Бакиев бейнеси: бул анын саясаттагы карааны эмес…

422
0

Бакиев бейнеси: бул анын саясаттагы карааны эмес…

Узаган аптада эки телеканалдан Бакиев тууралуу тасманын узатылышы саясаттагы урунттуу окуялардан болуп калды. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, Бакивге каршылар менен анын таламын талашуучулар ортосунда катуу кайым айтышуулар жаратты. Ички саясатта жээнбековчулар, атамбаевчилер сыяктуу “чылар”дын катарына эми “бакиевчилер” келип кошулду. Учурдагы бийлик буга каршылыгын УКМК аркылуу көрсөтүп, жогорудагы тасманы узаткан телеканалдарга эскертүү берди. Мурунку президент Атамбаев да муну өз саясатына пайдаланып, окуяны “бийлик тарабынан Бакиевдин реабилитацияланышы” деп чечмеледи.

Саясат айдыңында ушул окуянын орду канчалык, андан кандай максат көздөлгөн – буларга айкындык киргизүү үчүн Бакиевдин башкаруу дооруна жана анын башкаруучулук бейнесине назарыңыздарды бурабыз.

Бакиев бийликке кандайча келген?

Бакиевге чейин 15 жылдай бийлик жүргүзгөн Аскар Акаев – эл аралык саясаттан алганда – КМШ өлкөлөрү ичинен Россияга эң көп моюн сунуучу президент болду. Россия өзү жалпы кризисте болгонуна карабастан, Акаев режиминин Россия көзүн карап туруусу о.э. башкарууга жөндөмсүздүгү калкта күчтүү нааразылык толкунун жаратты. Мындан ары Акаевдин мамлекетти башкарып тура албашы көрүнүп калды. Мына ошондо, Батыш империалисттери тарабынан – алардын “жылжып кирүү” саясатына ылайык – Бакиев кадр катары даярдалды. Мындан Россиянын Орто Азиядагы колонизаторлугуна каршы аста-секин кирип келүү көздөлгөн эле. Ошондуктан, кагаздан куурчак жасалган сыңары, Бакиевден баатыр жасалды. Бирок, Россия бийлиги да буга каршылык кылган жок. Анткени, Бакиевди бийликке алып келсе, эл аралык коомчулуктун каршылыгына учурамак эмес жана Бакиевдин Россия буйруктарына кыңк этпей моюн сунарына өз бөркүндөй ишенген. Ошентип, Батыш каалоосу жана Россия ыраазылыгы менен, Акаев Бакиевге алмаштырылды.

Бакиев бийликке келген соң, алгачкы жылдары тышкы саясатта толугу менен Россия багытынан жүрдү. Ички саясатта элдин ишенимине жетиш үчүн реформалар жүргүзүмүш этти. О.э. ичкеридеги бийлигин бекемдөөдө түштүк элинин колдоосуна таянды. Мамлекеттик кызмат орундарында түштүктүк кадрларды көбөйттү. Мына ушулардан кийин, өзүн “хан” сезип, баласы Максимди “ханзаада” кылып койду. Бакиевдердин андан ары араандары ачылып, элдин чөнтөгүндөгү тыйындарына чейин кол сала башташты. Андан соң, Россиянын катуу кол колонизаторлугунан качып, ата-Бакиев Кытайдан, бала-Бакиев Батыштан жумшак кол кожоюндар издей башташты. Мына ошондо Россия аралашып, элдин Бакиевге каршы кыжырдануусунан пайдаланды да, аны бийликтен кетирди. Бакиев да дароо эле кетип калган жок. Түштүк элинин колдоосуна таянып, түштүккө барды. Бирок, азыркы президент Жээнбековдун тобу тарабынан сүрүп ташталды жана Путиндин “ырайымы” менен республикадан чыгып кетти. Ошондуктан, Жээнбековчулардын Бакиевди актамакчы экени чындыктан алыс. Анткени, аларга бул жааттагы элдин каршылыгы керек эмес о.э. аларга дагы бир бийлик талашуучунун кереги жок…

Бакиев бийликтен кеткенден кийин, анын табакташтары “улутчулдук” жана “түштүктүк” туйгуларынан пайдаланып, “Ата Журт” партиясы аркылуу парламентте көпчүлүк орунду ээлешти. Ошондогу Отунбаева башында турган батышчыл жаңы бийликке каршы орусиячыл күчтүү оппозиция болуп калышты. Бирок кийин, Атамбаев президент болгон соң, ал Россия багытын карманды да, бул оппозицияны ар түрдүү саясий оюндар аркылуу сындырып жиберди. Жээнбеков бийликке келгенден кийин болсо, алардын ичинен бийлик күрсүлөрүнө илешпей калгандары эми Бакиев атына жамынып, парламенттик шайлоого шайланып жатышат.

Ошондуктан, бул аптадагы видеотасма окуясын “бакиевчил” жаңы партия түзүүгө  ташталган кадам деп кабыл алууга болот. Мунун бир нече себептери бар.

