Караколдо “экстремизмге” каршы окутуу өткөрүлдү

336
0

Караколдо “экстремизмге” каршы окутуу өткөрүлдү

Каракол шаарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Диний кырдаалды изилдөө борбору жана Ички иштер министрлиги укук коргоо органдарынын кызматкерлерине “экстремизмге жана терроризмге” каршы эки күндүк окутуу иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Учурда тренинг Ысык-Көл облусуна караштуу бир катар аймактарда улантылууда. Тренингди август айынын ичинде республиканын бардык аймактарында өткөрүү паландалууда.

Кыргызстан экономикалык жактан гранттар жана кредиттерге таянып жашаган мамлекет болгон бойдон калууда. Мындай кырдаалды, албетте, Батыш державалары өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууга аракет кылат. Алар ушундай максаттары алкагында, “диний экстремизмге каршы күрөшүү” сыяктуу шылтоолор астында өлкөгө каражаттар бөлүп берүүдө. Анткени, Батыштын колонизаторлук кызыкчылыктарына өлкө ичиндеги исламий чөйрө коркунуч жаратып келет. Мына ушул исламий чөйрөнү бөлүп-жаруу үчүн Батыш демөөрчүлөрү – Дин комиссиясын ишке салуу менен – бир нече жылдан бери күч органдарын жана имамдарды окутуулардан өткөрүп келүүдө. Максат, “ылайыктуу” (умеренный) Исламды кабыл алган, Батыштын бузук идеологиясына каршы чыкпай турган диний чөйрөнү жана бул рамкага баш ийбеген мусулмандарга каршы күрөш алып бара турган күч кызматкерлерин даярдоо.

Мумтаз Маверанахрий  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here