ЭВФ Кыргызстанга кезектеги басымын жасады

350
0

ЭВФ Кыргызстанга кезектеги басымын жасады

Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу кеңеши 2019-жылга карата Кыргызстанга берген консультациялык иштери аяктаганын билдирди. Корутундуда өкмөткө жана Улуттук банкка сунуштар айтылган.

Корутундуда Валюта фонду өкмөткө салык жеңилдиктерин, мамлекеттик сектордогу жогорку айлык акыларды, энергетика тармагындагы субсидияларды кыскартууну жана мамлекеттик каржылоо тармагындагы башкарууну күчөтүү сунуштарын киргизген. Ошондой эле, өкмөт мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эсептөөдө чыгымга учураган мамлекеттик өнөр-жайларды кайра каржылоо маселесин карап чыгуусу керектиги айтылат. 

Белгилүү болгондой, Валюта кору мына ушундай “сунуштары” менен бийликке басым жасайт. Бүгүнкү сунуштардын эң орчундуусу энергетика тармагындагы субсидияларды алып салуу болду. Бул сунушка ылайык субсидиялар алынган соң, электр энергиясынын баасын көтөрүү сунушталат. Эл баадан кыйналган соң, мамлекет тарабынан бул тармакты инвесторго берүү көтөрүп чыгылат. Ал ишке ашса, мамлекеттеги стратегиялык зор мааниге ээ жана эң кирешелүү бул тармак чет элдик инвестор-колонизаторго берилет. Инвестордун кирешесинен бизге үлүш арткыдай болсо, ал кайра эле Валюта фонду сыяктуу колонизатор уюмдарга болгон карызыбызды төлөөгө жумшалат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here