Бешинчи муун (G5) технологиясы дегени эмне жана ал кантип Трамп менен анын администрациясынын кыжырын келтирүүдө о.э. Америка Кытайга каршы баштаган экономикалык согушту кантип курчутууда?!

48
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Бешинчи муун (G5) технологиясы дегени эмне жана ал кантип Трамп менен анын администрациясынын кыжырын келтирүүдө о.э. Америка Кытайга каршы баштаган экономикалык согушту кантип курчутууда?!

Доктор Мухаммад Акрабавий

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка дүйнө экономикасына жеке өкүмдарлык кыла баштаган соң, Кытай менен болгон мамилесин күзөтүп, оор басырык аракет кылды. Бул жагдай Кытай дүйнө экономикасына шерик болууну, тепкичтеп аста-секин көтөрүлө баштаганга чейин уланды. Анын экономика машинасы тездешкен сайын, Америка да бул нерсени эсепке алып, кандай позицияны карманууну белгиледи. Америка ушул өжөр Кытайды тыйып коюу жана АКШ таасири астындагы региондор о.э. анын азыркы жана келечектеги эл аралык экономикалык базарлардын тышында калышы үчүн Кытайга каршы айла-амал кыла баштады. Американын Кытайга карата мындай экономикалык согушу ар түрдүү көрүнүштө болду. Бул согуш эл аралык жана регионалдык кырдаалга, Американын эл аралык активдүү мамлекеттер менен өз ара тилектештигине, дүйнөдөгү саясий жана экономикалык өзгөрүүлөргө карап кээде курчуса, кээде солгундап турду. Бирок, Америка Кытайды бир ирмем болсо да назардан качырган жок, анын түрдүү фитна жана айла-амалдарын күзөтүп турду. Анткени, өз мабдасын дүйнөгө жаюуга аракет кылган ар кандай ири мамлекет адатта мына ушундай кылат.

Ушул кыска макалабызда Huawei компаниясына жана бул компания АКШ администрациясын эмнеге мынчалык кыжырдантып, учурдагы экономика дүйнөсүндө болуп көрбөгөн зордукчул чараларды көрүүгө мажбур кылганына бир аз токтолуп өтмөкчүбүз.

Huawei компаниясы чынында эле да Кытайдын колундагы эң күчтүү курал болуп эсептелет. Кытай ал аркылуу дүйнө экономикасына терең кирүүгө жана өзүнүн каражаты аз, жогорку технологиясына ээ бул ийгилигинен пайдаланып, дүйнө экономикасынын тактысына чыгууга урунууда. Huawei компаниясына 1987-жылы негиз салынгандан тартып, башка Кытай компаниялары сыяктуу эле америкалыктардын көз жаздымында калган жок. Башында америкалыктар бул компанияны санарип тармакта колдонула турган айрым жабдыктарды өндүрүүгө чектелет деп ойлошкон. О.э. Американын Cisco сымал санарип тармак жабдыктарын иштеп чыгарган ири компаниялар менен атаандаша албайт, атаандашса да, алыска барбайт деп билишкен. Америкалыктар эң маанилүү материал жана өнөр жай товарларынын булактарын көзөмөлдөп келе жатабыз (Cisco компаниясы да өз өнөр жайын өнүктүрүүдө бул материал жана товарларга таянат), ушундан улам, каалаган маалда Huawei компаниясын тыйып коё алабыз деп ойлошкон. Кийин Huawei компаниясы менен күрөш күчөй баштады. Себеби, Кытайдын бул компаниясы дүйнөдөгү байланыш тармактарынын жабдыктарын өндүргөн гигант компаниялар менен белдеше баштады… алардан озуп, эл аралык жана жергиликтүү тармактарда колдонулган жабдыктар боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Америка буга жооп катары Huawei компаниясын укуктук күрөш оюнуна киргизди. Америкалыктар кээ бир учурларда Huawei компаниясына ири көлөмдө айып пулдарды салышты жана аны Батыш компанияларынын долбоорлорун уурдабоого убада берүүгө мажбурлашты. Бирок, бул чаралар Huawei компаниясынын кеңейишин токтото албады. Мисалы, бул компания илимий өнүгүүгө адистешкен мекеме ачып, бул компанияда иштеп жаткан 180 миң кызматкердин 70 миңин ушул бөлүмдө окутту. Жыйырма биринчи кылымдын кириши менен Huawei компаниясы жаңы технологиянын эң маанилүү тармагына т.а. уюлдук телефондор секторуна кирүүгө жетишти. Жакында болсо, бул компания Американын Apple жана Кореянын Samsung компаниясы сыяктуу гиганттар менен атаандашууга кудуреттүү болду. Жада калса, айрым эксперттер Huawei компаниясынын соодасы дүйнөдө эң жогору көрсөткүчкө жеткенин билдиришти.

