Америка базасы – бакиевдик режимдин кыйрашы

81
0

Америка базасы – бакиевдик режимдин кыйрашы

“Акылдууга ишара жетиштүү” демекчи, назарыңыздарга “ АКИpress”те жарыяланган төмөкү макаланы тартуулайбыз. (орус тилинен которулду https://kg.akipress.org/news:630293)

К. Бакиевдин дипломатиялык катастрофасынын хроникасы

Быйыл июлда америкалык аскерлер Кыргызстандан чыгып кеткенине беш жыл толот. 2014-жылы 11-июлда кыргыз тараптын талабы менен АКШ аскерий базасы өз ишин токтоткон.

Алгач америкалык аскерлер Кыргызстанга 2001-жылдын аягында, АКШнын 11-сентябрь чабуулдарынан кийин баштаган антитеррордук “урагыс эркиндик” амалияты алкагында келишкен. Ошол жылы Аскар Акаев америкалык аскерий базанын жарандык Манас аэропортунун аймагына жайгашуусуна урухсат берген.

Бирок, мындан 10 жыл мурун, 2009-жылы 3-январда, президент Курманбек Бакиев – акыбетте анын режими кулашына негиз болуп берген – сенсациялуу билдирүү жасады. Бул билдирүүдөн кийин, анын аракеттерин Россия бийлиги ачыктан-ачык коррупциячылдыкка, кланчылдыкка, үй-бүлөлүк башкарууга байланыштырып ачыктап салды.

АКИpress бул кандайча болуп өткөнүн 2016-жылы жарык көргөн материалдар аркылуу эсиңиздерге салат.

2009-жылы 3-февралда Кремлде Кыргызстан жана Россия президенттери Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусу болуп өттү жана анда Россия Кыргызстанга $2 млрд ашык инвестиция салууну убада кылды.

Мындай жоомарт келишим – кийин пресс-конференцияда айкындалгандай – эл аралык деңгээлдеги сооданын куралы болгон.

Пресс-конференцияда россиялык журналист Бакиевге Бишкектеги америкалык авиабазанын тагдыры тууралуу суроо бергенде, кыргыз президентинин ага карата жообу даяр эле: Базаны чыгарабыз!

Бакиев өз билдирүүсүндө: коалициялык күчтөрдүн авиа базасы Кыргызстанда көпкө туруп калганын, база тургандыгы үчүн АКШ өлкөгө компенсация төлөбөй жатканын о.э. америкалык аскерийдин Кыргызстан жаранын өлтүргөндүгү боюнча кылмыш ишин иликтөөнү аягына чыгарбай жатканын айтты. Бакиевдин айтымында, кыскасы, базага байланыштуу проблемалар жыйналып калды, ошондуктан, Кыргызстан базанын чыгарылышы боюнча бардык ички процедураларды көрүүнү көздөйт.

Президенттин бул билдирүүсү андан ары Россия менен да, АКШ менен да узакка созулган соодалашууларга алып келди. Ал соодалар кандай жүргөндүгүн WikiLeaks жарыялаган америкалык дипломаттардын документтери жаркын ачыктап берет. Кыргызстандагы АКШ элчилигинин каттарына (депеша) ылайык, «Ганси» авиабазасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр айлампасы 2008-жылдын октябрында башталган.

АКИpress ушул документтер негизинде, мурунку президент Бакиевдин 2009-жылы “Манас” авиабазасынын чыгарылышына байланыштуу – акыбетте анын режимине мина койгон — дипломатиялык катастрофанын хронологиясын келтирет.

2008-жылы 2октябрда, ошол кездеги президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов – Кыргызстан «Манас» авиабазасы айынан Москванын «дахшаттуу басымы» астында калганы жөнүндө – АКШ элчиси Татиана Гфэллерге информация берет. Садыркуловдун айтымында, орустардын каардануусунун башкы себеби — АКШнын Грузияны колдогон риторикалары болууда. КМШ саммитинде бул маселени – анын акысына региондогу трансчегаралык суу проблемасындагы өзбек позициясына колдоо алыш үчүн – Өзбекстан президенти Ислам Каримов көтөрүп чыгат. Садыркулов айтат, эгер баары жаман бүтсө, Кыргызстан АКШдан кошуунун алып чыгып кетүүнү сурайт, бул биздин ошону каалап жаткандыгыбыз үчүн эмес, балким, бизде мындан башка тандоо калбагандыгы үчүн.

