Тажикстанда улуттук маданиятка жат кийим-кечелерди сатууга тыюу салынды

104
0

Тажикстанда улуттук маданиятка жат кийим-кечелерди сатууга тыюу салынды

“Ахбор” интернет-басылмасынын редакциясына Тажикстанда “улуттук маданиятка жат” кийим-кечени сатууга тыюу салуучу документ келип түшкөн. Аталган документке “жашыруун” деген мөөр басылып, Тажикстан президентинин аппарат башчысы, президенттин улуу кызы Озода Рахмондун колу коюлган.

Документте улуттук маданиятка жат кийим дегенде кайсы кийимдер экендиги ачык айтылган эмес.

Бул документтеги көрсөтмөнү аткаруу милдети Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, дин, каада-салттарды тартипке салуу комитетине, кыз-келиндер жана үй-бүлө маселелери боюнча мамлекеттик комитетине, Мамлекеттик бажы кызматына, Ислам таануу борборуна, Ислам борбору уламалар кеңешине о.э. борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жүктөлгөн. 

Кабарда келишинче, азырынча расмий бийлик бул документ боюнча комментарий бере элек.

 Комментарий: Эмомали Рахмон башчылыгындагы тажик режими көптөгөн жылдардан бери Ислам жана мусулмандарга, исламий көрүнүш жана баалуулуктарга каршы колунан келген бардык ыкма жана каражаттарды пайдалануу менен күрөшүп келет.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 2010-жылы Улуттук универститеттин студенттери менен жолугушууда көчөлөрдө хижаб кийген кыз-келиндерди көп жолуктура башатаганын, буга жол берүү мүмкүн эместигин айткан болсо, 2015-жылдын күз мезгилинде Куляб шаарынын кыздарын хижаб кийгендиги үчүн каралаган. Анын бул каралоосунун кийин өлкөдө хижаб кийген жана жоолук оронгон аялдарды каттоого алуу иштери башталып, Согди облусу менен Хужанд шаарында эле жоолук оронгон 643 кыз-келин каттоого алынган. Ошондон кийин коомдук жайларда муслима аялдардын хижабда жүрүшүнө, эркектердин сакал коюшуна о.э. жаңы төрөлгөн балдарга исламий ат коюуга тыюу салынды.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 2017-жылдын, 11-июлунда түз эфирде хижаб жана аялдар кийүүчү кара кийим тажиктердин улуттук каада-салтына туура келбестигин дагы бир жолу айтып¸ сакалдын динчилдикке тиешеси жоктугун баса белгиледи.Тажикстандыктарды “Аллахты жүрөк менен сүйүүгө” чакырган Рахмон, мусулмандарды такыбалыкты тышкы элементтер менен көрсөтүүдөн тыйылууга чакырды.

 Ошол эле жылы Тажикстандын Хужанд шаарында хижабга каршы атайын топ түзүлдү. Үй-бүлө

жана кыз-келиндер комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун милдети кыз-келиндердин “чоочун сакафатка” берилип кетишинин алдын алуу экендиги белгиленди.

2018-жылы Тажикстан күч түзүмдөрүнүн демилгеси менен хижабдуу аялдардын министрликтерге жана атайын мекемелерге киришине мыйзам аркылуу тыюу салынды. Ошол эле жылы тажик бийлиги аялдардын кандай кийиниши жөнүндө “Сунуштар” аттуу китеп чыгарды. Тажикстан маданият министрлиги тарабынан басылып чыккан китепте 7 жаштан 70 жашка чейинки аялдарга ылайыктуу кийимдер сунушталды. Китепте “тажик аялдары эмнени кийбеши керек” деген бөлүмгө кеңири орун берилип, исламий кийимдер, кара түстөгү кийимдер, муслималардын хижабдары жана жоолуктары сунушталбай турган кийимдер арасында келген.

 Президенттин кызы сатууга тыюу салынган кийимдер боюнча расмий комментарий бербесе да, бул тыюулар негизинен исламий кийим жана хижабдарды көздөшүн божомол кылууга болот. Себеби, өткөн жылдарда президент жана анын айланасындагы чиновниктер тарабынан исламий көрүнүш жана кийимдерге карата бир жолу да жылуу пикир айтылбастан, тескерисинче, кескин караланып келет. Мындан тышкары, Аллах Таала Өз китебинде акыйкатты билгенден кийин батыл жолун карманган кимселерди залалатта таштап коюшун айткан:

Ким акыйкат жолду анык билгенден кийин пайгамбарга тескери иш кылса жана момундардын жолунан башка жолго ээрчип кетсе, Биз аны кеткен жагына коё беребиз. Андан кийин тозокко киргизебиз. Ал кандай гана жаман жай!”  (4:115).

 Абдурахман Адилов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here