Бирок, Американы эсинен тандырган жана «Huawei компаниясын бойкот кылуу жана дүйнөгө сунулган колдорун кесип салуу керек» деп жар салууга мажбур кылган нерсе жогоруда айтылган фактылар гана эмес. Балким, Американын ушул ахвалга салган негизги себеп – Huawei компаниясы 2018-жылы зымсыз байланыш боюнча бешинчи муунду т.а. эл аралык уюлдук тармактарда колдонулган G5 технологиясына жетишкенин, бир жыл өтүп, бешинчи муун тармагы үчүн биринчи жолу чипти ишке түшүргөнүн жарыялаганы болду. Мындан тышкары, бешинчи муун тармактары үчүн бул чипте иштеген биринчи соода жабдыкты сунуштады.

Бирок, Америка өзүнүн Google корпорациясына жана Qualcomm, АRM жана Intel сыяктуу гигант компанияларына, жада калса, Facebook компаниясына буйруп, Huawei компаниясын бойкот кылдырды. Америка мына ушундай ачык көрүнүштө аны жок кылууга, жада калса, 2018-жылы декабрда Канадада Huawei финансы иштеринин директорун т.а. компания негиздөөчүсүнүн кызын Канадада камакка алып, аны АКШда соттоого урунду! Ко-ош, Американы мынчалык кыжырдануусуна эмне себеп?!

Жооп ушул бешинчи муун технологиясынын артыкчылыктарында турат. Туура, ал пайдалануучуга маалыматтардын ылдамдыгын секундасына 20 гигабайтка чейин тездетип берет, жогору жыштык диапазонунда иштейт, жыштык көлөмү жогору, пайдалануучуга бир эле учурда дүйнө бойлоп 100 жабдык менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берет, маалымат берүү убагын божол менен секундаларга кыскартат, жаңы жабдыктарга гана эмес, эски жабдыктарга да ылайык келет. Бирок, Американы кыжырданткан нерсе ушул жана башка артыкчылыктар гана эмес. Балким, аны эң оболу үстөмдүк жана баа жагынан бул технологиянын ээси Кытай компаниясы болгону кыжырдантууда. Бул компанияга Америкада эч бир атаандаша туган компания жок. Батыштагы атаандаштар болсо Nokia менен Ericsson компаниялары гана болуп, экөөсү тең Huawei компаниясындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Демек, кимде-ким – чечүүчү сөз ээси болбосо да – Huawei компаниясына ээлик кылса, ал бул технологияга негизделген келечек өнөр жайына таасир өткөрө алат. Белгилүү болгондой, тармак жабдыктары менен шугулданган ар бир компания келечекте ишмердүүлүгүнүн жараянында өз жабдыктарын бул жаңы технологиянын жаңы өнүгүүсүнө ылайыкташтырууга аракет кылат. Антпесе, убакыттан да уттурат, өндүрүш менен кошо финансылары да солгундайт. Негизи, жаңы технологиялык өнүгүү менен шайкеш жүрбөгөн көптөгөн компаниялар мына ушундай ахвалга түштү. Менин пикиримде, Трампты жана анын администрациясын кыжырданткан нерсе ушул. Ал АКШдагы технология жаатындагы лидерлердин баарын чогултуп, алардан тезинен байланыш технологиясынын алтынчы муунун ойлоп табууну талап кылды, ушул аркылуу өлкөсүнүн бул тармактагы үстөмдүгүн кайра сактап калууга урунду, кудум байланыш технологиясынын алтынчы муунун ойлоп табуу оңой иштей!