КМШ саммитинен кийин Садыркулов америкалыктарга “басымга туруштук берилгендиги” тууралуу кабарлайт. Ушундан соң Бишкекке АКШ мамкатчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер учуп келет. Элчи Гфэллер 2008-жылдын 17-октябрындагы жашыруун катында, жардамчы базаны «коопсуздандырууга» жетишкенин жазат. Ушул эле ойду элчи 2008-жылдын 31-октябрындагы корутунду катында да жазган.

2009-жылы 14январда,  бакиевдик администрациянын жаңы жетекчиси Данияр Усенов – Москванын 2,5 млрд долларлык инвестициясы акысына Бишкек базаны чыгаруу боюнча сунушту кабыл алууга жакын экенин – АКШ элчисине билдирет. Элчи Гфэллер муну “жашыруун” грифи астындагы каты аркылуу өз жетекчилигине кабарлайт.

Анда «Манас» базасы жабылышы үчүн России $2,5 млрд сунуштаганы тууралуу Усенов кабарлаганы айтылган.

Усеновдун айтымында, президент Бакиев сунушту кабыл алууга жакын, бирок, эгер АКШ 10 жыл бою жыл сайын $500 млн сунуш кылса, анда абалды сактап калууга болот.

Элчи бул боюнча: бул адаттагыдай эле кыргызча тактика — көп акча өндүрүш керек, бирок, базанын жабылышы реалдуу болуп калышы мүмкүн — деген пикирин билдирет. Гфэллер, эгер Пентагон базаны сактап калууну кааласа, анда жакынкы айларда Кыргызстанга сүйлөшүүлөр жүргүзүүчү команда жиберүүнү рекомендациялайт.

21январда Бишкекке АКШ Боркомунун командачысы генерал Петреус учуп келет. Элчи ага – премьер Чудинов базанын жабылышы боюнча эч кандай расмий сүйлөшүүлөр болбогонун жана  Россиянын жардамы менен базанын ортосунда байланыш жоктугун – айтканын билдирет. «Биз абалга туруктуу, бирок, назик деп карайбыз», — деген тыянак чыгарат элчи. Жана дагы, кыргыз тарапка кошумча экономикалык стимулдар берилмейинче, база кайрадан коркунучта калат деп билдирет.

23январда элчи жашыруун катта мындай деп жазат: “генерал Петреустун визити – базаны сактап калуу максатында, биргеликте жаңы, пайдалуураак экономикалык жардамдар пакетин даярдоо үчүн – америкалыктарга бир айдай убакыттан утуп берди”. О.э. элчи, эгер мындай болбосо, база 2009-жылы жабыларын эсептеп чыккан. Жана дагы, ал $50 млн дан ашыгыраак жаңы бааны эсептеп берген.

29январда Россиянын Кыргызстандагы элчиси Власов 2,5 млрд доллар Россия тарабынан экономикалык жардам катары берилерин о.э. ал келишимге 3-февралда, К.Бакиевдин Москвага боло турган визитинде кол коюларын ырастайт. Анда Россия элчиси: «Мен, досторубузду сатып албаганыбызды абзел көрөт элем», — деген.

30-январда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова – Бакиев 2008-жылы декабрда – россиянын экономикалык жардамы акысына базаны чыгаруу чечимине келгенин ырастады. О.э. ал кыйла кымбатыраак баа сунуштоо менен АКШ базаны сактап кала аларын айтты жана сүйлөшүүлөр жүргүзүү үчүн команда жөнөтүүнү кеңеш берди. Анын айтымында, 3-февралдан кийин баа кыйла кымбаттайт.

