Америка – адамзат душманы! Анын жардамдары кайрымдуулук эмес!

42
0

Америка адамзат душманы! Анын жардамдары кайрымдуулук эмес!

Асъад Мансур

«Венесуэлалыктар АКШ колдонгон санкциялар акыбетинде болуп көрбөгөн экономикалык кризиске карап бара жатышканын күндөн-күнгө даана сезишүүдө. Базар банкрот болушу, самолёт билеттери менен күйүүчү май продукцияларынын баасы жогорулашы күнүмдүк турмушка терс таасир кылууда». (Франс-Пресс, 2019-жыл, 13-июнь).

Америка токой мыйзамын колдонууда. Бул жаатта акыйкат күчтүүнүн колунда! Ал өзүн эң күчтүүмүн деп билип, каалаганымды кыламын, каалаганымды бирөөлөргө мажбурлаймын деп эсептөөдө, өз мамлекетинде жана БУУда дал ушул негизде мыйзам чыгарууда. АКШ ичинде да байлар эң күчтүү кишилерден эсептелип, мыйзамдарды өзүлөрүнө ылайыктап чыгарышууда. Коопсуздук Кеңешиндеги эң күчтүүсү да Америка болуп, ал өз пайдасына токтомдорду чыгарууда, башка мамлекеттерди чөгөлөтүү үчүн аларга каалагандай бойкот жана блокадаларды колдонууда. Мисалы, Америка 2003-жылы Иракка карата блокада колдонуп, кийин аны басып алган. Иранга карата да ушундай жолду карманып, аны 2015-жылы ядролук программа боюнча келишим түзүүгө мажбур кылды. 2015-жылы 23-июнда Иран президенти Руханий: «Бул санкциялар Иран коомунда көптөгөн проблемаларды пайда кылды», — деген. АКШ Иранга карата дагы санкцияларды колдонгондо, Иран валютасы инфляцияга туш болуп, бул нерсе экономикалык проблемаларга себеп болуп, аны жаңы келишимдерди түзүүгө мажбур кылды. Бүгүн Америка ушул зордукчулдугун Фалестинге карата көрсөтүүдө. Качкындарга гуманитарлдык жардам берүүнү токтотуп, Фалестин калкын оор абалда калтырды. АКШ өзүнүн «Кылым келишимине» ыраазы кылуу максатында яхудий вужудун Фалестин каражаттарын конфискация кылууга үндөп жатат. Америка Фалестин калкына «бул жерден жана анын кол тийгистигинен баш тарткыла, баскынчылыкка ыраазы болгула, яхудийлердин Фалестинди басып алганын моюнга алып, алардын өкүмдарлыгы жана зомбулугу астында кор болуп жашагыла» деп жатат.

Ооба, Американы адамдардын кыйынчылыгы, ооруларга чалдыгып жатканы жана ачкачылыктан каза болушу… тынчсызданпайт… «кордолуп болсо да жашоо үчүн мага моюн сунгула» деп жатат!

Венесуэлада да Америка өз саясатын ишке ашырмакчы болуп, ага карата санкцияларды колдонду. 2017-жылы 25-августта Ак үй «президент Трамп Венесуэладагы диктатор режимге каршы кезектеги катаал финансылык санкцияларды киргизүү жөнүндөгү токтомго кол койгонун» жарыялады. Венесуэла тышкы иштер министри санкцияларды «Өлкөбүзгө каршы акыркы 200 жылдагы эң жаман душмандык» деп сыпаттады. Америка Гуайдону Венесуэла президенти катары таанып, өлкөдөгү нефть жана алтын казып алуу тармактарына, коргоо жана коопсуздук кызматтарына, акча которууларга санкцияларды күчөтө баштады. Жада калса, АКШ банктарындагы Венесуэлага таандык каражаттарга да чеңгелин салды. Акыбетте, өлкөдө баалар болуп көрбөгөндөй жогорулады, жумушсуздук бир нече эсе көбөйдү, миллиондогон жаран нан табуу үчүн иш издеп чет өлкөгө чыгууга мажбур болду.

Ушунча кылмыштар артынан Америка Колумбия аркылуу Венесуэлага азык-түлүк жана дары-дармек менен гуманитардык жардам жөнөтмөкчү экенин айтууда. Мына сага алдоо! Бул колонизатор мамлекет Венесуэлага санкцияларды киргизип, каражаттарын конфискациялап, жаранын ачкалыктан улам чет өлкөгө качып чыгууга мажбур кылып, кийин, бул өлкө жетекчиси диктатор, өз калкын талап-тоноп, ачка калтырууда дейт! Бул – текеберлик, менменсинүү, уялбай жана коркпой батыл менен мактануунун эң чокусу! Азыр муну көптөгөн мамлекеттер түшүнүп калган. Бирок, Венесуэла режими Америка ага эмнелерди кылып жатканына маани бербей жатат, каршылык билдирбей жатат, Америка кызыкчылыгы үчүн аны ээрчип, аз гана болсо да ага жасакерленүүгө аракет кылууда, кудум Европа кылып жаткандай. Америка болсо, бул гуманитардык жардамдардан Венесуэла калкын куткарууну жана аларга жардам берүүнү максат кылган эмес. Тескерисинче, ал өзүнүн саясатын зордоп ишке ашырууну көздөйт. Жада калса, АКШда чыккан «The Atlantic» журналы 2019-жылы 26-февраль күнкү санында бул чындыкты моюнга алды. Журнал кабарчысы бул жардамдардын Колумбияга жеткирилгенин күзөтүп: «Америка гуманитардык жардамдарды көрсөтүү аркылуу бул кырдаалдан Венесуэла иштерине кыйыр түрдө аралашуу үчүн пайдаланууда, ушул аркылуу президент Мадурону кулатуу үчүн калкты жана армияны көтөрмөкчү», — деди. Ал кошумчалап мындай дейт: «Латын Америкасындагы көпчүлүк мамлекеттер АКШнын регионалдык иштерге аралашуусундагы жыйынтыктоочу натыйжага күмөн менен карашууда. Анткени, тарыхта Вашингтондун аралашуусу кырсыктуу акыбеттерге себеп болгону маалым. Анын өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары социалист президент Сальвадор Альендеге каршы эмне жасаганына, Пиночеттин 27 жылдык жырткыч башкаруусуна жетекчилик кылгандыгына далилдер абдан көп. Андан тышкары, Америка өткөн кылымдын сексенинчи жылдары Никарагуада гуманитардык жардамдар программасынан пайдаланып, солчул өкмөткө каршы күрөшүп жаткан оңчул топторго 27 миллион доллар курал-жаракты жашыруун жеткирип берген, акыбетте бул кылмышы жарандык согушту келтирип чыгарган. 1989-жылы Панамада АКШ күчтөрү Мануэль Норьени кулатуу үчүн алып барган согушу жүздөгөн жарандардын набыт болушуна алып келген».

