«Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү менен Аскерий Кеңештин ортосундагы атаандаштын кайратын сындыруу күрөшү

41
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү менен Аскерий Кеңештин ортосундагы атаандаштын кайратын сындыруу күрөшү

Хасбуллах Нур

Өткөн айдын акырында Аскерий Кеңеш менен «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү ортосунда жолугушуу болуп өткөн. Бирок, бул жолугушуу кескин абалды ого бетер курчутту. Себеби, жолугушуудан кийин эртеси эле Аскерий Кеңеш билдирүү чыгарып, келишпестиктин негизги бөлүгү дагы эле чечилбей жатканын маалымдады. Т.а. келишпестик негизинен Суверендүү кеңеш жана анын төрагалыгын жарандар менен аскерийлер ортосунда бөлүштүрүү туурасында болууда. Мисалы, сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болгону жарыяланышы артынан «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүнүн мүчөсү «RT» каналына: «Суверендүү кеңешке жаран адамдын төрагалык кылышына Аскерий Кеңеши ыраазы эмес», — деди. Ишемби күнү Аскерий Кеңештин мүчөсү да: «Армиябыз Суверендүү кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү жарандардан турушуна макул эмес, бул кызыл сызыкты бузуу», — деди. (Sky News Arabia, 2019-жыл, 4-май). «Сайха» гезитинде да дивизия командири Салах Абдулхалик «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүнүн талаптарына түшүндүрмө берип: «Аскерий Кеңеш Суверендүү кеңеште жарандар менен аскерийлер саны тең болушуна ыраазы, бирок, көпчүлүк кишилер жарандарды түзүшүнө таптакыр ыраазы болбойт», деди. Кийин Аскерий Кеңеш добушун бир аз жогорулатып: «Көпчүлүк жарандарга орун жок, Коопсуздук аппаратына орун жок, убактылуу төрагалыкка орун жок», — деп үч раддияны көтөрүп чыкты.

Аскерий Кеңеш ушул позициясын ырастоо үчүн бир нече далилдерди келтирди. Ага ылайык, «Суверендүү кеңеш ар бир шаар калкынын каалоосун айгинелейт. Бирок, «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү Судан калкынын жалпы каалоосун айгинелебейт. Ал режимди кулатууга алып келген аракетке жетекчилик кылганынын, дагы эле жетекчилик кылып жатканынын мааниси жок. Ошондуктан, бул иш өз ээсине тапшырылат. Бул болсо, бүткүл өлкө калкынын каалоосун өзүндө камтуучу шайланган өкмөт. Себеби, Аскерий Кеңеш өлкөдөгү ар бир партияларга карата бирдей позицияны карманып келе жаткан бейтарап тарап». О.э. Аскерий Кеңеш дагы бир далил көрсөттү: «Судан кыйын жана чукул коопсуздук абалын башынан өткөрүүдө. Бүткүл өлкө бойлоп согуштар болууда, куралдуу кыймылдар көбөйүп кеткен. Ушул себептен улам, жетиштүү даярдык жана тезинен токтом кабыл алуудан башка нерсе муну жоюуга кудуреттүү эмес. Муну Куралдуу күчтөрдүн колундагы көз карандысыз токтомсуз таптакыр ишке ашырып болбойт». Кеңештин оюнда, убактылуу өкмөт эсептелген Аскерий Кеңешти өзүндө чакылдырган куралдуу күчтөр мурдагы режимди кулатууда негизги күч милдетин аткарды.

«Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүнө келсек, алардын далилдери ушул – жарандык башкаруу үчүн өткөөл доорду киргизүү судандыктардын негизги жана жалгыз талабы. Ушул талап себептүү козголоң болуп өттү, ушул себептүү адамдар шейит болду, мына ушул шейиттер себептүү дагы эле демонстрация уланып жатат. Демек, ушунча курмандыктардан кийин аскерий башкарууну башка бир аскерий башкарууга алмаштыруу туура эмес. Алардын формасы жана көрүнүшү гана башкача болот.

Түпкүлүгүндө, аскерийлер болобу, жарандар болобу, алар көтөрүп чыккан нерселер жана көрсөтүп жаткан шылтоолордун артында башка себептер турат жана ушул себептер тараптарды өзүлөрүн позициясын тыгыштырууга үндөп жатат. Мисалы, «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү армиядагылар бийликке жабышып алышууда, регионалдык жана эл аралык мамлекеттер алардын тарабын алып, колдоп-кубаттап жатат деген пикирди айтып жатышат. Алар Сисийдин тажрыйбасын көчүрүүнү көздөп жатышат жана Аскерий Кеңеш шайлоолорду эрте өткөрүү дастурун сунуштап жатканы ушул көз карашты кубаттоодо. Ушул көз караш, Аскерий Кеңеш бийликти тапшырууну каалабай жатат деген көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык саясий талдоолорго ылайык келип жатат. Мисалы, АКШда чыккан «Форин Полиси» журналында: «Башир кетти, анын режими согушууну улантууда», дейт журналист Жестон Линч. Ал Судан жетекчилери бийликти жарандарга тапшырууда убадаларынан баш тартышкан көрүнөт дейт. Журналист Атлантика кеңешиндеги изилдөөчүлөр жетекчисинин: «Армия майда барат иштер менен убакыт өткөрүп, башкаларды өз ара күрөштүрүүнү Баширден үйрөндү», — деген сөзүн келтирген. Ал өз макаласында Аскерий Кеңешти колдоп-кубаттап жаткан жана аны бийликти тапшырбоого үндөп жаткан Мисирдин, Саудиянын жана Амирликтердин позициясына токтолуп өткөн. Макалада Американын «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү менен болгон мамилеси туруктуу эмеси айтылган. О.э. «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүнүн жетекчилеринин төртөөсү АКШ дипломатиялык миссиясынын Хартумдагы төрагасы Стивен Кутсис менен байланышуусу кыйын болуп жатканы жөнүндө сөз болгон. Ушул жетекчилердин бири Стивенди «текебер жана менменсинген» деген болсо, багы бири «Мен АКШ элчилигине барбайм, убактымды текке кетирүүнү каалабайм», деди. Бул иштердин баары «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүн Аскерий Кеңештен чоочуй турган кылды.

