Стэни Хойер: Демократия коргонууга өттү

404
0

Стэни Хойер: Демократия коргонууга өттү

Демократия акыркы отуз жылда жогору көтөрүлүүнүн ордуна коргонууга өтө баштады.  1991-жылы демократия өсүп, анын салтанаты качып кутулгустай эле. Бирок, 2019-жылга келип демократия ички жана сырткы чакырыктардан коргонууга мажбур болуп калды. Мындай пикирин ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жылдык сессиясында конгрессмен-демократ Мэриленд Стэни Хойер билдирди.

Хойер өзүнүн пикирин Венгриядагы сөз эркиндигине жасалган кысымды жана сот системасынын көз карандылыгын, Польшадагы соттордун эркиндигине болгон чабуулду о.э. Түркиянын шайлоо системасын мисал келтирүү менен ачыктады. Парламенттик ассамблеянын негиздөөчүлөрүнөн болгон Хойер мындай абал АКШ менен Орусияда да күчөп баратканын кошумчалады.

Анын айтымында, Орусия 1991-жылы демократиялык системаны кабыл алып жаткан учурда берген убадаларын аткарган жок. Ал эми АКШ жарандары акыркы жылдарда демократиялык институттарга ишенбей калган. Анткени, бул институттар көпчүлүккө өздөрүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтө алышкан эмес.

Чындыгында, демократия беткабын жамынган капиталисттик система бүгүнкү күнгө келип, өз идеологиясынан баш тартууда. Бул идеологияны көтөрүп чыккан АКШ баштаган Батыш мамлекеттеринин өздөрү эл аралык нормаларды бузган абалда саясат жүргүзө баштады. Алардын “демократия” беткабы сыйрылып, алсыздарды, тагыраагы, дүйнө элин тоноого каратылган колонизаторлук жүзү ачылып калды. Буга биз өз өлкөбүздөгү “инвестор” чүмбөтү менен келип алтындарыбызды ташып жаткан, мусулман өлкөлөрүндө согуш отун жагып нефти жана башка байлыктарды тоноп жаткан чет элдик компаниялардын кылган иштеринде күбө болуудабыз.

    Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here