Бу АКШнын Латын Америкасындагы кара тарыхына кыска мисалдар. Анын гуманитардык жардамдары башка мамлекеттердин ишине аралашууга шылтоо болуу менен бирге, жырткыч канкорлук болуп эсептелет. АКШ кыйынчылыктарды пайда кылуу үчүн санкцияларды жана блокадаларды киргизип, кийин «гуманитардык жардам бермекчимин» деп жатат. Акыйкатта болсо, бул «кайрымдуулук» проблемаларга себеп болууда, өзү чыгарган проблемаларды өзүнүн колонизаторлук кызыкчылыгына ылайык чечүүдө. Белгилүү болгондой, Америка бул континентте 1789-жылы колонизаторлук жүрүшүн баштап, 44 жылдан соң колонизаторлук согушун баштаган. 1833-жылы Никарагуага, 1835-жылы Перу жана Мексикага согуш кылды, 1848-жылы Мексикадан Техасты, Калифорния жана Нью-Мексиканы тартып алды. Экинчи жолу дагы 1857-жылы Никарагуага, 1855-жылы Уругвай жана Панама каналына согуш кылды. Кийин 1873-жылы Колумбияга, 1898-жылы Кубага согуш кылып, Кубадан Гуантанамо булуңун тартып алды. Бул булуңда бүгүн жүздөгөн мусулман туткундарды тарыхта болуп көрбөгөн абдан жырткыч абалда кармалып турат». 1907-жылы Гондураска мурдун салып, анын алты шаарын тартып алды. 1914-жылы Гаитиге абадан аскерлерди таштап, Борбордук банктагы бардык каражаттарды уурдады. Американын бул сыяктуу аралашуулары дагы эле уланууда. Бул мамлекет биринчи номурдагы колонизатор мамлекет болуп, жырткычтыкта өзүнүн англис жана европалык ата-бабаларынан кем эмес.

Ал Латын Америкасына өкүмдарлык кылат, анын саясатына каршылык билдирилсе, санкцияларды киргизет, иштерине аралашат, козголоңдорду жана төңкөрүштөрдү уюштурат. Акыбетте, түштүк континентти артта калган, туруксуз, ички жаңжалдар, коррупцияга, жакырчылык, ачкачылык жана ооруларга малынган континентке айлантат. Бул континент азаттык жана Америка колонизаторлугунун чыгуу жолун таппады. Анткени, анда ойгонуу идеологиясы да, ойгонуу үчүн аракет алып барган пикирий аракеттер да жок. Социалисттик идеологияны кабыл алган бир нече солчул кыймылдар чыкты, бирок, алар коомдо өзгөрүү жасоого жарабады, пикирлерин колдоно албады. Анткени, алар бийликке келери менен Америка тарабынан кулатылды же кулабаса да түптөн өзгөрүү эмес, жамак салуу аракетин алып барышты. Мисалы, Венесуэлада Чавес жана анын мураскору Мадуро аракети да ушундай болуп, социалисттик идеологияны колдоно албай жатат, бир бөлүгүн колдонуп, калганына капиталисттик идеологияны колдонууда, ошону менен оңдоп түзөө иштери гана болуп жатат. Шек-күмөнсүз, бул, өзгөрүүнү да, ойгонууну да жасаган жок жана АКШнын өкүмдарлыгынан да, колонизаторлугунан да азат кылбады.

Латын Америкасынын калктары Америка колонизаторлугу жана анын залим капиталисттик түзүмү баткагынан чыгууга абдан ынтызар, алар капитализмдин ачуу вакиълигин башынан өткөрүшүүдө. Социализм алардын куткаруучусу боло албады. Бирден-бир куткаруучу – Ислам. Аллахтын дини кылымдар бою адамзатты куткарып келген. Ал кезде али капитализм жана анын колонизатор мамлекеттери жок эле, али жер жүзүнө бузгунчулук жайбаган эле. Ооба, Ислам мамлекет мисалында гана көзгө көрүнөт. Ал исламий адилеттүү түзүмдү колдоно турган жана исламий рисалатты бүткүл дүйнөгө жеткире турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде көөдөлөнөт.

Роя гезити

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here