АКШ Европа товарларына бажы салыгын салат

453
0

АКШ Европа товарларына бажы салыгын салат

«Соода сүйлөшүүлөрүндөгү АКШ өкүлүнүн аппараты Евробиримдиктен алынып келген 4 млрд долларлык товарларга бажы алымын киргизүүнү сунуштады. Бул жөнүдө аппараттын 1-июль күнү жарыяланган документинде айтылды». (ТАСС, 02.07.19).

Документте көрсөтүлгөндөй, бул чара Евробиримдик өзүнүн авиа өнөржайын субсидиялаганына жооп болот. Мындан мурун, апрель айында бул аппарат Евробиримдиктин 21 млрд доллар товарына бажы алымын киргизүүнү сунуштаган болчу. АКШ Евробиримдикти өзүнүн авиация өнөр жайына колдоо көрсөтүүдө деп айыптоодо, жада калса, АКШ бул маселе боюнча Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ) доо арызы менен кайрылган. ДСУ карап жаткан бул талаш 2004-жылдан бери чечилбей келет.

Биз, мусулмандар үчүн бул тирештерде ибрат бар. Батыш мамлекеттери «эркин экономика», «глобализация», «мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн чектөө», «базар экономикасы» деген ураандарды ооз көбүртүп макташканы менен, өзүлөрү бул эрежелерге баш ийишпейт. Алар жазылган жана жазылбаган бардык мыйзам-эрежелерди тебелеп-тепсешти. Жогоруда айтылган ураандар алардын товарларын бизге өткөрүүгө гана өбөлгө болот. Батыш өз товарларын өткөрүүдө бул ураандарга таянат. Бирок, өзүлөрүнүн өнөр жайын, айыл чарбасын коргоодо бул ураандардын сокур тыйынчалык да мааниси калбайт: өз өндүрүшчүлөрүн сырткы атаандаштыктан коргоо үчүн сырттан келген товарларга бажы алымын киргизет, санкцияларды салат, өз өндүрүшчүлөрүн колдоо үчүн миллиарддаган долларга субсидияларды берет, негизи ДСУ мыйзамы боюнча бул чаралардын баары туура эмес.

Капитализм идеясы – бул пайда табуу. Батыш пайда табууда эч бир моралдык жана мыйзамдуу эрежелерге бай ийбейт.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here