Ислам Кызатташтык Уюму Фалестинди сатып, Куддустан баш тартууда

328
0

Ислам Кызатташтык Уюму Фалестинди сатып, Куддустан баш тартууда

«Маан» агенттигинин сайты хижрий 1440-жылы 15-зул-каъда, миладий 2019-жылы 18-июль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Кече шаршемби күнү Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңеши яхудий вужудунун Куддус Шариф шаарында болуп жаткан мыйзамбузуулары боюнча өткөргөн «чукул жолугушууну» бүтүрдү. Жыйын учурунда басып алынган Куддус шаарынын тарыхий жана мыйзамдуу абалын өзгөртүү аракеттери уланып жатканына, ал жерге кээ бир мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдүктөрү көчүрүлүп жатканына тынчсыздануу билдирилди. Жыйындын катышуучулары эл аралык коомчулуктан эл аралык мыйзамдарга ылайык өз жоопкерчилигин аткарууну, яхудийлердин мындай кооптуу иш-аракеттерине чекит коюуну талап кылышты, ушул абалды өзгөрүүсүз сактап калуу үчүн эч кандай жардам көрсөтпөөгө чакырышты».

Роя гезити:

«Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер – «чукул жолугушуу» өткөрүп жатышса да – бирок, алар адаттагыдай өзүлөрүнө жүктөлгөн вазыйпаны т.а. яхудий вужудун каралап, нааразылык билдирип туруу вазыйпасын аткаруу менен алек. Яхудий вужуду бүткүл мубарек Фалестин жеринде, өзгөчө, Куддус шаарында өз кылмыштарын күчөткөн учурда коомчулукту чалгытуу жана адамдардын үндөрүн басуу үчүн Ислам Кызматташтык Уюмунун ушул жыйыны өткөрүлүүдө. Негизи, көчүп келип, турак-жайларды куруп жашап калган яхудийлердин жана яхудий вужудунун жетекчилеринин кылмыштары Акса мечитине бастырып кирип, тебелеп-тепсешинен тартып, Куддус калкынын үй-жайларын «уруксатсыз ээлеп алынган» деген шылтоо менен бузууга… Акса мечитинин асты жана айланасынан туннель казууга чейин жетти. Мындай туннелдердин кезектегичи жаңы ачылган «яхудий ажылары жолу» деген туннель болуп, анын узундугу Баракати Силвандан мубарек Акса мечитинин түштүгү Силвандагы Бурак дубалына чейин созулган.

Биз, мусулмандар, кылмышкер режимдердин жана алардын ийгиликсиз уюмдарынын бул сыяктуу жолугушууларынан тажадык. Колонизатор кафир Батышка малайлык кылууда мусулман режимдеринен айырмаланбаган бул уюмдардын жолугушуусу, адатта, яхудий вужуду Фалестин калкына жана ыйык жайларына каршы бир катар кылмыштарды жасагандан кийин өткөрүлөт. Жолугушуунун соңунда кабыл алынган билдирүүлөрү болсо, кагаздагы сыя болуп кала берет. Мисалы, бул жолку «чукул» жолугушуунун корутунду билдирүүсүндө да яхудий вужудунун Фалестин калкын Куддус шаарындагы өз үй-жайларынан мажбурий көчүрүү саясаты караланды… турак-жайларды куруу, кошуп алуу, дубалдарды орнотуу жана Куддустагы харам шарифтин астында жана айланасында туннель казуу иштерин алып баруу сыяктуу бардык колониялык аракеттерге каршы позиция билдирилди… Мубарек Акса мечитинин ыйыктыгына кол салуу, чиновниктердин жана көчүп келип жайгашып алган яхудийлердин ал жерге тынымсыз бастырып киришинен эскертилди… О.э. яхудийлердин бул жана башка бардык улутчул жана душманчыл кылмыштарынын жоопкерчилиги яхудий вужудуна жүктөлдү… Бирок, бул билдирүүлөрдүн баары аткаруусуз калып берет.

Мындай саткынчыл билдирүүлөр кабыл алынбай жатып алар кандай мазмунда болору алдын ала белгилүү. Баары каралоо, нааразылык билдирүү, эскертүү, жоопкерчилик жүктөө… сыяктуу сөздөрдөн ары өтпөйт! Кийин жолугушууда акимдер жана аткаминерлер эстеликке сүрөткө түшүшөт… Негизи, алардын ар бири кордукту, бузгунчулукту, жуундукордукту жана саткындыкты өзүлөрүнө ылайык көрүшкөн, алар Аллахтын өкүмдөрүнө батынган кимселер болуп, өзүлөрүнүн күн тартибинен шаръий өкүмдү чыгарып салышкан… Т.а. алар ушул мубарек жерди жана Аксаны азат кылуу үчүн тезинен аракетке келүү вазыйпасын Уммат армиясына милдетүү кылып жаткан өкүмдөрдү күн тартибинен чыгарып салышкан. Бул малайлар ушул шаръий өкүмгө ыраазы болуунун ордуна, яхудий вужудунун мубарек Фалестиндин чоң бөлүгүнө ээ болушун мыйзамдуу деп моюнга алышты. Баскынчылардын Батыш Жээктеги жана Газа секторундагы Фалестин калкына каршы кылмыштарын ооздо гана каралоо менен чектелишти.

Эй мусулмандар, мындай малай режимдерге каршы көтөрүлүп, баарын кулатып, алардын урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөнүн убагы келбедиби, деги, мусулмандардын күч-кубаты жана улуулугу ушул мамлекетте го?!

Роя гезити, №244, 2019-жыл, 24-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here