Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты Ливан режимин сириялыктарга жана фалестиндиктерге басым өткөрүүдөн эскертет

299
0

Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты Ливан режимин сириялыктарга жана фалестиндиктерге басым өткөрүүдөн эскертет

Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты режимди эскертип, Ислам жана мусулмандарды жаман көргөн улутчулдардын (министрлер жана башкалардын) токтомдоруна алданып калуудан, алоосу суу-кургакты өрттөгөн жарандык согушту кайра жалындатуудан, кээ бир кимселер ушундай фитнаны даярдап жатканынан сак болууга чакырды. Бул туурасында жума күнү Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү чыгарып, «Эмгек министрлиги Улуттук Азаттык (Авний) кыймылы менен биргеликте Ливандагы сириялык жана фалестиндик качкындарга басым өткөрүү маселесин талкуулашып жатканын» ачыктады. Билдирүүдө айтылышынча, бир видео таратылып, анда Шам жана Фалестин калкынан болгон Ливанда мигрант болуп жашап жаткан качкын мусулмандарды кээ бир улутчул жана карөзгөй кимселер акаараттап, тилдеп, коркутуп жана адамдарды аларга каршы күрөшкө чакырган… Бул маселе Ислам жана мусулмандарга тил тийгизүү даражасына жетти. Өзгөчө, христиандардын укуктарын кайра тикелөөгө чакырып келе жаткан тышкы иштер министри өз кылмыштары жана билдирүүлөрү менен Ислам жана мусулмандарды акаараттады… Ал сунний тайпачы саясатчылар бул укуктарды христиандардан тартып алган деди.

Билдирүүдө ливандык мусулмандарга кайрылуу жасалып, канкор Башар кылмыштарынан, баскынчы яхудийлердин зулумунан качып келген ага-инилерибизди жардамсыз калтырбоо зарыл экендиги, Исламдагы ага-инилик өлкөлөрүбүздү бөлүп турган ар кандай чегарадан үстөм экендиги айтылды. О.э. Ливан калкынын мусулман болбогон бөлүгүнө да кайрылуу жасалды: «Силердин вазыйпаңар – Исламды кемсинтип жаткан, Ливан калкы болобу, Сирия же Фалестин калкы болобу, мусулмандарды акаараттап жаткан бул улутчуларды тыйып коюу. Силер менен биргеликте Ислам шарияты көлөкөсүндө эч кандай ички чыр-чатаксыз жана шайтаний фитнасыз биргеликте жашап келдик. Жүздөгөн жылдар мусулмандар силерди коргоп, колдоо көрсөтүп келишкен». Билдирүүдө дагы мындай делет: «Силер, христиандар, мусулмандар чөйрөсүндө т.а. Умматты залим өкүмдарлыктан куткарууга, Батыш бытыранды кылып бөлүп салган өлкөлөрдү бир мамлекетте бириктирүүгө аракет кылып жаткан мусулмандар арасында жашап жатасыңар. Уммат – Аллахтын уруксаты менен – бул өзгөрүү алдында турат. Ошондой болгон соң, Уммат аракетине тоскоол болбогула, антпесе, зыян көргөндөрдөн болсуңар».

Роя гезити, №244, 2019-жыл, 24-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here