Элдик бийлик – жалган пикир

609
0

Демократия “сабактары”:

Элдик бийлик – жалган пикир

Демократиянын ток этер аныктамасы – элдик бийлик. Бул дегени, эл өз жашоо-турмуштары үчүн өздөрү мыйзамдар чыгарышып, турмушта ошол мыйзамдарды колдонуп жашайт дегени. Ушул пикирдин канчалык калп экендигин аны Кыргызстандагы окуяларга байлоо менен карап чыгабыз.

1. “Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат” (КР конституциясы. 6-берене, 3-пункт).

Жогоруда келтирилген мыйзам, негизи, азыр дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан империалисттик системага кулдук кылууну түшүндүрөт. Бирок, Кыргызстан эли бул мыйзамды кабыл алууга катышмак турсун, аны түшүнбөгөн дагы. Буга карабастан, бул мыйзам конституцияга киргизилген. Ал мыйзамды Кыргызстан эли чыгарган эмес, ал тургай, депутаттары да чыгарган эмес, муну колонизаторлор эл аралык уюмдар аркылуу мажбурлап тыгыштырышкан. Кана мында элдик бийлик?

 2. Демократия элдик бийлик эмес, ал капитализм. Социалисттик мамлекет кулап, капитализм келгенде, “мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мыйзамын” бир ууч жетекчилерден башка көпчүлүк эл түшүнгөн эмес. Капиталисттик колонизатор мамлекеттер биздин өлкөнү капиталисттик мамлекетке айландырып, анын үстүнө өздөрүнө малай капиталисттерди бийликке коюп, кен-байлыктарыбызды ташып кетиш үчүн мына ушул мыйзамды ишке салышканын эл түшүнбөгөн. Бирок, ал мыйзам болуп кабыл алынган. Анын натыйжасында, мамлекетте топтолгон элдин байлыгы менчиктештирүү аркылуу ошондогу жетекчилердин менчигине өтүп кеткен. Ал жетекчилер бийликти алуу менен бирге байлыкты да ээлеп, жаңы капиталисттер болуп алышты. Ошондон ушул күнгө чейин, бийлик алардын арасында гана колмо-кол айланып жүрөт. Аткаруу бийлигинде да ошолор, парламентте да ошолор, сот тармагында да ошолор. Мыйзамдарды өз кызыкчылыктарына ылайык чыгарышат, өз кызыкчылыктарына ылайык колдонушат. Анча-мынча өзгөрүүлөрдү эсепке албаганда, ошол доордо байып, бийликке келип алгандар азыр деле бийликте же алардын балдары бийликте. Кана мында элдик бийлик?

3. Жогорудан маалым болгондой, турмуш чындыгында эл мыйзам чыгарууга катыша албайт, ал тургай, өз эрктерине каршы келген мыйзамдарга да – парламент наамы менен – моюн сунууга мажбур. Эл буга кыжырданып баштаганда, капиталисттер алдоонун башка жолуна өтүшөт. Б.а. системаны өзгөртмөйүнчө жашообуз оңолбойт деп башташат. Мында президенттик башкарууну президенттик-парламенттик (аралаш) башкарууга, же толук парламенттик башкарууга өткөрүүнү назарда тутушат. Негизи, булардын баары тең эле демократия атын жамынган капиталисттик башкаруу формалары болуп, эзилген элди сооротуу менен, кайра эле капиталисттердин бийликке келишин кепилдейт. Мисалы, Акаев жеке бийлигин чыңдаш үчүн “легендарлуу парламентти” таркатып, кош палаталуу парламент түздү. Кийин элди зулумдан алаксытуу үчүн, III чакырылышта бир палаталуу парламентке партиялык тизме менен келүүнү киргизип, уул-кызынын “Алга Кыргызстан” партиясын алып келди. (Бирок, бул анын куулушуна себеп болуп калды). Кийин Бакиев бардык айыпты акаевдик системага шылтап, парламентке толук партиялык тизме менен келүүнү киргизди. Парламентке анын “Акжол” партиясы келди. Бирок, эч нерсе өзгөргөн жок, бийликтин залимдиги ошол бойдон калды. Бакиев куулгандан кийин, Убактылуу өкмөт бардык айыпты бакиевдик системага чаптап, “аралаш башкарууну” киргизди. Бу “аралашы” деле башкасынан айырмаланган жок. VI чакырылыштагы парламент Атамбаев бийлигин күчтөп, ал аркылуу бийликтеги капиталисттер өз кызыкчылыктарын коргошту. Эми болсо ошол эле парламент Жээнбеков бийлигин бекемдеп, ал аркылуу бийликтеги капиталисттер өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып жатышат. 

