Жээнбеков эмгек мигранттарын үчүн Путинге ыраазычылык билдирди

460
0

Жээнбеков эмгек мигранттарын үчүн Путинге ыраазычылык билдирди

2-август күнү Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы болуп өттү. Жыйынга Россия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина жана Бириккен Араб Эмираттарынан келген кыргызстандыктар катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиядагы кыргыз мигранттарынын абалы бир топ жакшырды деп эсептешин айтып, ушуга байланыштуу Россия президентине рахмат айтып, эки өлкө ортосунда ишенимдүү саясий диалог бар экенин белгиледи. 
“Россияда эмгектенип жаткан биздин жарандарыбыздын акыбалы бир топ жакшырды. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путиндин жеке колдоосунда жарандарыбызга миграциялык жеңилдетүү жана „кара тизмеден“ чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү менен Россияда иштөөгө шарт түзүлдү. Россиядагы мекендештерибизге көрсөткөн жеке колдоосу үчүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путинге мүмкүчүлүктөн пайдаланып дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирип кетем”, – деди.
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Россияда 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар экендигин, алардын 500 миңи Россия жарандыгын алгандыгын айтты.
Комментарий: Кыргызстан Улуттук банкынын кабарына таянсак, 2019-жылдын алгачкы эки айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 344,6 миллион доллар жөнөтүшкөн. Ал эми 2018-жылы чет өлкөдөгү кыргызстандыктар өз мекенине 2,7 миллиард долларга жакын акча жөнөтүшкөн.
Кыргызстандын калкы 6,4 миллион. 2018-жылы ИДПнын көлөмү 8 миллиард долларга барабар болгон.
Жогорудагы элчинин сөздөрүнөн белгилүү болгондой, мигранттардын басымдуу бөлүгү Россияда. Өз кезегинде, Россия да эмгек мигранттары маселесин Кыргызстанга басым өткөрүү куралы кылып алды. Эгерде кыргыз бийлиги Россиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса дароо мигранттарга басым күчөйт. Атамбаевдин тушунда Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча Россия менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылганда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен Россияда иштөөгө тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн. Ага чейин Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Россия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. 
Кыргызстандын мигранттар маселесинде Россияга мынчалык байланып калышы олуттуу экономикалык кризиске алып барат. Себеби, батыш мамлекеттеринин санкциялары себептүү Россия экономикалык кризиске дуушар болууда. Россия куласа аны менен кошо Кыргызстан да экономикалык кыйроого дуушар болушу мүмкүн. Мындан тышкары, мамлекет башчы Путиндин каарына калбастык үчүн ар дайым ага ыраазычылык билдирип турууга мажбур болот.
Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here