Муслима карындашыбыз Рахиланын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу таъзия билдиребиз

436
0

БАСМА СӨЗ БАЯНАТЫ

Муслима карындашыбыз Рахиланын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу таъзия билдиребиз

(Кылмышкер Каримов режиминин жийиркеничтүү кылмыштары бүгүн да уланыып жатабы?!)

Кайдыгерликпи же катылдыкпы?!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

﴿مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا﴾

«Муминдер арасында Аллахка берген өз убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту (т.а. шейит болду), айрымдары болсо (шейиттикке) ынтызар,алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок» [33:23]

Муслима карындашыбыз Тажибаева Рахила Хакимжановна 1984-жылы Наманган шаарынын Ахсикент көчөсүндө төрөлгөн. Карындашыбыз Аллахтын динине махабат коюп, Ал заттын жолунда тынымсыз даъват кылар эле. Аллахтын алдындагы өз милдетин жакшы түшүнүп, Исламий турмушка чакырууда активдүү иш алып барчу, умматка акыйкатты жеткирүүгө аракет кылчу. Мына эми ушундай изги сыпаттары анын шахидалыгы менен тастыкталып олтурат.

2007-жылы, ошол убактагы залим режим карындашыбызды 5 жылга эркинен ажыратты. Жаза мөөнөтү аяктаганда, 2012-жылы, көптөгөн мусулман туткундар сыяктуу эле, мөөнөтү кайрадан 3 жылга узартылды. 2015-жылы да мындай абал кайталанып, дагы 3 жыл кошуп берилди. Акыры 2018-жылы муслима карындашыбыз камактан саламатчылыгын жоготкон абалда чыкты. Бул учурда карындашыбыздын турмуш жолдошу Ибраимов Мухтаржан Эшандадаевич да камакта болчу. Ал жигитибиз 2001-жылы Хизб-ут-Тахрир жамаатына мүчө деп айыпталып камалып, ошол бойдон азат кылынбаган эле. Ошондуктан, карындашыбыз камактан чыгары менен жолдошун көргөнү жаза өтөөчү жайга барып келет.

Быйыл 2019-жылы, күнү кече 31-июль күнү, кош бойлуу карындашыбызды дарыгерлер мажбурлуу түрдө ооруканага алып кетишти. Карындашыбыз өз каалоом менен ооруканага баруудан баш тарттым деп тилкат беришине карабастан, дарыгерлер  мажбурий түрдө алып кетишти… анан эмне болду?.. ооруканадан эне-бала жансыз чыкты!!! Карындашыбыздын турмуш жолдошу ушул жылы 6-августта т.а. 6 күндөн кийин эркиндикке чыкмак!

Муслима карындашыбыз Аллахка болгон ыйманы талабы менен, Ал Заттын жолунда, Расулу Мухаммад с.а.в. га ээрчүүдө бекем турду жана башкалар үчүн үлгүлүү жашап өттү. Биз муслима карындашыбызды Аллах жолунда шейит болгондордон деп билебиз. Албетте, Аллахка эч кимди күнөөдөн аруу деп айта албайбыз жана албетте карындашыбыздын  шейиттигин кабыл кылышын сурайбыз.

Шейиттик мубарек болсун, муслима карындашым!

   الَّذِينَ اسْتَجَابُواْ لِلّهِ وَالرَّسُولِ مِن بَعْدِ مَا أَصَابَهُمُ الْقَرْحُ لِلَّذِينَ أَحْسَنُواْ مِنْهُمْ وَاتَّقَواْ أَجْرٌ عَظِيمٌ

– “Алар өздөрүнө жаракат жеткенден кийин да Аллах жана Расулунун чакырыгына жооб бере тургандар. Алардан жакшылык жана таква кылган заттар үчүн улуу ажр-сыйлык бар”. (3:172)

Ушул орунда болуп өткөн окуялар ар бир инсанда күмөндөр жаратып, суроолор туудурат. Карындашыбыз кандайча набыт болду?! Бу атайлап өлтүрүүбү? Же кайдыгерликпи? Бүгүнкү бийлик да Каримовдун Аллахка, Расулуна, Исламга жана момундарга болгон душмандык жолунан ээрчип жатабы?! Андай болсо эскертебиз, Аллахтын динине тосук болуу үчүн аракет кылган Каримов Тозоктон башка нерсеге жетишкен жок. Эгер ага ээрчип жаткан болсоңор, силердин ээрчий турган нерсеңер да ушул эле болот. Эскертебиз, жүрөгүңөр согуп турганда, Аллахка өз убагында тообо келтирип калгыла, болбосо ахиретиңер аянычтуу болот.

Карындашыбыздын жакындарына көңүл айтабыз жана аларга Аллахтан чырайлуу сабыр сурап калабыз. Аларга дагы мындай дейбиз: сиздер кайгырбаңыздар, бул албетте карындашыбыз үчүн улуу утуш жана жемиштүү жеңиш болуп эсептелет, инша Аллах!

إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّـا إِلَيْهِ رَاجِعونَ

– “Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз”.  (2:156)

وَلَا تَقُولُوا لِمَن يُقْتَلُ فِي سَبِيلِ اللَّـهِ أَمْوَاتٌ ۚ بَلْ أَحْيَاءٌ وَلَـٰكِن لَّا تَشْعُرُونَ * وَلَنَبْلُوَنَّكُم بِشَيْءٍ مِّنَ الْخَوْفِ وَالْجُوعِ وَنَقْصٍ مِّنَ الْأَمْوَالِ وَالْأَنفُسِ وَالثَّمَرَاتِ ۗ وَبَشِّرِ الصَّابِرِينَ *الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُم مُّصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّـهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ* أُولَـٰئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِّن رَّبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ ۖ وَأُولَـٰئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ

– “Аллах жолунда курман болгон шахиддер жөнүндө: «Алар өлүктөр», дебегиле! Жок, алар тирүүлөр, лекин силер сезбейсиңер. Дагы албетте силерди кооп-коркунуч, ачарчылык, мал-жанды жана мөмө-жемиштерди азайтуу сыяктуу нерселер менен сынайбыз. Бирер мусибат келгенде: «Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз ал Затка кайтуучубуз», деген собирлерге сүйүнчү кабар бергин. Дал ошолорго Робби тарабынан салават жана рахмат бар. Дал ошолор туура жолду тапкандар”. (2:154-157)

Хизб-ут-Тахрирдин Өзбекстандагы медиа офиси

02.08.2019-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here