4. Демократиялык башкарууда (т.а. элдик бийликте) бийлик бир колго топтолбошу керек дешет. Бул да жалган. Анткени, бийликтин табияты анын тизгини бир адамдын колунда болушун талап кылат. Ошондуктан, турмушта бир мамлекетте бир эле жетекчи болорун көрөбүз. Ушундан улам, демократиялык башкарууда президенттик формада бийлик президенттин колуна топтолсо (аралаш башкарууда да ушундай эле), парламенттик формада премьер-министрдин колуна топтолот. Мисалы, Акаев 15 жылдык башкаруусунда бийликти бекем кармап калуу үчүн конституцияга 5 жолу өзгөртүү киргизди. Бакиев бийликке келгенде, бийлик үчүн күрөштө конституцияга 2 айда 2 жолу өзгөртүү киргизилди. 3-сүндө жаңы конституция кабыл алынды. Мунун баары бийликти бир колго алуу үчүн болду. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн конституциясында ага 2020-жылга чейин өзгөртүүлөр киргизилишине тыюу салынган эле. Бирок, Атамбаев президенттиктен кеткенден кийинки бийлигинин камын көрүп, 2016-жылы конституцияга өзгөртүү киргизди. Азыр болсо, эки адам башкаруучу болушу мүмкүн болбогондуктан, Жээнбеков Атамбаевдин “аталыгын” жокко чыгарып, бийлик тизгинин өз колуна алды. Ушулардан көрүнүп тургандай, бийлик тизгининин бир колго тийбеши – болбогур кеп. Ким күчтүү жетекчи болсо, бийлик тизгинин ошол колго алат, ким алсыз болсо, анын бийлиги башкаларга бөлүнүп кетет, акыбетте ал кулайт же парда артындагы күчтүү жетекчинин куурчагы болот.

5. Элдик бийлик жүзөгө ашуусу үчүн бийликтин үч бутагы: аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу – булар өз ара көз карандысыз болушу керек дешет. Бул да болбогон кеп. Жогоруда парламенттин аткаруу бийлигине канчалык көз каранды экенин айтып өттүк. Эми сот тармагын айта турган болсок, анын көз карандылыгы парламенттикинен да ашып өтөт. Анткени, ал парламент сыяктуу коллективдүү уюм эмес, анда жеке адамдар кызмат кылышат. Аларды кызмат кылдырыш кыйла жеңил. Себеби, парламентте жеке кызыкчылыктардан сырткары коллектив кызыкчылыгы да болот, а тиги соттордо болсо, жеке адамдардын жеке кызыкчылыктары гана болот.

Эгер сот менен парламент мамлекет жетекчисине каршы чыгып жатса, демек, анда алар башка бир жетекчини тандап жаткан болушат.

Кимдир бирөө жогорудагы пикирлерге каршы “Демократия өнүккөн өлкөлөрдө мындай эмес, бизде демократия өнүкпөй жатпайбы” деши мүмкүн. Бирок, минтип жаткан адам жакшылап күзөтсүн, ошондо аларда да демократияга жамынган капитализм өкүм сүрүп жатканын табат.

Эй Кыргызстандын мусулман саясатчылары! Ыхтымал, силер ушул демократиялык негизде кылып жаткан ишиңерди элибиз үчүн пайдалуу деп кылып жаткандырсыңар. Бирок, элге эмне пайдалуу экенин Жараткан Аллах жакшыраак билүүчү. Ошондуктан, саясий иштериңерде өз диниңерге кайрылгыла!

Эй Кыргызстандагы мусулман калкыбыз! Тигил саясатчылардын демократиялык негизде кылып жаткан иштерине ээрчип кете бербей, аларды Ислам негизинде тергеп-тескеп алгыла, анткени, силер мусулмансыңар! Колонизатор Батыш алып келип тыгыштырган демократия деген чоң жалганга алданып жүрө бербегиле. Азыр бүткүл дүйнө эли мына ушул жалган демократияга жамынган капиталисттик системанын алдында эзилип жатат.

Эми биз, мусулмандар, бул бузук, залим капитализм түзүмүн кулатып, ордуна Исламыбызды алып келишибиз керек! Ал үчүн Исламыбызды үйрөнүп, фикрий-саясий күрөшкө шуңгуйлу, анткени, Расул Акрам соллаллоху алайхи ва саллам Ислам бийлигин ушундай жол менен тикелеген.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here