Фикрат жана тарыйкатта бекем туруу – сыноодон ийгиликтүү өтүү Залимдерге жардам берүү – сыноодон кулоо

390
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фикрат жана тарыйкатта бекем туруу сыноодон ийгиликтүү өтүү

Залимдерге жардам берүү сыноодон кулоо

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты

борбордук алакалар комитетинин мүчөсү

доктор Мухамад Хивраний

Ислам нусраты үчүн аракет кылып жаткан кишилерди сыноо, алардын кимиси чынчыл, кимиси жалганчы экендигин айырмалоо үчүн сыноо – Аллах Азза ва Жалланын мыйзамы.

Аллах Азза ва Жалла бизге Өзүнүн Куръани Кариминде анбиялардын кыссаларын, алар өз коомдору тарабынан азап-кыйынчылыктарды көрүшкөнүн, даъватты жеткирүүдө оор балээ сыноолорго туш келишкенин баян кылды. Аллах Өзүнүн набийи жана ал заттан кийин келе турган момундардын кадамдарын бекемдөө үчүн ушундай сыноолорду бергенин билдирип өттү.

Чындыгында, биз үчүн үлгү болгон Пайгамбарыбыз жана сахабалар эң катуу азат жана сынолорго туш келишти, бирок, бул аларды диндеринен бура албады, Роббилеринин убадасына болгон катъий ишенимдерин кайтара албады, тескерисинче, ыймандарын бекемдеди, дин жана тарыйкатта кадамдарын дагы да бекем кылды.

Кайгы жылы Расулубуз ﷺ анын таянычы болгон Хадича энебизди, тышкы тараптан таянычы болгон абасы Абу Талибди жоготту. Ошондо Курайштын азарлары күчөдү жана алар мурда кыла албаган зулумдарды кылышты… Ал эми, ал зат сабыр кылды жана булардын ажрын Роббисинен үмүт кылып, өзүнүн белгилүү сөзүн оозунан түшүрбөдү:

«لاَ أَزَالُ أُجَاهِدَهُمْ عَلَى الَّذِي اِبْتَعَثَنِي اللهُ بِهِ حَتَّى يُظْهِرَهُ اللهُ أَوْ تَنْفَرِدَ هَذِهِ السَّالِفَةُ»

«Мен Аллах жөнөткөн пайгамбарлыгым негизинде аларга каршы күрөштү токтотпоймун, же Аллах ушул пайгамбарлыкты үстөм кылат, же анын жолунда шейит болом».

Расулуллах ﷺ туш болгон азаптарга мисал:

Имам Бухарий риваятында Урва мындай дейт: «Мен Амр ибн Астан мушриктер Расулуллах ﷺга кылган катуу азаптардан айтып бер дегенимде, мындай икая кылды: Набий ﷺ Каъба ташында эле, Укба ибн Муит келип калды жана көйнөгүн ал заттын мойнуна байлап, катуу муунта баштады. Ошондо Абу Бакр G келип калды жана Укбанын желкесинен тартып, аны түртүп салып: «Роббим Аллах, деген затты өлтүрөсүңбү?!», деди».

Аллах Азза ва Жалла ааламдар саййидин араб урууларына өзүн сунуштап, алардан нусрат талап кылууну буйруду. Бул – арабдардын ал затка ыйман келтирүүлөрү жана Ислам мамлекетин тикелөө үчүн суралган нусрат эле. Себеби, ушул дин үчүн аны колдоно турган жана турмуш вакиъсинде иш жүзүндө жүзөгө чыгара турган мамлекет болушу шарт. Адамдар ааламдар Роббиси ыраазы боло турган жалгыз түзүм көлөкөсүндө жашоолору, Исламды даъват жана жихад жолу менен бүткүл дүйнөгө нур катары жеткирүү үчүн мамлекет болушу шарт. Расулуллах ﷺ менен сахабалары катуу азаптарды башынан өткөрүштү, түрдүү фитналарга дуушар болушту, бирок, бул аларга кымындай таасир кылбады, балким, ыйман, бекемдик ишенимдерин дагы да ашырды.

