Мисир кымбатчылык, карыз, айыпсыз адамдарды өлүмгө өкүм кылуу, канкорлорду жана кылмышкерлерди болсо актоо толкунунда

398
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мисир кымбатчылык, карыз, айыпсыз адамдарды өлүмгө өкүм кылуу, канкорлорду жана кылмышкерлерди болсо актоо толкунунда

Устаз Саид Фазл

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Кымбатчылык, жакырчылык күндөн-күнгө күчөп, карыз артынан карыз алуу жакыр калкты эзип жатат. Бул бечара калк режимдин токтомуна жана каалоосуна каршылык билдирсе, полиция жана армиянын огуна бута болуп, жанын берүүдө. Тирүү калгандарды болсо, сот залдары жана үй-бүлө перзенттеринин бир үзүм наны эсебинен маяна төлөнүп жаткан судьялардын өлүм жазасы өкүмдөрү күтүүдө. Бул соттор Ак үйдөгү кожоюндарынын кызыкчылыктарын камсыздап келе жаткан Батыштын сакчыларын коргошууда.

Бейшемби күнү Мисир соту мурунку президент Хусни Мубарак доорунда ички иштер министри болгон Хабиб Адилди актады. «Би-Би-Си» радиосунун 2019-жылдын 9-майдагы кабарына ылайык, Хабиб Адил ички иштер министрлигинин мал-мүлкүн мыйзамсыз өздөштүрүүдө айыпталган болчу. Ошол эле учурда, судьялар шектелип кармалган мисирлик жигиттерге катарасынан өлүм жазасы өкүмүн чыгарууда. Жакында 13 жигитке «Мисир аскерлери» иши боюнча өлүм жазасы берилди. Бир сот расмийи 2019-жылы 7-май күнү «Би-Би-Си» радиосуна берген интервьюга ылайык, кассациялык сот бул иш боюнча дагы 17 адамды 25 жылга, 2 адамды 15 жылга, 7 айыпталуучуну 7 жылга эркинен ажыратты. Мисир сотторунун эки түрдүү өкүмү: мыйзам бузганы ачык-айкын белгилүү болгон мурунку ички иштер министрин азат кылуу өкүмүн чыгарса, үйлөрүнөн көчөгө чыгуу менен курулай дооматка калган жана камакка алынып, кылбаган айыптарды катуу кыйноолор астында мойнуна алышкан жигиттерди болсо өлүмгө өкүм кылды. Муну менен режим кызматкерлерге мындай деп жатат: кадыржам болгула, эркиңерге жол бердим, калкты каалаганча өлтүрсөңөр, бастырсаңар, байлыктарын талап-тоносоңор болот, эч ким силерди көзөмөлдөбөйт, биз бар болуп, силер бизди коргоону улантсаңар, силер эч кандай жазага тартылбайсыңар, силерди ар кандай козголоңдон сактап турабыз. Режим козголоң кылып жаткан Мисир калкына минтип жатат: режимдин токтомдоруна каршы чыккан ар бир жарандын тагдыры ушундай болот, алдыңарда бир гана жол бар – иштеп тапкан бардык нерсеңерди тартып алсак да, болгон мүлкүңөрдү конфискация кылсак да, эмнени кааласак, кандай токтомдор кабыл алсак, чөгөлөп ыраазы болосуңар жана саясатыбызды аткарасыңар, силер биз үчүн жана биздин кожоюндарыбыз үчүн кулсуңар, антпесе, силерди тирүү калтырбайбыз!

Режимдин бүгүнкү ахвалы ушундай… тышкы жана ички карыздары көбөйүп барууда, бул мал-мүлктөр алардын сарайларына сарпталууда, жаңы борбор жана чоң жолдор, кызматтардын чыгашалары миллиарддарды түзүп жатат. Калк аскерийлердин маянасын 15%га жогорулатуу сунушун талкуулап жатканда, Мисир финансы министри 2019-жылы май күнү «Мисировий» сайтына мындай деди: «Эгер, бизде каражат болгондо, сараңдык кылбайт элек, финансыбыздын ахвалы 15% дефицитти түзүүдө». «Мисировий» сайтынын 2019-жыл 2-майдагы кабарына ылайык, мамлекет 13 миллион 782 миң жаранды рационалдык картадан пайдалануучулардын тизмесинен (жөлөк пул алуудан) чыгарган. Мунун тушунда, мамлекет экрандардан чыгып жалынып акча сурап жатат, өзүнүн милдети болгон ишти т.а. адамдарды башкаруу вазыйпасын аткарбай жатат.