Америка Huawei компаниясынан мына ушундай сокку алган соң, ага койгон айыптоолорун актоого жана дагы да күчөтүүгө өттү. Бул АКШ компаниялары долбоорлорун уурдоо жана Кытай пайдасына тыңчылык кылуу айыптоолору эле. Эми, жакында буларга дагы жаңы айыптоону – АКШнын Иранга карата киргизген санкцияларына каршы аракет кылуу айыбын кошту. Бирок, чамасы, Huawei да Америкага оңой эле олжо болбойт жана эл аралык даражадагы жетишкендиктерин жокко чыгаруусуна оңой эле моюн сунуп бербейт көрүнөт. Себеби, анын колунда көптөгөн карталар, эң маанилүүсү, Кытай бийлигинин колдоосу турат. Ал эми, Кытай бийлигинде АКШ сыяктуу мамлекеттерге басым кылуу карталары көп. Мисалы, сейрек кездешчү жер элементтеринин 70%ына Кытай ээлик кылат.

Ушул орунда, биз, мусулмандарда, көз карашыбыз боюнча, маанилүү суроо туулат: бул маселеде биз кай жерде калдык, биздин да бирер ролубуз барбы? Өкүнүчтүүсү, ушуну бекем айта алабыз, бүгүн бизге өкүмдарлык кылып жаткан түзүм темир жана от менен башкарып жаткан соң, бул маселеге карата кол кууштуруп олтурабыз. Негизи, тез арада отко май куюлса, от кол кууштуруп олтургандарга да жетпей койбойт.

Биз дүйнөлүк капитализмге, анын өлкөлөрүбүзгө жана ресурстарыбызга өкүмдарлык кылышына каршы күрөштө ушундай бир ибраттар бар, учурду канимет билип, ушул ибраттардан пайдалануубуз керек. Бул ибрат – базар экономикасы жана капиталисттик мамлекеттердин жетекчилери ооз көбүртүп айтып жаткан глобалдашуу сыяктуу жомокторун ачыкка чыгаруу. АКШ жетекчилик кылып жаткан жана башка Батыш мамлекеттери кызматташып жаткан ушул глобалдашуу деген нерсе Huawei компаниясы менен болгон мамилелеринен, аны кыйратуу үчүн тил бириктирип жатканынан жана аны дүйнө базарына киргизбөө аракеттеринен даана көрүнүп калды. Алар бул иште бетпактык менен, өз баалуулуктарын да урматтабай жатышат жана өзүлөрү иштеп чыккан, бүткүл дүйнөнү кыйнаган мыйзамдарга да кымындай моюн сунушпай жатышат, дүйнө базарын өзүлөрү көзөмөлдөөгө урунушууда.

Бу капиталисттик түзүм 200 жылдан бери дүйнөнү эзип, зомбулук кылып, акыркы 100 жыл ичинде түрдүү зулум жана монополия услубдарын ойлоп тапты, бул түзүм бүгүн кыйроо алдында турат. Ал мына ушундай глобалдуу күрөштөрдү ойлоп табуу менен өзүн-өзү кыйратууда. Себеби, бул күрөштөр инсанга да, жашоого да жакшылык алып келбейт.

Байлыктар артынан алдастап жүгүргөн, аны түрдүү жолдор жана айла-амалдар менен тарттып алуудан башка нерсени билбеген бул апаат түзүмдүн бир гана альтернативасы бар. Ал да болсо, сүткорлук, монополия, зулумду харам кылган жана ал үчүн жаза белгилеген Ислам түзүмү.

Бирок, мусулмандар колонизаторлук кишендерден азат болуп, бардык инсаниятты Ислам жана анын түзүмү негизинде камкордук менен саясат жүргүзгөн рошид мамлекетти тикелешпесе, бул альтернатива курулай долбоор бойдон кала берет.

Роя гезити, №239, 2019жыл, 19-июнь.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here