2009-жылы 2февралда элчи Гфэллер президенттик администрация башчысы Д.Усенов жана ТИМ жетекчиси Сарбаев менен жолукту. Усенов «Манас» базасы сакталып калышы үчүн аткарылышы керек болгон талаптардын тизмесин тапшырды:

— 1,8 млрд долларлык тышкы карызды кечүү;
— Базанын ижарасы боюнча 2006-жылдан берки 150 млн доллар “карызды” төлөө;
— аскерий база статусун “транспорттук жана логистикалык борбор”го айландырган жана кыргыз кызматтары аркылуу кайтарылган жаңы келишим түзүү;
— Базаны Бишкектен Ошко которуу;
— “Түштүк-түндүк” энергетикалык коридорун кура турган биргелешкен ишканага 2 млрд доллар бөлүү;
— База ижарасы үчүн жыл сайын 300 млн доллар берүү;
— жылына 0,75% менен, алгачкы 10 жылы төлөмсүз 500 млн долларлык кредит берүү;
— айдоочу Иванов (АКШ аскери тарабынан атып өлтүрүлгөн) үй-бүлөсүнө жана Ясынов (америкалык дипломаттын автомашинасы менен урулган) үй-бүлөсүнө миллион доллардан компенсация чегерүү.

Д.Усеновдун сөзү боюнча, ушул шарттардын аткарылышы К.Бакиев менен мамкатчы Хиллари Клинтондун телефондон сүйлөшүүсүн шарттамакчы.

3-февралда, Москвада Бакиев Кыргызстан АКШдан авиабазасын алып чыгып кетүү жөнүндө талап кыларын официалдуу билдирди.

5-февралда АКШ элчиси ар түрдүү булактардан алынган информацияларды анализдөө менен: Бакиевдин аракеттери мөөнөтүнөн эрте өткөрүлчү президенттик шайлоого карата даярдыктан келип чыгууда, ал шайлоого 30-апрелге чейин берилиши убада кылынган $450 млн россия акчасы иштетилмекчи, — деп жазат. Анын оюнча, АКШ $2 млрд суммага атаандаштык кылбайт, бирок, $450 млн. суммага толук атаандаштык кыла алат. О.э. билдирүүдө дагы мындай делет, кыргыз тарап Вашингтон тараптан “Манас” боюнча тосмо сунуш күтүп жатканы тууралуу элчилик кыйыр информация алды.

12-февралда элчи Гфэллер Вашингтонго «Манас» боюнча өз сунушун жөнөтөт. Ал Москва менен да, Бакиев менен да паралель сүйлөшүүлөр алып барууну сунуш кылат. Элчи Россияга база 2011-жылы жабылат деп гарантия берүүнү сунуштайт. Экинчиден, Москвадан муну сурануу менен алар орустардын Орто Азиядагы гегемониясын калыбына келтирүү сезимдерин кытыгылап, андан пайдаланган болот. Эгер Москва буга көнсө, америкалыктар алардан – Бакиев менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда – нейтралдуу калууларын сурануулары керек. Аскерий база Бакиев үчүн бир товар сыяктуу эле, ошондуктан, ал адамды жөн эле сатып алууга болот деп билдирет элчи.

17февралда  президенттин жаңы кеңешчиси Муратбек Иманалиев АКШ элчисине, Бакиев кылган иштерине аябай өкүнүп жатат жана «Манас» деп аталган бул боткодон чыгуунун аргасын издеп жатат деп билдирет.

Элчи Иманалиевдин сөзүн келтирет: «Бакиев мага чалып суранды: «Америкалыктар сүйлөшүүлөргө качан келет? Мен эмне кылышым керек?». Иманалиев Бакиевдин узакты көрө албашын келекеледи. Ал ага минтип айтыптыр: «Сенин өкмөтүң утулду. Сен Россияда мындай жаман келишимге барбашың керек эле. Бул тузак болчу. Россия убада кылган акчасын эч качан бербейт». Анда Бакиев эмне кылышым керек деп сураптыр. Иманалиев: «Москвага бир тараптуу билет сатып ал» дептир. Иманалиевдин сөзү боюнча, Америка база үчүн жөндүү баа төлөшү керек, албетте ашыкча эмес. Дагы ал айтат, Бакиевдин жакындары — «келесоолор» (президенттин администрация башчысы Усеновду айтып жатат), алар дале болсо «ахмак» Бакиевди база үчүн кымбат баа суроого мажбурлап жатышат.

АКШ элчиси мындай тыянакка келет, Усеновдун реалдуу эмес талаптарынан кийинки сүкүт сактоо саясаты өз жемишин берип жатат, ошондуктан, америкалык тарап база үчүн алгылыктуу бааны келише алуусу толук мүмкүн.

