Мубарек Курбан айтынын куттуктоосу

109
0

Мубарек Курбан айтынын куттуктоосу

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, ла илаха иллаллох,

Аллоху акбар, Аллоху акбар, ва лиллахил хамд…

Биз, Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, бүткүл Үммөттү, алардын катарында Кыргызстан  мусулмандарын мубарек Курбан айты менен куттуктайбыз. Алхамдулиллах, биз сиздерге куттуктоо жолдогонубузга зор кубанычтабыз жана ушуну менен бирге, Жараткандан сиздерди төмөнкүдөй жакшылыктарга жетиштиришин каалап кетебиз. Сиздер деп кайрылганыбызда, анын ичинде биз да барбыз. Анткени, биз баарыбыз бир Үммөттүн перзенттерибиз.

Аллахым хажга баргандардын ажылыгын, курбандык чалгандардын курбандыгын кабыл алсын.

Урматтуу Кыргызстандын азыркы мусулмандары, сиздер Ислам Үммөтүнөн болгон мусулмандарсыңар. Бирок, эч качан Исламий жашоодо жашаган жоксуңар. Ошондуктан, Аллахтан сиздерди Исламий жашоого жетиштиришин сурайбыз.

Азыр сиздер Исламга тескери келген демократиялык куфр системасында жашап жатасыздар. Аллахым сиздерди бул караңгылыктан Ислам нуруна алып чыксын.

Бул демократия атын жамынган капитализм сиздерге империалист кафирлер тарабынан тыгыштырылган. Анын кесепеттерин болсо турмуштан көрүп жатасыздар. Экономикалык жактан империалисттер байлыктарыбызды талап-тоноп, элибизди эзип жатат. Алардан артканын өзүбүздүн капиталисттер ээлеп алып, элдин эсебинен жашап жатышат. Монополия, коррупция, арак өндүрүү, сүткордук, кумарпоздук, дене соодасы ж.б.у.с. арам жол менен акча табуу адал жолдорду бууп салууда. Аллахым сиздерди бул капиталисттик экономикалык түзүмдүн эзүүсүнөн куткарып, Ислам экономикалык түзүмүн колдононууну насип этсин. Ислам экономикасы коом байлыгынын адамдар арасында адилеттүү бөлүштүрөт, адалдан ырызкы табууну камсыз кылат, анын саясаты ар бир жарандын негизги мухтаждыктарын кандыруу болот.

Таалим тармагын карасак, перзенттерибизди ыймансыз, ибадатсыз, ахлаксыз, мамилелеринде пайдапарас кылып тарбиялап жатышат. Аллахым сиздерди мындан куткарып, Исламий таалим түзүмү колдонулушуна жетиштирсин. Перзенттериңиздер ыймандуу, ибадаттуу, исламий ахлак менен көркөмдөнгөн, мамилелеринде шарият өкүмдөрүнө амал кылган пенделерден болушсун.

Ижтимаий тармакты алсак, коомубуз бузукулук иримине чөгүп баратат. Ал бузукулуктарды айтуудан ооз уялат. Аллахым сиздерди бул бузукулуктан куткарсын. Уяттуулукту, ыйбаа-ынсафты, абийирдүүлүктү, аруулукту кепилдеген Исламий ижтимаий түзүмдү колдонууну насип этсин.

Саясий түзүмдү алсак, империалист колонизаторлор башыбызга өзүнө малай адамдарды, партияларды орнотуп коюп, алар аркылуу башкарышууда. Ал колонизаторлор өз ара таасир талашып, анын курмандыктары биз болуп калуудабыз. Арабызда чегара чырларын чыгарып, улутчулдук уругун сээп, бийлик-оппозиция отторун жагышып, өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарышууда. Аллахым бизди мындай фитналардан куткарсын. Колонизаторлор чеңгелинен куткарган, мусулмандар арасында бир туугандыкты камсыздаган Исламий саясий түзүмдү колдонууну насип этсин.

Албетте, жогоруда айтып кеткен Исламий түзүмдөр мээнет-машакатсыз, мал-жан сарпталмайынча келбейт. А сиздер андан качпаңыздар. Ансыз да, бузук түзүмдөр жолунда курмандыктар берип келүүдөсүздөр. Ач көз империалисттер чыгарган биринчи жана экинчи дүйнөлүк согушта эчендеген жандар кыйылып, нечендеген малдар сая кеткенин эстеңиздер (мына эми да ал колонизаторлордун ач көздүгү ашынып баратат). Мындан сырткары, чегара, сепаратизм, улутчулдук, миграция, бир тиштем нан табуу, бийлик-оппозиция маселелеринде жан берип, мал жоготуп жатасыңар. Аларда күнөө болсо болор, бирок сооп жок. Аллахым сиздерди Аллах жолунда мал-жан сарптай турган пенделерден кылсын.

Эгер андай кылбасаңыздар, Аллах сиздердин ордуңуздарга башка коомду алып келип коёт, алар сиздердей болушпайт. Сиздер бузук түзүмдөр үчүн мал-жан берип өтүп кете бересиздер, ал эми Аллах сүйгөн коом Ислам менен азиз болушат жана Исламды азиз кылышат.

Аллах Таала айтат:

öAωö7tFó¡o„} $·Böqs% öNä.uŽöxî ¢OèO Ÿw (#þqçRqä3tƒ {/ä3n=»sVøBr&

«Эгер, жүз үйрүсөңөр, Ал силерден башка бир коумду алмаштырып коёт, кийин алар силерге окшогон болушпайт»

Расулулла r айтты:

«لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ، وَلاَ يَتْرُكُ اللهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلاَ وَبَرٍ إِلاَّ أَدْخَلَهُ اللهُ هَذَا الدِّينَ بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ، عِزًّا يُعِزُّ اللهُ دِينَ الْإِسْلَامِ، وَذُلاًّ يُذِلُّ بِهِ الْكُفْرَ»

«Бул иш күн жана түн жеткен жайга чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын жана көчмөндүн үйүн калтырбастан, ага бул динди азиздин азиздиги же кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, аны менен Аллах Ислам динин азиз кылат. Ушундай бир кордук, аны менен Аллах куфрду кор кылат»

Урматтуу бир туугандар, Аллахым сиздерди Ислам менен азиз кылган болсун.

Жогоруда айтып өткөн Исламий түзүмдөр Исламий Халифалык мамлекетинде гана толугу менен колдонулат. Ошондуктан, Ислам менен азиз болуш үчүн – демократиялык жасалма мамлекетчелер жолунда курмандыктар берип жүрө бербей – Халифалык жолунда фикрий-саясий күрөш алып баруу керек. Бул Расулулла r көрсөтүп кеткен жол. Ал жолдогу азарларга сабыр кылып, мал-жан сарптап күрөшүүбүз керек. Мына ошондон кийин Расулулла r башарат кылып кеткен “Үммөт акырындагы жакшылык” доору келет.

Расулулла r айтты:

«يَكُونُ فِي آخِرِ أُمَّتِي خَلِيفَةٌ يَحْثِي المَالَ حَثْيًا لا يَعُدُّهُ عَدَدًا»

«Үммөтүмдүн акырында мал-мүлктү санап отурбай, мол-көлчүлүк менен тарката турган халифа болот».

Аллахым сиздерди мына ушул жакшылыктарга жеткирсин.

Курбан айтыңыздар менен!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here