Расулуллах ﷺ Мекке коому даъватка карата таштай катып калган соң, нусрат берип калышаар деген үмүттө Меккеден Таифке чыкты. Бирок, Таиф калкынан да азарга туш болду… Алар балдарын жана тентектерин ал затка каршы үндөштү… Ал затка таштар ыргыттырып, а түгүл буттарын канга бөлөштү. Ошондо ааламдар саййиди сабыр менен артка кайтты жана Роббисине:

« إنْ لـَمْ يَكُنْ بِكَ غَضَبٌ عَلَيَّ فَلاَ أُبَالِي، لَكَ الْعُتْبَى حَتَّى تَرْضَى وَلاَ حَوْلَ وَلاَ قُوَّةَ إِلاَّ بِكَ»

«Менден ачууланбасаң жетиштүү, мен эч тынчсызданбайм. Менден ыраазы болсоң жетиштүү, мен Сенден ыраазымын. Күч-кудурет жалгыз улуу Аллахтын жардамы менен», деди.

Даъваттын мына ушундай оор убагында Аллах Субханаху ва Таала Өз Набийи ﷺга набийлер атын алган үч сураны түшүрдү. Алар Худ, Юнус жана Юсуф суралары. Бизге белгилүү болгондой, Куръан Расулуллах ﷺга түшсө, албетте жүрөктөрүн рушду хидаятка, кайрат жана эрдикке толтурат эле. Худ сурасында Аллах Таала айтат:

﴿فٱستَقِم كَمَاۤ أُمِرتَ وَمَن تَابَ مَعَكَ وَلَا تَطغَوا إِنَّهُۥ بِمَا تَعمَلُونَ بَصِیر + وَلَا تَركَنُوۤا إِلَى ٱلَّذِینَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن أَولِیَاۤءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾

«Демек, сен жана сени менен бирге тообо кылгандар өзүңөргө буйрулгандай туура жолдо болгула! Дагы аша чаап кетпегиле! Албетте, Ал кылып жаткан иш-амалыңарды көрүп турат. Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт»                                                                [11:112-113]

Көпчүлүк муфассирлер ушул аяттын өзү эле Набий ﷺды карытканын айтышкан. Мисалы, Ибн Аббас G айтышынча, Аллах Тааланын:

﴿فٱستَقِم كَمَاۤ أُمِرتَ﴾

«Сен өзүңө буйрулгандай туура жолдо болгун» деген сөзүндөй катуу баткан аят болбогон.

Демек, Аллахтын буйругунда фикрат жана тарыйкат менен бекем туруу – суноо. Аллах Азза ва Жалланын мыйзамдарына ылайык нусрат жана үстөмдүккө ылайык болуу – фикратта бекем, тарыйкатта туруктуу туруу жана андан кылча четке чыкпоо менен болот. Мындан кантип четке чыгар элек, акыры, Аллахтын өкүмү болсо, аны бекем кармап, анда туруктуу турууну буйруган болсо?! Аллах Субханаху ва Тааланын нусратына, үстөм кылышына жана ыраазылыгына бирден-бир жол – Анын буйругуна моюн сунуп, ушул шаръий тарыйкатта бекем туруу. Себеби, канчалык кыйынчылыктар болбосун, чоң курмандыктар берилип, фитналар көп болбосун, Аллах Азза ва Жалла бизди Ага баш ийүүгө буюрду.

Баарыбызга үлгү болгон зат – бул Расул ﷺ жана Аллах Азза ва Жалла буюргандай туруктуу тургандардын эң жакшысы – ал киши. Расулуллах ﷺ ондогон араб урууларынан нусрат кылып, бул жолдо өтө көп азарларды башынан өткөрдү… Уруулар ар түрдүү жооп беришти. Кээ бирөөлөрү ага балдар жана акмактарды туш кылса, кээ бирөөлөрү башына топурак чачышты… кээ бирөөлөрү болсо, жакшы жооб кылды, кээ бирөөлөрү белгилүү көлөмдө дуняга ээ болуу максатында аны менен сүйлөштү. Расулуллах ﷺ нусрат талап кылуу негизинде өтө оор сүйлөшүүлөргө киришти, көп фитналарды көрдү, түрдүү-түркүн алдоолорго туш келди. Ага бул ишин токтотушу акысына падышалык, мал-дүйнө жана аялдар сунуш кылынды. Бирок, ааламдар саййиди аларга «Асман үзүлүп жерге түшсө да, силер мага сунуш кылып жаткан нерсени кабыл албаймын» деп жооп берди. О.э. сүйлөшүү убагында андан жан берүүнү да сурашты, бирок, ал жан берүүнү катъий четке какты. Анткени, нусрат бере турган кишиге өтө муктаж болсо да, жан берүү ал үчүн оор эле. Муну менен бирге, кемчиликтүү нусрат бергендер да болду, бирок, ал «Эч качан мындай болбойт, бул ишке ар тараптуу толук нусрат берилет», деди.