25февралда элчи президенттин администрация башчысы Усенов, ТИМ башчысы Сарбаев, президенттин кеңешчиси Иманалиевдер менен өз-өзүнчө жолукту. Усенов сүйлөшүүлөр баштоону – базада америкалык аскерлер болбошу керек; Россия территориясы аркылуу транзит болгонундай, Кыргызстанда да базаны аскерий эмес жүктөрдү ташуу үчүн пайдалануу керек — деген шарттар менен сунуш кылды. Кийин Иманалиев аскерлерсиз базанын сакталышын абсурд деп атады. Анткени, анда базаны кармап туруунун мааниси калбайт, ал эми жүктөрдү болсо Кыргызстандан кыйгап деле ташый алат. Анын ою боюнча, сүйлөшүүлөргө үч тарап катышуусу керек: Кыргызстан, АКШ жана Россия. Ал идеалдуу вариант сунуштады — базанын атын гана өзгөртүп, өзүн болсо аскерий база бойдон калтыруу. Ошол эле күнү кечинде Сарбаев телефон чалып, президент Бакиевдин атынан сүйлөшүп жатканын айтты. Анын айтымында, «Манас» аскерий базасы АКШ аскерлери менен бирге сакталып калышы боюнча, Кыргызстан сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө даяр.

2009-жылы 2апрелде түздөн-түз сүйлөшүүлөр башталды. Элчи Гфэллер жазгандай, аларда элчи Джексон Дональд башчылыгындагы Мамдеп жана Пентагондон түзүлгөн биргелешкен делегация катышты.

Ал аралыкта 2009-жылдын жазында кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Россия Кыргызстанга 2,15 млрд долларлык экономикалык жардамдар пакетин ажыратууга макулдук берди. Алардын ичинен 1,7 миллиарды Нарын дарыясындагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушуна, 300 млн доллары – мамлекеттик өнүктүрүү Фондуна, 150 млн доллары –социалдык тармакты каржылоого берилди. Келишимге ылайык, $450 млн 30-апрелге чейин которула турган болду.

Анан россия тарабы кредиттин – кыргыз тарабынын компетентүүлүгүн текшерүүгө жетиштүү боло турган аз бөлүгүн – 450 млн долларлык сумманы бөлдү. Бирок, кеңири рекламаланган, президенттин уулу Максим Бакиев башкарган Кыргызстан өнүктүрүү Фонду Бакиевдер үй-бүлөсүнүн негизги киреше булагына айланды. Фонд өкмөт тарабынан көзөмөлдөнбөйт эле, ал президент үй-бүлөсүнө караштуу болуп, ага пайда алып келет эле. 600 млн сомдук капиталга ээ Фонд эми россиялык $300 млн кредит эсебинен байыды.

Кийинчерээк россия бийлиги, Россия тарабынан бөлүнгөн 450 млн доллар «өз ордуна иштетилген жок» деп билдирүү таратты. Кыргыз бийлиги бөлүнгөн  каражатты – киреше табуу үчүн – башкаларга кредит берүү фондун түзүүгө иштетти. Өнүктүрүү Фонду президенттин уулу Максим Бакиев башкарган “Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар Борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) бөлүмү эле. Россия Кыргызстан кошумча каражаттарды алууга даяр эмес деп тапты жана кредиттин калган бөлүгүн бербей тоңдуруп койду.

Вашингтон   «Манас» базасын жоготуу менен келише албасын көрсөттү. Ак үйдүн пресс-секретары Роберт Гиббс: «Биз Кыргызстан бийлиги менен жаралган абалды оңдоо максатында иштешүүгө кызыкдарбыз», — деди. Ак үйдөн бир булак маалымат каражаттарына: Вашингтонго грант, кредит, акча жана инфраструктура сыяктуу бир катар экономикалык кызыктыруу каражаттарын издөөгө туура келет, — деди.

Ошол эле жазда Бишкекке АКШ делегациясы келди, албетте куру кол менен эмес, балким, президент Барака Обаманын кайрылуусун ала келди. Бул да жөн жеринен эмес — Гфэллер өз каттарында айткандай – ТИМ башчысы Сарбаев сүйлөшүүлөр учурунда Обаманын өз каты болушун суранган жана ал колго тийгенде калтырап кеткен.