Кинана өлкөсүнүн аянычтуу абалы мына ушундай жана бул абалга куралын Мисир калкына бурган, репрессия машинасын аларга каршы багыттаган режим себепчи. Ахвал ушундай бир даражага жетти, адамдар завод-фабрикалардын чыгындыларын жеп күн көрүүдө, жада калса, бул чыгынды базарларда сатылып калды. Кинана жери мындай көрүнүштү тарыхта көргөн эмес, тескерисинче ал мурун бүткүл дүйнөнү жедирип-тойдурган, Расулуллах ﷺдын Мадина шааары ачарчылыкка туш болгондо жардам көрсөткөн. Бул жерде бир айырма бар: Аллахтын набийи Юсуф Kдын заманында болсун, Набиййибиз Kдын заманында болсун, бул өлкө Аллах Азза ва Жалланын вахийине негизделген түзүм жана саясат менен башкарылган.

Кинана ушундай оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканын өлкө калкы түшүнүп турат жана бул саясий, экономикалык, коопсуздук тармактарында Хусни Мубарак заманындагы ахвалдан да жаман. Бүгүнкү күндөн эртеңки күн жамандашса, эртеңки күндөн кийинки күн дагы да жамандашууда. Булардын баарына колдонулуп жаткан капиталисттик түзүм себепкер. Анткени, ал инсан проблемаларын чече албаган жана адамдарды улам жакыр кылып жаткан, ачка калтырган түзүм. Аны колдонуп жаткандар коопсуздук чечиминен башка чечимди билишпейт. Коопсуздук чечими – бул адамдарды бастырып, аларды жаман жашоого ыраазы кылууга, жада калса, берилген күкүмдөр үчүн режимге мактоо айтууга мажбурлоо. Бул күкүмдөр калкка бекер берилген жок, балким шайлоолордо жана референдумдарда режимге добуш берүү акысына берилүүдө. Соңку референдумда адамдар добуш бериши үчүн аларга азык-түлүк карточкалары берилди, бул карточкалар соодагерлерден жана ишкерлерден тартып алынган каражаттан берилди. Мындай ахвал жакырчылыктын күчөшү алдында бирер «жарылуу» жүз беришинен эскертүүдө. Анткени, Кинана калкы мындан жаман ахвалды көтөрө албайт, сабыр кылып жаткан болсо да, бирок жарылуу ыктымалы жогору. Анткени, ачкачылык, жакырчылык жана оорулар калкыбызды кыйратууда.

Бул күтүлүп жаткан козголоң аң-сезимдүү калыс саясий жетекчиликке муктаж болот. Бул жетекчиликтин колунда түпкү өзгөрүү жасоого, бардык проблемаларга убактылуу эмес, туруктуу чечим табууга кудуреттүү долбоор бар, шек-күмөнсүз, мындай долбоор Хизб-ут-Тахрирден башка эч кимде жок. Бирок, бул жетекчилик да, долбоор да Кинана калкынын колдоосуна муктаж. Ага армиядагы чынчыл кубат ээлеринин нусраты керек. Кубат ээлери бийликти алып, инсандарды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Ислам менен башкара турган ушул жетекчиликтин колуна берет. Бүгүн чечүүчү маселе ушул Кинана армиясындагы калыс аскерийлердин колунда. Өлкө калкынын башына эмне түшпөсүн, бул нерсе аларга да жетет. Анткени, Аллах Таала армиянын ага-инилеринин башына түшүп жаткан нерсе жөнүндө кыямат күнү ушул армиядан сурайт. Учурда Мисир гана эмес, бүткүл Уммат жыргал турмушту камсыздап бере турган мамлекеттин тикеленешине даяр турат. Жада калса, Уммат Исламды жана анын түзүмүн кучагына алууга, бул жолдо мал-жанын курбан кылууга даяр десек жаңылышпайбыз. Уммат ондогон жылдар бою капитализмдин бузгунчулугуна, бул түзүмдүн башында тургандардын коррупциясына, катардагы проблеманы да чеч албаганына сабыр кылды, сабыр кылууга мажбур болду. Демек, Уммат изгилик кайра кайтып жатканын көрсө, өлкө жоготкон күч-кубатына жана улуулугуна кайра жетишкенин көрсө, албетте сабыр кылышы анык. Бул жакшылыктардын баары Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Ислам өкүмдар кылынмайын келбейт, Халифалыкка нусрат берүүгө кудуреттүү калыс инсандар гана жетишпей жатат. Муну Батыш кафирлери да жакшы түшүнүп, капыстан бул мамлекеттин тикеленип калышынан чочуп, жети эмес, миң жолу өлчөп жатат. Анткени, Халифалык тикеленсе, алардын мамлекеттерине жана түзүмдөрүнө коркунуч жаралат, өлкөлөрүбүздөгү гана эмес, жада калса, алардын өлкөлөрүндөгү коопсуздуктары коркунучта калат, эгер өлкөлөрү аман калса.

}يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ{

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла»                                             [8:24]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here