Биринчиден, Бакиев Россия тарабынан куулуп ташталса да, бирок, ал Батышка кызмат кылбай турган абалда Белоруссияда кармалып турат. О.э. анын атынан кайрадан саясатка кирмекчи болуп жаткандардын дээрлик баары орусиячылдар. Ошондуктан, аларга Россия тарабынан каршылык болбойт. Алардын “бакиевчилдик” атынан “түштүктүк” деген туйгуга негизделиши Россия саясатына дал келет. Анткени, өлкөнүн мындай регионалдык, улутчулдук – о.э. андан ары майдаланып – жердешчилик, уруучулдук негизинде бөлүнүп-бытырандыланышы Россиянын колонизаторлук башкаруусуна ыңгайлуу шарттарды жаратып берет.

Экинчиден, түштүк эли ичинде Атмабаев жана Жээнбековдордун башкаруусуна салыштырмалуу түрдө Бакиев бийлигин баалагандар да бар. Алардын добушун алыш үчүн “бакиевчил” ураан керек.

Үчүнчүдөн, шайлоо кампаниясына Бакиевдин каражатынан пайдаланыш керек. Бул саясатчылар Бакиевдин атын ортого салганда, муну аны бийликке алып келиш үчүн кылышкан жок. Анткени, бийлик алардын өздөрүнө керек. Бакиев болсо, анын үй-бүлөсүнүн соттуулугун алып салып, бул аркылуу балдарынын кайрадан саясатта мүмкүнчүлүк алышына ыраазы болот. Демек, бул саясатта Бакиев караанынын көрүнүшү эсептелбейт.

Эми Бакиевдин бийликке келип-кетишине карасак, анын бийликке келиши да, кетиши да экстремисттик жол менен болгонун көрөбүз. Себеби, “экстремизм” атамасы кафир империалисттер тарабынан ойлоп табылган термин болуп, анын мааниси мындай: бийликти күч менен алууга же бийликти күч менен сактап калууга болгон аракеттер – экстремизм деп аталат. Демек, өздөрүнүн аныктамасына ылайык, Бакиевдин бийликке келииши эктремисттик жол менен болгон. Бирок буга карабастан, Бакиев бийлиги алардын баары тарабынан тан алынды. “Экстремизм” болсо кайра мусулмандарга каршы каратылып, Бакиев кафир кожоюндарына кошамат кылуу менен жазыксыз мусулмандарды экстремизмде айыптады.

Мунун да өз тарыхы бар. Бакиев Кыргызстанда бийликке келгенден кийин эле, Өзбекстанда канкор Каримов “Анжиян окуясын” уюштурду. Анын огунан качкан айрым мусулмандар Кыргызстан чек арасына келип баш калкалашты. Ошондо Бакиев эл аралык коомчулуктун басымы астында, ошону менен бирге, мусулмандар туйгусун багындыруу үмүтүндө, качкындарды үчүнчү мамлекеттерге чыгарып жиберди. Бул иш канкор Каримовдун каарын келтирди.

Бирок, Бакиевдин чыныгы жүзү кийин ачылды. Ал Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштө кафир империалисттерге кызмат кылары, бул иште Каримовдун изинен жүрөрү ачыкка чыкты. Мисалы, түздөн-түз Бакиевдин буйругу менен, кафир империалист кожоюндарынын “экстремизм жана терроризмге каршы күрөш” саясаты алкагында о.э. канкор Каримовдун көңүлүн алуу үмүтүндө, 2006-жылы 7-августта, “антитеррористтик операция” шылтоосу менен, Орто Азиядагы акыйкатты ачык айткан улуу аалымдардын бири – Мухаммад Рафик каары Камалов – Кыргызстан жана Өзбекстан атайын кызматтары тарабынан атып өлтүрүлдү (урматтуу шейхибизге шейиттиги мубарек болсун).

Дагы бир мисал, Бакиев бийлиги 2008-жылы 1-октябрда, Ноокат районунун борборунда, мусулмандардын айттык майрамын каргашалуу күнгө айландырды. Бийлик Орозо айтты майрамдаганы чыккан мусулмандарды кууп таркатып, 100 кишини камакка алды. Алардын 35и айыптуу деп табылып, 2 жашы жете элек өспүрүм 10 жылдан, калгандары 15-20 жылдан камак мөөнөтүнө кестирилди. Туткундарга карата Бакиев режими тарабынан – Каримов режими мусулмандарга карата колдонгондой – ырайымсыз кыйноолордун түрдүү ыкмалары ишке салынды. (Дагы белгилей кетсек, ушул иш-чараларда ошол кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун жана ички иштер министри Молдомуса Конгайтиевдин ролу чоң болгон).

Ушулардан маалым болгондой, Бакиевдин саясий бейнеси ушул, ал эми, Бакиев тууралуу видеотасмалардын жөнү болсо тигил. Көрүнүп тургандай, Кыргызстан калкы мусулман болушуна карабастан, анын саясатчылары, аларга ээрчиген эл саясатка империалист кафирлердин жүргүзгөн саясаты алкагында катышууда. Бул бир күнөө болуп, биз мындан кайтарабыз. Эй мусулмандар, намазыңарды Пайгамбар а.с. үйрөткөндөй аткарганыңардай эле, саясатка да Пайгамбар а.с. үйрөтүп кеткендей аралашкыла. Бул бир фарз болуп, биз аны аткарууга чакырабыз.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here