Кыргызстан стратегиялык боштук абалындабы?

382
0

Кыргызстан стратегиялык боштук абалындабы?

Стратегиялык боштук – мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугуна кооп салып жаткан маселелер себептүү мамлекетте жүзөгө келген туруксуздук. Мисалы, бири-бири менен куралдуу кагылышууларды алып баруучу агымдарды пайда кылуу,  жер-жерлерде тез-тез бомба жардыруу, бийлик жана жетекчилер менен жумушчулардын ортосуна, же калк ичинде фитна уругун себүүчү үндөрдү таратуу сыяктуу коопсуздукка коркунуч туудуруучу иштерди кылуу. Ушул сыяктуу иштердин натыйжасында боштук пайда болот т.а. мамлекет жок сыңары болуп калат. Мындай убакта туруктуулукту камсыздоочу мамлекетти издөө табигый абалга айланат. Ошондо бул боштук туруктуулукту камсыздоо аркылуу бийликти колго ала турган адамдар менен, же бийликти колго алууда жана туруктуулукту камсыздоодо тышкы күчтөргө таяна турган адамдар менен, же  туруктуулукту камсыздаган абалда мамлекетти басып ала турган тышкы мамлекет менен толтурулат. (Саясий пикирлер китебинен)

2010-жылы Бакиев бийлиги кулатылды. Бакиев президенттик мандатын өткөрүп берүүдөн баш тартып, түштүктө туруп алып мамлекетти башкарууга аракет кылды. Ошондо “убактылуу өкмөт”  өзбек сепаратисттер менен биригип, аны мамлекеттен кууп чыкты. Андан соң Россия менен “убактылуу өкмөт” биригип, сепаратисттерден кутулуу максатында кыргыз-өзбек жаңжалын уюштурду. Натыйжада Кыргызстандын жетекчи тобу тышкы күчтөр жардамында бийлигин сактап калышты.

Бир топ жыл мурда Кытай элчиканасынын алдында уйгур улутундагы адам өзүн-өзү жардыргандан кийин, Кытай мамлекети Кыргызстандагы уйгур мигранттарды камакка ала баштады. Ал эми Кытай улутундагы мигранттардын акы-укуктары кеңейтилип, өлкөбүздө көбөйүп барууда. Кытай чек арасын жаап, Кыргызстан жарандарына виза берүүнү дээрлик токтотуп койду.

Кыргызстан мамлекети өз өлкөсүндө өз кызыкчылыгына тескери ушундай иштер болуп жатышына эч кандай таасир өткөрө албайт! Тескерисинче, маалымат каражаттары жана күч иүзүмдөрү бул сыяктуу провокацияларда өз жарандарын камакка алуу же куугунтуктоо аркылуу аларга кызмат кылышууда!

Ушул күндөрдө кайсы бир күчтөр тарабынан кандайдыр кызыкчылык жолунда кыргыз-тажик жаңжалы уюштурулууда. Айрым саясатчылар муну Атамбаевди Россияга чыгарып жиберүүнүн алдында коомдук пикирди чалгытуу үчүн атайылап уюштурулган Россиянын провокациясы деп жатышат. Себеби, бул операция эки мамлекеттин жарандары ортосунда алардын катышуусу менен уюштурулду. Бул нерсени эки мамлекетке тең таасир өткөрө ала турган тышкы мамлекет гана уюштура алат.

Россия Кыргызстанда стратегиялык боштук абалын атайын пайда кылып, анын үзгүлтүксүз болушун камсыздап келет. Атамбаев Кыргызстанга миллиардаган доллардык зыян жеткиришине, анын үстүнөн кылмыш иши козголушуна жана мыйзамга баш ийүүдөн ачык эле баш тартып, дагы бир топ кылмыштарды кылып жатканына карабастан, Россия аны алып чыгып кетүүдө. Ушулардын бардыгы Кыргызстан стратегиялык боштук абалында экендигине ишара кылат!

Мамлекеттин мындай алсыз абалы жарандар үчү өтө кооптуу. Себеби, стратегиялык боштук абалында мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун камсыздай албайт. Тышкы күчтөр мамлекетке басым өткөрүп, өз кызыкчылыктарына жетүү жолунда түрдүү аракеттерди ишке ашырышат. Жер бетиндеги жана жер алдындагы байлыктарыбызды талап-тоношот! Бийлик, саясий элита же жетекчи топ аларга каршылык көрсөтмөкчү болсо, тышкы күчтөр мамлекетти бөлүп жиберүү менен коркутушат!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here