Кытай элчилиги Солтон – Сарыдагы абал себептүү билдирүү таратты

491
0

Кытай элчилиги Солтон – Сарыдагы абал себептүү билдирүү таратты

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Солтон-Сары кенинде жүз берген жаңжал боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу SputnikКыргызстан  кабарлады.

Элчиликтин сайтында 2019-жылдын 5-августунда Нарын облусундагы Солтон-Сары кениндеги компаниянын алдына жүздөгөн жергиликтүү тургун топтолгондугу айтылган.

Кытай элчилигинин билдирүүсүндө: “Чогулган адамдар мыйзамсыз түрдө кытайлык компаниянын аймагына бастырып киришти. Компания кызматкерлерин таяктап, ондогон Кытай жараны жараат алды. Азыркы учурда Кытайдын Кыргызстандагы элчиканасы жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүүдө. Элчи Ду Дэвэн ооруканаларда жаткан жабырлануучулардын абалы менен таанышып келди”, – деп айтылат.

Элчикананын билдирүүсүндө келишинче, көптөгөн жылдардан бери кытайлык компаниялар Кыргызстанга инвестиция жаткырып, бизнес менен алектенип, жергиликтүү калктын материалдык абалын жакшыртууга жана эки өлкөнүн ортосундагы алака бекемделишине салым кошуп келет. Жүз берген чыр “компания кызматкерлерининин ден соолугуна олуттуу зыян жеткирип, компанияны экономикалык жактан чоң жоготууга учураткан”.

Элчиликтин билдирүүсүндө:“ Кыргыз өкмөтү кытайлык ишканалардан дайым өлкөнүн мыйзамдарын сактоосун, социалдык жана кайрымдуулукка басым жасоосун талап кылып келет. Аталган компания кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан чыр ишкананы ири экономикалык зыянга учуратты. Биз катуу тынчсызданып, кыргыз тарапка талап коебуз. Өкмөт чатактан жабыркаган кытай жарандарына медициналык жардам көрсөтүп, чырдын чоо-жайын дыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалап, абалды жөнгө салышы керек. Мындан тышкары, тиешелүү органдар кытай компаниясынын кызыкчылыгы менен укугун коргоп, кытайлык жарандардын коопсуздугун камсыздап бериши зарыл”, – деп айтылган.  

Комментарий:  Кытай компаниялары Кыргызстанда экономикалык эле эмес, стратегиялык, саясий жана аскерий кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууну көздөшөт. Кытай өз максаттарын көздөй шашылбастан бастырып кирип келе берет. Мындай абалды, алар Циньзянды кудум ушундай жол менен толук басып алганда көргөнбүз. Башкача айтканда,Кытай Чыгыш Түркстанды басып алууда шашылбастан ондогон жылдар убакыт кетирген.

Кытай баскынчылык стратегиясы боюнча, алгач бийликтегилерди сатып алыт, алар аркылуу өлкөгө кирип алган соң элдин кызыкчылыгына тескери аракеттерди күчөтөт. Натыйжада эл менен бийликтин ортосунда олуттуу келишпестик пайда болуп,жергиликтүү бийлик өз элине каршы турууга алсыздык кылып калат. Ошондо Кытай өз компанияларын коргоо үчүн мамлекеттердин ички ишине аскерий жактан аралашууга аракет кылат.Ал кыргыз бийлигине компанияларды коргоп берүү шартын коёт, антпесе, өз компанияларын коргоо үчүн Кытайдан аскерий бөлүктөрдү алып кирүүнү сунуштайт же талап кылат.

Ошондуктан, Кытай компанияларын инвесторлор эле эмес, Кытай баскынчылыгынын бир бөлүгү катары көрүшүбүз керек. Аларга каршы аракет кылып жатып, алардын Кыргызстандагы колу болгон саткын бийлик өкүлдөрүнөн үммөт кызыкчылыктарын Кытайга сатууну токтотууну, сатып жиберген нерселер боюнча келишимдерди жокко чыгарууну талап кылышыбыз керек. Антпесе, Кытай компаниялары жакында жалаң кытайлардан турган жабык аймактарды түзүшөт. Ал аймактарды коргоону да өз колуна алып, өлкөбүздө аскерий базаларды кура башташат. Ошондо биз Кытайдын аскерий колониясына айланабыз! Мындан Аллах сактасын.

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here