Усманийлер саясатка кайтып келүүдө

618
0

Усманийлер саясатка кайтып келүүдө

«Мусульманская Турция»  сайтынын кабарына ылайык, жакынкы келечекте Ислам дүйнөсүн кушкабар күтүп турат.

1924-жылы кулатылган Усманийлер салтанаты  арадан 94 жыл өтүп, саясий майданга кайтып келүүдө. Усманийлер үй-бүлөсү 1924-жылы сүргүн кылынып, 50 жылдан кийин, аныгыраагы, 1974-жылдан баштап тарыхый мекенине кайтып келе башташкан. Алардын алгачкыларынан болуп шахзада Харун Абдулкерим Усманоглу Түркияга кайтып келген.

Акыркы халифанын мураскору, Султан Абдулхамид II нин небереси, шахзада  Harun Abdülkerim Osmanoğlu.

Мекенине кайтып келген Усманийлердин саясатка аралашуусуна тыюу салынган эле. А бирок, Режеп Таййип Эрдоган бийликке келгенден баштап абал бүтүндөй өзгөрүп, ондогон жылдар сүргүндө жүргөн Усманийлер үй-бүлөсү Түркия жарандыгын алууга укуктуу болушту.

Түркия демократиялык республика болуп эсептелгендиктен, ар бир жаран  партия түзүүгө жана саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө укуктуу . Усманийлердин урпагы ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, “Yeniden Refah” партиясын түздү.

Шахзада  Абдулхамид Кайыхан чоң атасы Султан Абдулхамид  II. Түзгөн “DARÜLACEZE” кайрымдуулук фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү.

Учурда шахзада Кайыхан  “Devlet Son Yüzyıl”  деген тарыхий киносериалдын үстүндө иштеп жатат. Аталган сериал Түркиянын “TRT 1”  телеканалында көрсөтүлүп, Усманий империясынын жашоосун чагылдырат.

Шахзада Кайыхан расмий түрдө саясий партияга мүчө болгон биринчи мураскор болуп эсептелет.

Түркияда 4 жылдан кийин кезектеги парламенттик шайлоо болуп өтөт. Ал шайлоого Усманийлердин мураскору түзгөн партия да катышары божомолдонууда. Ал эми түрк калкы жаңы партияга канчалык деңгээлде ишенери шайлоодо көрүнөт.

«Мусульманская Турция».

Комментарий :

 Менимче, куфр системасы мындан бир топ жыл мурда даярдыкты баштаган экен.  Күн өткөн сайын саясий манёврлары начарлап, карып бара жаткан Эрдоган мырза да өзүнө орунбасар дайындоого алдын-ала аракет кылган экен, биз бири-бирибиз менен талашып-тартышып жүрүп муну сезбей калган окшойбуз. Сирияда жеңилип жаткан куфр дүйнөсү эми мусулмандардын өчпөс туйгуларын эсепке алып, келечекте мусулмандар үчүн алар арзуу кылып, сыймыктанып жаткан чыныгы “Усманийлер доорун” пайда кылмакчы болуп жаткандай. Себеби, дүйнөнүн кайсы жериндеги мусулман болбосун, ошол адилеттүүлүк орнгон алтын доорду эңсеп жашайт. Ошондуктан, куфр дүйнөсү акыркы Халифанын мураскорлорунун колу менен жийиркеничтүү долбоорлорду ишке ашырмакчы болууда. Муну убакыт көрсөтөт, ал эми бизден талап кылынган нерсе – сак болуу!

Улутчулдукту, трайбализмди жана ата-бабасы менен сыймыктанууну Шариат кескин каралайт жана өтө чоң ката деп эсептейт.

Биз африкалык  хабаш  боордош болобу, усманий болобу, селжукийлердин же саманийлердин урпагы болобу айырмасыз,  Исламды мабдъа катары алып келген жана анда Халифанын шарттары табылган адамга жан-дилибиз менен байъат берип, дүйнө жана акырет иштерибизде ага итаат кылабыз инша Аллах.

А бирок, анын башкаруусу шариятка тескери келип, куфр түзүмдөрүнө негизделген болсо жана шариятты пайгамбарлык минхажы негизинде дүйнөдө колдонбосо – ал тургай Султан  Сулаймандын чыныгы мураскору болсо да – аны ката деп билебиз жана ага байъат берүү арам деп эсептейбиз.

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here