү алсыздарын эзүү, атайылап алсыратуу сыяктуу жийиркеничтүү иштер аркылуу өз кубат жана таасирин сактап калууга аракет кылышат.

 Акыркы жылдарда Кытай экономикасы тездик менен өнүгүп, дүйнөдөгү экинчи экономикага айланды. Кытай экономикасынын активдүү өнүгүшү АКШнын тынчын алып, АКШ Кытайды экономикалык атаандаш катары көрө баштады. Ошол себептен да АКШ 2017-жылдан баштап Кытай менен “соода согушуна” киришти жана Кытайдын товарларына бажы алымын киргизди. Өз кезегинде Кытай да АКШнын бир топ товарларына бажы алымдарын киргизип, АКШга түстүү метал экспорттоону азайтуу менен “коркутту”…

Бул соода согушу АКШнын Кытай экономикасына сокку берүүчү ыкмаларынын бири.

Абдурахман Адилов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here