Аскерий Кеңештин позициясыны ылайык, ал «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүнүн Суверендүү кеңешти колго алышынан чоочуп жатат. Себеби, бул кеңеш реалдуу таасирге ээ, кээ бирөөлөр айткандай «ырасымдар үчүн чыгарылган кеңеш» эмес, улуттук коопсуздук кеңешинен жооптуу. Ушул себептен улам, «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү бул Суверендүү кеңешти өзүнө оодуруп алса, бул күчтөр режимдин күчтөрүн (армияны, полицияны, коопсуздук кызматын) кайрадан түзүп чыгууну түшүндүрөт. Эгер ушундай болсо, бул Аскерий Кеңеш «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүнүн дөшүсүнө башын коюшуна алып барышы мүмкүн. Ошондуктан, Аскерий Кеңеш Суверендүү кеңештин жетекчилигин өз колунда кармап, буга өмүр-өлүм маселеси катары карап жатат.

«Эркиндик жана өзгөрүү үчүн» күчтөрү басым кылуу ыкмасы катары саясий иш таштоо ураанынан, козголоңду Аскерий Кеңешке каршы курал катары пайдаланууда. Бул бир аз кыйынчылык талап кылса да, бирок тажрыйбадан өткөн, активдүү, күчтүү курал болуп эсептелет. О.э. Аскерий Кеңештин да ага каршы куралдары бар, бул нерсе ага манёвр кылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондуктан, ал контрреволюцияны аракеттендирүүгө таянып, шайлоолорду эрте өткөрүү деген нерсени көтөрүп чыкты. Профсоюздарды куугунтуктоону токтотуу да мына ушул контрреволюция аракети үчүн үлгү болуп эсептелет. Контрреволюция аракетине дагы бир мисал – коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасын камакка алууга аракет кылган башкы прокуратурага Аскерий Кеңештин каршы чыкканы. Андан тышкары, башка көп ыкмалар да колдонулду, алардын баары Аскерий Кеңешке таандык ыкмалар деген күмөндү жаратууда. Мисалы, «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүнө каршы болгон бардык саясий агымдарды контрреволюцияга аракеттендирүү же колдоп-кубаттоо сыяктуу. Чындыгында, Аскерий Кеңеш мындай абадарда ыплас иштерге барышы жана коопсуздукту изинен чыгарып, баш аламандыкка себеп болушу мүмкүн, мисалы, Мисир козголоңунда болгондой, же Рамазандын сегизинчи кандуу күнүндө болгон күмөн астындагы амалияттар сыяктуу. Бул жана башка иштер Аскерий Кеңешке козголоңду тизгиндөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Судан калкы жергиликтүү даражада да, регионалдык даражада да кагылышуу жолунан басууну каалабай жатат. Алар туура чечим издешүүдө. Туура чечим болсо, албетте туура идеологиядан алынат. Ушул орунда мен Аллах Субханаху ва Тааланын төмөндөгү аяттын келтиремин:

}وَمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِنْ شَيْءٍ فَحُكْمُهُ إِلَى اللَّهِ{

«Силер келише албаган ар бир нерсенин өкүмү Аллахка (кайтарылат)»     [42:10]

}مَا فَرَّطْنَا فِي الْكِتَابِ مِنْ شَيْءٍ{

«Китепте бир да нерсени калтырбай (жазганбыз)»                                   [6:38]

Расулуллах ﷺдын ушул сөздөрүн келтирүү лазым:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لاَ نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ فَتَكْثُرُ، قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ فَالأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бани Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзүшөт эле. Бир пайгамбар дүйнөдөн кайтса, артынан башка бир пайгамбар келген. Менден кийин болсо пайгамбар жок. Халифалар болот жана алар көбөйүп кетет. «Бизге эмнени буюрасыз?», — дешкенде, айтты: Биринчисинин, биринчисинин гана байъатына бапаа кылгыла жана алардын акыларын бергиле, анткени, Аллах алардан жаранды кандай башкарышканы жөнүндө сурайт».

Ислам салтанаты Умматка таандык, Уммат аны өзү каалаган кишиге – Аллах Тааланын Китеби жана Расулу ﷺдын сүннөтү негизинде башкаруу шарты менен – берет. Мына ошондо Аллах, жана Расулу ыраазы боло турган, зыян жеткирүү максатында жүргөндөр ачуулана турган жол менен келишпестиктер да шексиз жоюлат.

Роя гезити

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here