Экс-президенттин “икс” манёвру

382
0

Экс-президенттин “икс” манёвру

3-июль күнү Бишкекте экс-президент Атамбаевдин тарапташтары уюштурган митинг болуп өттү. Ал «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» урааны астында уюштурулду. Бул митингди тыкыр күзөтсөк, атамбаевчилер өз манёврларын өзгөрткөнү байкалат. Ал эми, жээнбековчулар болсо мурунку эле позицияларында калууда.

Атамбевдин буга чейин карманып келген түндүк-түштүк “күзүр картасы” алмашты. Анткени, анын бул демилгесин көпчүлүк саясатчылар да, карапайым калк да колдобой койду. Негизи, ал өзү да элди таптакыр эле бөлүп жиберейин деп ойлогон эмес, болгону, бул маселени соодалашууга бир курал катары колдонмокчу болгон (бирок, бул маселеде – ал өзү айткандай – “от менен ойноп жатканын” эске албады). Эми болсо, жээнбековчуларга каршы тараптарды өз айланасына топтоо үчүн, ал өздөрүн оппозиция деп жарыялады б.а. анын эмки “күзүр картасы” – бийликке нааразылардын митингдери болуп калмакчы.

Жээнбеков болсо, Россиянын түздөн-түз, Кытайдын кыйыр колдоосуна о.э. түштүк калкынын түкшүмөл ишенимине таянып, саясий каршылаштарына каршы зулумун улантканы жатат. “Зулум” дегенибиздин себеби, ал жүргүзүп жаткан бул күрөш адилеттүүлүк үчүн же элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, балким, Россия жана Кытай буйруктарын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу үчүн о.э. өз бийлигин бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жатат.

Атамбаевдин «Эски элита кетип, жаштар келсин!» деген урааны, анын Америка саясатына толук оогондугун түшүндүрөт. Анткени, Америка өз саясатында – кайсы бир мамлекетке саясий жактан кирип келмекчи болсо – жаштардан пайдалануу тажрыйбасын өнүмдүү колдонот. (Негизи, АКШ өз кадрлары аркылуу эл ичинде “эскилер кетип, жаштар келиш керек” деген күңүрт пикирди кеңири жаюуга жетишкен). Буга чейинки Атамбаевдин Батукаев маселесинде Путинге кайрылганы – андан жардам сураганын түшүндүрөт эле. Бирок, Путин арачылыктан баш тартты. Бул баш тартуунун бир нече себептери болсо да, анын чечүүчү себеби “уран маселеси” болуп калды. Анткени, Путин марттагы визитинде уран жаатында көптөгөн келишимдерди түзүп кеткен. Анын баштапкы кадамы катары, россиялык “Орто Азия уран компаниясы” “Кара-Балта тоо-кен комбинатына” жана Кызыл-Омпол кенинин казылышына 30 млн доллар инвестиция сала турган болгон. Белгилүү болгондой, ал калк тарабынан катуу каршылыкка кабылды. Негизи, Кызыл-Омполдо уран казылышына элдин нааразылыгы мурунтан болсо да, бирок, бул сапар элди америкачылдар көтөрдү (негизи, эртең Америка келип алса, ал деле уранды каздырып баштайт). Ал митингдерге атамбаевчилер колдоо көрсөттү (Дамир Мусакеевдин камалышы түздөн-түз ушуга байланыштуу). А бийликтин уран казылышына каршылыкты колдомуш эткени – элди сооротуп, убакытты созуудан башка нерсе эмес. Себеби, ал Россия алдындагы милдеттенмелерин өтөш керек. Ушулардан улам, Путин мурун Атамбаевге Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбоо буйругун бергендей эле, эми Жээнбековго да Атамбаевди парламенттик шайлоого аралаштырбоо буйругун берүүдө. А Жээнбеков болсо аны ички саясатка байлап ишке ашырып бериши керек болот.

Эй эл-журт! Элибизде “эки дөө кагышса…” деген кеп бар. Биердеги эки дөө: Америка жана Россия. “Үчүнчү күчтөр” да мына ошолор! Саясатчыларыбыз болсо, алардын куралдары болушууда. Элди бөлүп-жарып, үчүнчү күчтөрдүн ортобузга “от жагышына” шарттар жаратышууда. Алардын бардыгы от менен ойноп жатышат. Бирок, биз аларга “отун” болуп бербешибиз керек. Алардын курмандыгы болбошубуз үчүн, биз мусулмандар, бул шайтаний оюндар фитнасын исламий аң-сезим менен түшүнүп жетип, аларга каршы шарият негизинде аракеттенмегибиз даркер. Андыктан, Исламыбызды үйрөнөлү!

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here