Боордоштукка балта чапкан «миграция» мыйзамы

372
0

Боордоштукка балта чапкан «миграция» мыйзамы

Мына дээрлик бир айдан бери Түрк бийлиги «мыйзамсыз миграцияга» каршы күрөшүү алкагында өлкө ичинде рейддерди өткөрүүдө. Ушул тапта кармалган «мыйзамсыз мигранттардын» саны 165 миңге жетти. Түркия ички иштер министри Сулайман Сойлунун айтымында, 2018-жылы 56 миң адам өз өлкөлөрүнө депортация кылынган. Ошондой эле, Сулайман Сойлу Түркия менен Сирия чек арасына дубал гана орнотулбастан, аны менен бирге түндө тасмага алган камералар да орнотуларын айтты.

Негизинен Түркиядагы мигранттарды сириялыктар, афгандар, уйгурлар түзөт. Сириялыктар менен афгандар согуштан улам Түркиядан баанек тапса, ал эми, уйгурлар Кытай бийлигинин зулумунан качып Түркияга жер которушкан. Түрк мусулмандары Исламий туйгуларынан келип чыгып бул мусулмандарды өз өлкөлөрүнө депортация кылууга каршы чыгып жатышат. Себеби, бул мусулмандар өз өлкөлөрүнө кайтышса аларды кандай зулум, кыйноо, камак күтүп турганы баарына белгилүү. Мындай Исламий туйгу Түрк бийлигин актанууга мажбур кылды. «Ички иштер министри Сулайман Сойлу билдиргендей, Түркиянын миграцияга байланыштуу аракети мыйзамсыз миграцияны жоюуга гана багытталган. Анын сөзүнө ылайык, убактылуу коргоого алынган жана жашаганга укугу бар сириялыктарды, ошондой эле, эл аралык коргоо статусуна ээ чет өлкөлүктөрдү депортация кылуу жөнүндө сөз болгон жок». (Anadolu Ajansı, 28.07.19).

Бул жерде суроо туулат: өз өлкөсүндөгү зулумдан качып чыккан мусулмандын мыйзамдуу паспорту болобу, же чек арадан мыйзамдуу түрдө өтөбү? Мыйзамдуу түрдө өткөндө да, анын өлкөсү ал жаранды кайтарууну Түркиядан талап кылса, Түркия бул талапты аткарбай коё алабы? Ошондуктан, бүгүн, жогоруда министр айткандай, 56 миң адам өз өлкөсүнө депортация кылынды.

Өз доорунда Усманий Халифалык мусулман боордоштугун бекемдөө үчүн Истамбул-Басра жана Истамбул-Хижаз темир жолдорун курган. Ал эми, бүгүнкү Исламды жамынып алып куфр менен өкүм жүргүзүп жаткан Түрк бийлиги боордоштукту бекемдөөгө багытталган мындай ири долбоорлор тиякта турсун, ал тургай, Түркияга качып барышкан мусулман боордошторун коргой албастан, тескерисинче, кыянаттык кылып, аларды өз өлкөлөрүнө депортация кылууда.

1924-жылы Усманий Халифалык кулап, мусулмандар кафирлер тарабынан элүүдөн ашуун мамлекеттерге бөлүнүп ташталды. Ошондон бери алардын чек аралары мусулмандардын биримдигине, боордоштугуна тосук болуп келет. Андыктан, бул чек араларды жоё турган, бизди кайра бириктирип, азиз кыла турган Халифалыкка аракет кылалы.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here