Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийинки Кыргызстандын саясаты жөнүндө

389
0

Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийинки Кыргызстандын саясаты жөнүндө

Атамбаев камакка алынды. Сот анын өлкөдөгү мүлкүн да камакка алды.  Муну менен саясий жараян изине түшүп калбады. Курсан Асанов аны тирүү колго алганы үчүн кызматынан алынып, анын үстүнөн аскердик прокуратура кылмыш ишин козгоп жатат. Кырдаалдан пайдаланып, Өмүрбек Бабанов Россиядан кайтып келди. Равшан Жээнбеков ОБСЕ жана башка мамлекеттик эмес батышчыл күчтөр менен саясий жараяндарга таасир өткөрө баштады…

Саясий кырдаал президенттин айланасындагы жетекчи топтун таасиринен чыгып барууда. Алар Кыргызстандын ички саясий абалын калыбына келтирүүдө Россияга биротоло таянып алышты. Россия Атамбаевди өзү каалаганда өлкөбүздөн алып кетип, аны президент кабыл алды. Эми алар койгон шарттарга макул болбогон Атамбаевди жок кылып, анын ордун Бабанов менен толтурмакчы болуп жатат. Путин Кыргызстандын саясий чөйрөсүн жана саясатчыларын толук бойдон өз таасири астында кармап турууну каалайт.

  Россия Бабановду Кыргызстанда конструктивдүү оппозиция жетекчиси болуу үчүн, же Жээнбековго жардам берүү үчүн жөнөттү. Эки абалда тең Бабанов россиячыл саясий чөйрөнүн жетекчиси катары майданга чыгат. Демек, Бабанов Россиянын запастагы же кезектеги “кадры” деп айтууга болот.

Эл аралык саясий күчтөр (колонизатор мамлекеттер) экс-президенттер өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылышын каалашпайт. Экс-президенттер эл аралык саясаттын дүйнөдөгү зулум жана былыктарын, ыпылас саясий стратегия жана механизмдерин жакшы билишет. Колонизаторлор кол астындагы мамлекет башчыларын өздөрү тараптка тартып алмайынча же өздөрү аларды бийликке алып келмейинче ошол мамлекеттин кызыкчылыктарына ээ боло алышпайт.  Бул чыккынчы жетекчилрибиз болбогондо колонизатор кафир үстүбүздө мынчалык зулум кыла албаган, керек болсо бастырып кире албаган болор эле. Ошондуктан, алар өздөрүнүн былыктарын жашыруу максатында, шериктерин алып чыгып кетишет, же өлтүрүп жиберишет. Буга мурунку президенттерибиз Акаев, Бакиев жана башка исламий өлкөлөрдүн жетекчилери Милошевич, Саддам Хусейн, Каддафий, Каримов… сыяктуу саткын жетекчилерди мисал келтирүүгө болот!

Курсан Асанов Атамбаевди тирүү кармаганы үчүн жоопкерчиликке тартылып жатат деген пикирлер бар. Эгерде Россия уруксат бербесе, Жээнбеков Атамбаевди камакка алууга батынбайт эле. Бул пикир туура болсо, демек Россия Атамбаевди жок кылууга буйрук берген. Анын тирүү калышы Россия үчүн эки тараптуу проблема жаратышы мүмкүн. Биринчиси, батышчыл күчтөр бул абалдан пайдаланып, иштер мыйзамсыз жүрүп жатканын ашкере кылып, бул жараяндан өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып калышат. Экинчи тарап, Атамбаевге мыйзам боюнча узак мөөнөттүү жаза белгилениши күтүлүүдө, ал Батукаев ишине Россиянын аралашуусу сыяктуу көптөгөн акыйкаттарды ачыктап жибериши мүмкүн.

Тыянак:  Кыргызстандын ички саясаты эл аралык саясат таасири астында, ири мамлекеттер өз кызыкчылыгы жолунда бири-бири менен күрөшүп жаткан саясий майданга айланып калды. Батышчыл же россиячыл күчтөр бири-бири менен биздин саясатчыларыбыз, саясий партия, өкмөт жана жетекчи күчтөр жардамында күрөшүп жатышат! Кытай болсо, кырдаалдан пайдаланып өлкөбүздөгү таасирин күчөтүп, азырынча экономикалык жактан бастырып кирип келүүдө. Демек, Кыргызстан эл аралык саясатта ири күчтөр ортосунда калып, алардын ар бири ар түрдүү жолдор менен саясатчыларды, саясий топ жана партияларды өздөрү тарапка тартып, сатып алууга катуу киришти. Бул болсо, келечекте саясий кырдаал курчушун билдирет.

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here