Зулхижжанын баштапкы күнүндөгү орозо

43
0

Суроо:Ассаламу алайкум рохматуллоохи уа баракатуху, урматтуу аалым Халил Ата бин Абу Рушта Аллах сизди Өз коргоосуна алсын.Менде зулхижжанын алгачкы он күнүндөгү орозого байланыштуу суроо бар. Бул соолих амалдарга байланыштуу мустахаб болуп саналабы? Же ал #Пайгамбар ﷺдан далил келбеген бидад амалы болуп саналабы? Мен бул жаата келген хадистерди окуп чыктым жана алардын ортосунда карама-каршылыктар бардай. Ошондуктан, бул хадистердин ортолорун жамдаса болобу? Бул тууралуу ачыктап берсеңиз, #Аллах ыраазы болсун. (Рошиид Разий).

Жооб:Алайкуму салам рохматуллоохи уа баракаатуху.Зулхижжанын абалкы тогуз күнү, айрыкча тогузунчу күн арафа тууралуу хадистер келген. Ошондой эле, зулхижжанын абалкы он күнүндө орозо тутуу абзел соолих амал экендигин билдирген хадистер келген. Ошондой эле, момундардын энеси Аиша радиаллаху анхадан Пайгамбар ﷺдын зулхижжанын бул күндөрүндө #орозо тутканын көрбөгөндүгү тууралуу хадис келген…Ошондуктан, бул хадистерге назар салабыз жана алардын ортосун жамдоого да токтолобуз, ин шаа Аллах.Биринчиден, зулхижжанын баштапкы он күнүндөгү орозо тууралуу келген хадистерге токтолобуз:Зулхижжанын алгачкы тогуз күнүндө, айрыкча тогузунчу күн арафа күнүндө орозо тутуу тууралуу келген хадистер.1. «أخرج مسلم في صحيحه عَنْ أَبِي قَتَادَةَ قال: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم «ثَلَاثٌ مِنْ كُلِّ شَهْرٍ وَرَمَضَانُ إِلَى رَمَضَانَ فَهَذَا صِيَامُ الدَّهْرِ كُلِّهِ، صِيَامُ يَوْمِ عَرَفَةَ أَحْتَسِبُ عَلَى اللَّهِ أَنْ يُكَفِّرَ السَّنَةَ الَّتِي قَبْلَهُ وَالسَّنَةَ الَّتِي بَعْدَهُ، وَصِيَامُ يَوْمِ عَاشُورَاءَ أَحْتَسِبُ عَلَى اللَّهِ أَنْ يُكَفِّرَ السَّنَةَ الَّتِي قَبْلَهُ»- Аби Кутада айтты: Пайгамбар ﷺайтты: «Ар бир айдын үч күнү (тутулган орозо)жана ар бир рамазанда (шаввалдын алты күнү менен бирге тутулган орозо) бүтүндөй доордун (бир жылдын) орозосуна барабар. Арафа күнү тутулган орозодо Аллах бир жыл мурунку жана бир жыл кийинки күнөөлөрдү кечирет деп (үмүт кылам). Ашура күнүндөгү орозодо Аллах бир жыл мурунку күнөөлөрдү кечирет деп (үмүт кылам)». (Муслим риваяты, сахих).- «وأخرج مسلم في صحيحه عن أَبِي قَتَادَةَ الْأَنْصَارِيِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قال: وَسُئِلَ رسول الله صلى الله عليه وسلم عَنْ صَوْمِ يَوْمِ عَرَفَةَ فَقَالَ: «يُكَفِّرُ السَّنَةَ الْمَاضِيَةَ وَالْبَاقِيَةَ».- Аби Кутаада ансорий радиаллаху анху айтты: Пайгамбар ﷺдан арафа күнүндөгү орозо тууралуу суралганда айтты: «Бир жыл мурунку жана кийинки күнөөлөр кечирилет». (Муслим риваяты, сахих).- «أخرج أحمد في مسنده عَنْ هُنَيْدَةَ بْنِ خَالِدٍ عَنِ امْرَأَتِهِ عَنْ بَعْضِ أَزْوَاجِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَتْ: «كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم يَصُومُ تِسْعَ ذِي الْحِجَّةِ» وأخرجه البيهقي في شعب الإيمان، وأخرجه أبو داود في سننه. Хунайдата бин Хоолид өз аялынан, ал Пайгамбар Aдын кээ бир жубайларынын айтканын айтты: «Пайгамбар ﷺ зулхижжанын алгачкы тогуз күнүндө орозо туткан». (Ахмад муснадында, Байхакий Шагб «Ыйман», Абу Дауд «Сунан» китебинде риваят кылышкан).2. Зулхижжанын он күнүндөгү соолих амал тууралуу:«أخرج البخاري في صحيحه عن سعيد بن جبير عن ابن عباس عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه قال: «ما العمل في أيام أفضل منها في هذه، قالوا: ولا الجهاد؟ قال: ولا الجهاد إلا رجل خرج يخاطر بنفسه وماله فلم يرجع بشيء»Саид бин Жубайр радиаллаху анху Ибн Аббастан радиаллаху анхудан, ал Пайгамбар ﷺдан айтты: «Бул күндөрдөгү амалдан эч бир амал абзел эмес». Айтышты: «Жихад дагыбы?». «Жихад дагы эмес. Бир гана Аллах жолунда өз өмүрүн жана малын тобокелке салып чыгып кайра эч нерсеси менен кайтып келбеген адамдын (амалы гана мындан жогору болот)». (Бухари риваяты, сахих).«أخرج البيهقي في السنن الكبرى عن سعيد بن جبير عن ابن عباس أن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «ما العمل في أيام أفضل منه في عشر ذي الحجة. قالوا: يا رسول الله، ولا الجهاد في سبيل الله؟ قال: ولا الجهاد في سبيل الله إلا رجل خرج بنفسه وماله في سبيل الله ثم لا يرجع من ذلك بشيء». وأخرجه ابن حبان في صحيحه.Саид бин Жубайр радиаллаху анху Ибн Аббастан радиаллаху анхудан, ал Пайгамбар ﷺдан айтты: «Бул күндөрдөгү амалдан эч бир амал абзел эмес». Айтышты: «Аллах жолундагы жихад дагыбы?». «Аллах жолундагы жихад дагы эмес. Бир гана Аллах жолунда өз өмүрүн жана малын тобокелке салып чыгып кайра эч нерсеси менен кайтып келбеген адамдын (амалы гана мындан жогору болот)». (Байхаки «Сунан кубро» китебинде, Ибн Хибан «Сахихинде» риваят кылган).3. Момундардын энеси Аиша радиаллаху анхадан риваят кылынган хадис:أخرج مسلم في صحيحه حَدَّثَنَا أَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ، وَأَبُو كُرَيْبٍ وَإِسْحَاقُ — قَالَ إِسْحَاقُ: أَخْبَرَنَا، وَقَالَ الْآخَرَانِ: — حَدَّثَنَا أَبُو مُعَاوِيَةَ، عَنِ الْأَعْمَشِ، عَنْ إِبْرَاهِيمَ، عَنِ الْأَسْوَدِ، عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا، قَالَتْ: «مَا رَأَيْتُ رَسُولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم صَائِماً فِي الْعَشْرِ قَطُّ»Абу Бакр бин аби Шайбата жана Абу Курайб жана Исхак бизге айтты: Исхак айтты: бизге айтты: экөө Абу Муавия Аъмаштан, Иброхимден жана Асвадан бизге айтты: Аиша радиаллаху анха айтты: «Пайгамбар ﷺдын зулхижжанын он күндүгүндө эч бир орозо тутканын көргөн жокмун». (Муслим риваяты, сахих).Экинчинден, далилдердин ортосун жамдоо:Биринчи хадистерде Пайгамбар ﷺдын зулхижжаанын алгачкы он күндүгүндө, айрыкча арафа күнүндө орозо тутканы тууралуу келди.Экинчи хадистерде зулхижжанын абалкы он күндүгүндө соолих амалдардын абзелдиги тууралуу келди.Момундардын энеси Аиша радиаллаху анхадан айтылган хадисте Пайгамбар ﷺ зулхижжанын баштапкы он күндүгүндө эч кандай орозо туткандыгын көрбөгөндүгү тууралуу айтылды.Маалым болгондой, «Шахсия» китебинин үчүнчү бөлүгүндөгү теңдөө жана басымдуу кылуу бабынын жетинчи пунктунда мындай делген:«Жетинчиден: тастыктоочу далил жокко чыгаруучу далилге караганда басымдуу кылынат. Эгер, тастыктоочу далил жана жокко чыгаруучу далилге бетме-бет болуп калса, илим көбөйүшүнө салым кошкондугу үчүн тастыктоочу далил басымдуу болуп саналат. Мисалы: Билал радиаллаху анхунун Пайгамбар ﷺдын Байтул Харамга кирип, намаз окугандыгы тууралуу айткан хадиси Усама радиаллаху анхунун Пайгамбар ﷺдын Байтул Харамга кирип, бирок, намаз окуган жок деген хадисине караганда басымдуу болуп эсептелет. Ошондуктан, Билал Gнун хадиси басымдуу болот».Ушул себептен улам, тастыктоочу далил жокко чыгаруучу далилге караганда басымдуу болуп саналат. Башкача айтканда, Пайгамбар ﷺдын зулхижжанын абалкы тогуз күнүндө, айрыкча арафа күнүндө орозо туткандыгы тууралуу келген хадистер момундардын энеси Аиша радиаллаху анха айткан хадиске караганда басымдуу болуп эсептелинет. Тактап айтканда, зулхижжанын абалкы тогуз күнүндө, айрыкча арафа күнүндө орозо тутуу бидад эмес, балким сообу үлкөн амалдардан. Аллах билүүчү жана өкүмдар.Ушул жетиштүү деп ойлойм.Боордошуңар Ата бин Халил Абу Рушта 29-зул-каада, 1440-х.28-июль, 2019-ж.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here