Набий ﷺ алгачкы Ислам мамлекетин тикелөө үчүн нусрат талап кылганда кээ бир уруулар тарабынан берилген жообдорду окуганбыз. Бул – бүгүнкү күндө угуп жаткан сөздөргө өтө окшойт. Мисалы, бир уруу «Биз арабдарга итаат кылсак, кийин иш бизден башкаларга тиеби, анда сага муктаж эмеспиз», деп жооб берди!

Набий ﷺ нусрат берүүгө даяр күчтөргө жан берүүдөн баш тартты. Т.а. алардын кээ бирөөлөрү нусрат берүү же Ислам мамлекетин колдоп-кубаттоо акысына өз адамдарын бийликке алып келүүнү же болбосо сыйлык катары бийлик берилишин сурашты. Бирок, ал мындай жан берүүгө ыраазы болбоду. Мисалы, Набий ﷺ бийлик Умматтыкы экенин, аны эч ким монополия же Умматтын каалоосусуз бөлүштүрө албашын, себеби, Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзө турган адамды шайлоочу тарап Уммат экенин кабар берди.

О.э. Худ сурасындагы аят бизди адашуудан мындай эскерткен:

﴿وَلَا تَطغَوا إِنَّهُۥ بِمَا تَعمَلُونَ بَصِیر﴾

«Дагы аша чаап кетпегиле! Албетте, Ал кылып жаткан амалыңарды көрүп турат» [11:112]

Бүгүн көпчүлүк адамдар мына ушундай адашууга түшүүдө… Залим режимдер сыяктуу, колуна аз эле бийлик тийип калса, Умматка өкүмдарлык кылып жатат, салтанатын тартып алып, жашыруун камак лагерлерин ачып жатат, Уммат мойнуна төлөм жана салыктар жүктөп жатат… Мына ушулардын баары Аллах эскерткен жана харам кылган адашуу. Демек, андайлар билип койсун, Аллах алардын мындай амалдарын көрүп турат, жолдон тайылуу, бул жолдо туруктуу турбай, кызыкчылык жана ушуга окшош шылтоолор менен Аллахтын шариятынан жана тарыйкатынан баш тартуу сыяктуу бул амалдары нусрат жана үстөмдүктөн тосот.

Аяттар залимдерге таянышыбыз жаиз эмес экенин, бул бизди эки дүйнө кыйроосуна алып барышын кабар берүүдө. Себеби, залимдер жардам берүү менен Уммат токтому жана тагдыры ошолорго күрөө болот, эрки тартып алынат, анын үстүнөн душмандар өкүмдар болот, арийне, нусрат эч качан бизге жар болбойт. Бүгүн көпчүлүк адамдар, Аллах Субханаху бизди эскерткен мына ушул илдеттерге кабылышты, акыбетте, жолдон азышты, Уммат берген ушунча курмандыктарды текке кетиришти, нусратты кечиктиришти. Биз Роббибиздин буйругунда бекем турбасак, Анын арканын бекем кармап, Аллах Таала буюргандай тарыйкатта туруктуу турбасак, эч кандай кутулуу ишке ашпайт, нусрат да келбейт. Качан ушул тарыйкатта бекем туруп, «колдоо көрсөтүп» жаткан мамлекеттер менен алаканы үзсөк, ошондо гана Аллах Азза ва Жалла бизди нусрат жана үстөмдүк менен сыйлайт.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here