2009-жылы 22июнда АКШ жана Кыргызстан «Манас» аэропортунда транзиттик жүк ташуу Борборун түзүү боюнча келишимге кол коюшту.

Натыйжада Кыргызстан Россиядан 450 млн доллар жардам алды, бирок, америкалыктардын аскерий базасы ордунда калды. АКШ жылына 60 млн доллар компенсация төлөй турган болду. Юридикалык жактан авиабаза жоюлду — б.а. америкалык аскерлер дислокацияланышы ордуна – илинген жазуу гана алмаштырып коюлду.

Бир айдан соң – 2009-жылы 23-июлда – Бакиев экинчи президенттик мөөнөтүнө кайрадан шайланды.

Россия өз реакциясын ачык айтып баштаган жок, муну карамагындагы маалымат каражаттарына калтырды. Россиялык маалымат каражаттары пландуу түрдө Максим Бакиев менен анын айланасындагылардын кылмыштуу иштерин ачып таштай баштады, мунун алкагында, анын финансылык башкармасы Евгений Гуревичтин чет өлкөлөрдөгү кылмыш процесстерин ачып жатты.

Кыргызстан жана Россиянын өкмөттүк деңгээлдеги  сүйлөшүүлөрүндө финансылык жардамдын тагдыры тууралуу суроолор көп тилге алына турган болду. Ал тургай, президент Медведевдин өз оозунан ачык эле Кыргызстанга каратылган сөз чыкты: «Бул өлкөлөрдүн арасынан айрымдары менен биздин маселелерибиз бар… Алар биздин партнерлор, бирок бул биз аларга негизсиз эле преференциялар бере беришибизди түшүндүрбөйт». Бир аздан кийин Россия мунай продукцияларына пошлина киргизди, бул өлкөдө бензин баасы тез көтөрүлүп кетишине алып келди.

Россия жетекчилигинин буга чейин Бакиев жөнүндө айтпай келген ойлору бир нече айдан кийин ачыкка чыгууга мүмкүнчүлүк алды – Бакиевдер үй-бүлөсүнүн жана алардын айланасындагылардын ачкөз аппетити 2010-жылы апрелде бийликти күч менен алмаштырууга алып келди.

7-апрелдеги Бишкектеги кандуу окуяга баа берип, Россия президенти Дмитрий Медведев: «Бакиев режиминин кулашы – Кыргызстан элинин кызыкчылыктары болуп эсептелген мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого жөндөмсүздүгүнө о.э. акыркы жылдары пайда болгон коррупция, кланчылдык жана үй-бүлөчүлдүккө байланыштуу», — деди.

Россия өкмөт башчысы Владимир Путин: «Бакиев өзүнүн өтмүшдөшү Аскар Акаев баскан тырмоочту кайра басты», — деп билдирди.

Мунун үстүнө Россия жаңы бийликти дароо эле тааныды.

2011-жылы президент болгон Алмазбек Атамбаев кызматка киришер алгачкы кадамдарынын бирин – америкалык аскерлерди чыгаруу деп атады жана АКШга 2014-жылга чейин убакыт берди, анткени, база боюнча келишимдин мөөнөтү ошондо бүтөт эле. 2014-жылы 11-июлда АКШ Кыргызстандан аскерий контингентин алып чыгып кетти.

Анын алдынан 2012-жылы Россия менен Кыргызстан ортосунда келишимдер пакетине кол коюлду – Россия Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку Нарын каскады курулушуна 2 млрд долларлык инвестиция убада кылды, ал үчүн Канттагы аскерий аэродромду жана өлкөнүн газотранспорттук системасын дээрлик бекер алды.

2015-жылы биздин өлкө Россия менен болгон бардык келишимдерди аткарды — америкалык аскерий базаны чыгарды, Бажы союзуна кирди жана Канттагы орус базасын 2032-жылга чейин калтырды.

Декабрда Атамбаев — Россия ички кризистери себептүү ГЭС боюнча ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашырууга кубаты жетпешин, ошондуктан, Кыргызстан жаңы инвесторлор издешин айтты…

Ошентип, эки дүйнөлүк держава — АКШ жана Россиянын аскерий база айланасында Кыргызстан менен болгон тарыхы мына ушундай…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here