Талибанга коюлган тузак

292
0

Талибанга коюлган тузак

«Афганистанда согушту токтотуу жөнүндө Талибан менен өткөрүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү жетектеген АКШнын атайын өкүлү ишемби күнү «акыркы жолугушуу эң жемиштүү болду» деп билдирүү берди». (golos-ameriki.ru, 06.07.19). АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад тынчтык келишимине кирген төрт багыт: терроризмге каршы күрөшүү, аскерий күчтөрдү алып чыгып кетүү, афган диалогуна кошулуу, ок атууну туруктуу токтотуу боюнча чоң ийгиликтерге жетишилгенин айтты. Сүйлөшүүлөр шейшемби күнү улантылат.

«Ысымын жашыруу шарты менен билдирүү берген Талибандын жогорку өкүлү Германия жана Катар расмийлери колдоо көрсөтүп жаткан Дохада өтчү сүйлөшүүлөрдө аялдардын жана азчылыктардын укуктарын коргоо маселелери талкууланарын маалымдады». (golos-ameriki.ru, 06.07.19).

Америка 11-сентябрь окуяларын шылтоолоп 2001-жылы Афганистанга каршы согуш жарыялаган, бирок мына 18 жыл өтсө да АКШ Афганистанда толук жеңишке жеткен жок. Ал тургай, бүгүнкү күнү АКШ аскерлери Афганистанда өз базаларынан тышкарыда операцияларды өткөрүүнү токтоткон. Ал эми, АКШга малай Афган бийлиги борбор Кабулду гана көзөмөлдөп жатат десек жаңылышпайбыз. Талибандын партизандык согушу АКШ үчүн чоң баш оору болду, бул согуш АКШ аскерлерин алдан тайдырып, күнүнө миллиарддаган доллар каражаттарды соруп жатат, окуялардын мындай өнүгүүсү АКШга малай Афган бийлигин да кулатышы мүмкүн.

Ошондуктан, Америка Талибанды алдап сүйлөшүүлөргө тартып, бул жамаат тарабынан боло турган коркунучту жоймокчу. Мындан мурун АКШ Афганистанда Талибандан кийинки экинчи чоң күч эсептелген «Ислам партиясын» Афганистан бийлиги менен келишим түзүүгө көндүрө алган. Жада калса, бул жамааттын лидери Кулбиддин Хикматяр Талибанды Афган бийлиги менен жарашууга чакырган. Ошентип, АКШ «Ислам партиясы» тарабынан болгон коркунучтан кутулган. Мындай «саясий жеңиштен» шыктанган Америка эми бул айла-амалдуу ыкмасын Талибанга карата колдонууну көздөп жатат. АКШ аскерий жактан жетише албаган жеңишке, ушундай саясий айла-амалдуулук менен жетишмекчи.

Албетте, Америка кандай гана шарттарды жана келишимдерди сунуштабасын, алардын баары – тузак!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here