АКШ аскерлеринин Саудияга кириши тастыкталды

419
0

АКШ аскерлеринин Саудияга кириши тастыкталды

Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз Америка аскерлери Саудияга киришин макулдады. Бул тууралуу, расмий кабар агенттиги СПАга Саудия Коргоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Саудия Коргоо министрлигинин өкүлү: “Региондо коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулукту бекемдөө үчүн Вашингтон менен Эр-Рияд биргеликте аракет кылууда”, – деди.

АКШдагы ЖМКлардын кабарларына ылайык, президент Дональд Трамп Саудияга 500дөй аскер жөнөтүүнү пландаштырууда.

Америка аскерлери Саудияга акыркы жолу 2003-жылы жөнөтүлгөн. АКШ аскери Саудияга 1991-жылы Булуң согушу себептүү жайгаштырылган жана АКШ аба күчтөрү Эр-Рияддын түштүгүндөгү авиабазасынан туруп Иракка чабуулдарды уюштурган.

Эми болсо АКШ Иранды “мокочо” кылып көрсөтүп, Иранга каршы “Региондо коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулукту бекемдөө” шылтоосу менен араб мамлекеттерине кирип барууда. АКШнын мындай араб мамлекеттерин каалаган жолго жүргүзүү саясаты жаңылык эмес. Германиялык саясатчы доктор Юрген Тоденхофер Ал-Жазира телеканалынын эфиринде Иран менен араб мамлекеттери ортосундагы согуш коркунучун козгоо Батышка өтө пайдалуу болорун баса белгилеген.

Президент Обама доорунда айрым саясий максаттардан улам, АКШ бул саясаттан чегинген эле. Ал эми Трамп админстрациясы бул саясатты кайрадан жандандырды. Түрдүү кабарлар аркылуу АКШ жана Иран ортосундагы жаңжал тынымсыз күчөп бара жаткандай көрсөтүлүүдө. Мисалы, өткөн айдын аягында Ирандын “Революциялык гвардиясы” АКШга караштуу учкучсуз башкарылуучу учакты атып түшүргөндүгүн жарыя кылган болсо, өткөн бейшемби күнү Хурмуз кысыгында АКШ Ирандын учкучсуз учагы атып түшүрүлгөндүгүн билдирди. Ушундай окуялар аркылуу бул эки мамлекет ортосундагы жаңжал күчөп бара жаткандай көрсөтүлүүдө.

Бирок, булар жасалма экендиги жана  Ирандын АКШга  малайлыгы көптөгөн абалдарда даана көрүнүп турат. Мисалы, АКШнын Ирак жана Афганистанды басып алышында Иран активдүү рол ойноду. Себеби, Иран “Талибан” кыймылын кулатуу жана ал жердеги Ал-Каида аскерий лагерлерин жок кылуу үчүн америкалыктарга демөөрчүлүк кылды. Бул тууралуу Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Рафсанжани ачык билдирүү берген.

Рафсанжани: “Ирандын күчтөрү Талибанга каршы согушту жана анын жеңилишине салым кошту. Эгерде Иран күчтөрү Талибанга каршы согушпаса, анда америкалыктар Афганистан баткагына батып калышмак. Иран калкы жана армиясы болбосо, Талибанды бийликтен кулата алмак эмес. Америка муну унутпашы керек”, – деген эле.

Иран Американын каалоосуна тескери бир кадам да таштай албайт. Ал болгону АКШнын региондогу долбоорлору жана пландарын аткаруучу мамлекет.  Башкача айтканда, эгерде АКШ аралашпаса, Иран араб мамлекеттерин талкалап сала тургандай болуп көрүнүүдө. Араб мамлекеттеринин акимдери болсо Иранга каршылык көрсөтүү шылтоосунда (израиль) менен кызматташуу багытында бара жатышат. Бул нерсе алардан (израильди) мамлекет катары таанууну жана алаканы жакшыртууну талап кылат.

Ал эми акыйкат ушул, мусулмандар айланасында жүз берип жаткан саясий окуяларды терең түшүнүп, мындай жасалма фитналардын алдын алуу үчүн акимдерди мухасаба кылышы керек. Мындай фитналарга бүтүндөй чек коюу болсо, рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ошондуктан, мусулмандар бөлүнүп-жарылбай, Аллахтын шариятын жашоого алып келе турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө болгон күчү менен аракет кылышы керек.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here