Атамбаев Путин менен жолугушту. Путин кыргызстандыктарды азыркы президенттин айланасына биригүүгө чакырды

352
0

Атамбаев Путин менен жолугушту. Путин кыргызстандыктарды азыркы президенттин айланасына биригүүгө чакырды

Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстандагы жана аймактагы абалды талкуулаганын билдирди.

Путин: “Ооба, мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал боюнча сүйлөштүк”, – деди.

Путин Кыргызстан үчүн азыр саясий стабилдүүлүк маанилүү экендигин, республика калкы азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригиши керектигин айтты. 

Путин: «Менин позициям белгилүү. Ага дагы (Атамбаевге) айттым. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө деп эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү,тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөрдү. Эми кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек. Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Эл азыркы президент Сооронбай Жээнбековго өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жардам бериши керек», – деген.

Комментарий:   Атамбаевди Россияга алып кетүү маселеси Путин менен Жээнбековдун акыркы жолугушуусунда чечилген. Келишимге ылайык, Жээнбеков ички саясий проблемадан кутулмакчы болсо, Путин бул жолугушуудан Кыргызстандагы саясий чөйрө жана россиячыл жетекчи топ чачырап (Украинадагы сыяктуу) жок болуп кетишинин алдын алмакчы болду.

Атамбаев Путин менен жолугушту, анын максаты ушул болчу. Путиндин максаты болсо Атамбаев жана анын айланасындагы бир топ саясатчыларды кыргыз бийлигине оппозициялык күч катары өз таасири астында кармап туруу. Путин ушундай жол аркылуу Кыргызстандагы саясий кырдаал изден чыгып кетишинин жана мунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон саясий боштукту батышчыл күчтөр ээлеп алышынын алдын алмакчы болууда. Башкача айтканда, ал Кыргызстандагы позиция жана оппозициядагы бардык саясатчыларды өз таасири астында кармап калмакчы болууда.

Демек, Атамбаев россиячыл саясий оппозициянын лидери болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Жээнбеков да россиячыл бийлик өкүлү болуп кала берет. Бул болсо, кыргыз бийлиги орустун кызыкчылыгына кызмат кылуудан баш тарткан учурда оппозициялык күчтөр майданга чыгышын түшүндүрөт. Башкача айтканда, Путин кыргыз бийлигин Атамбаевчи оппозиция менен коркутуп турууну пландаштырууда.

Бирок, Россиянын Атамбаевди алып чыгып кетиши, Батукаевди да кудум ушундай жол менен алып чыгып кеткенин далилдеди. “Кылмыш жоопкерчилигине тартылган же тартылып жаткан Атамбаевди же Батукаевди Путинден башкасы алып чыгып кете албайт эле”  деген пикир тастыкталды. Россия өзүнүн бул аракети (ички саясий иштерибизге ачык аралашуусу) менен Кыргызстан президентинин, өкмөтүнүн жана оппозициясынын аброюн кетирди. Алардын Кремлге толук көзкаранды экендиги, эгемендүүлүк деген куру сөз ашкере болду. Демек, парламенттик шайлоонун алдында бул ишке ыраазы болуп, мамлекетти башкаруу тизгинин ачык эле Россияга карматып койгон президент аябай эле начар абалда!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here