Фалестин режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы кампаниясын жана зомбулуктарын улантууда

348
0

Фалестин режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы кампаниясын жана зомбулуктарын улантууда

Хизб-ут-Тахрирдин Фалестиндеги маалымат бөлүмү кабарлашынча, Тулкарм районунда шейшемби күнү кечинде коопсуздук кызматы алты Хизб-ут-Тахрир мүчөсүн камакка алды. Муну менен соңку камакка алуу кампаниясы алкагында Батыш Жээкте камакка алынган Хизб мүчөлөрүнүн саны 50гө жетти.

Хизб маалымат бөлүмү жигиттердин үйлөрүнө түндөсү бастырып кирип, үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуу, эшиктерди талкалоо, тинтүү, кээ бир нерселерди конфискация кылуу сыяктуу режим тарабынан зомбулук менен алып барып жаткан камакка алуу кампаниясын кескин каралады. Тинтүү өткөрүү жана конфискациялоо иш-аракеттери эч кандай расмий уруксатсыз алып барылды. Мындай кылмышты өлкө калкы жалаң гана баскынчы яхудийлерден көргөн.

Хизб баса белгилешинче, режим зомбулук жана текебердик менен аракет кылып жатканы, коргоп жатканын айткан мыйзамдарга да баш ийбей, бузуп жатканы ачык көрүнүп турат. Хизбдин камакка алынган мүчөлөрүнүн көпчүлүгү дале прокуратурага же сотко тапшырылбады. Кээ бирлери тапшырылган болсо да, бирок, жактоочулар баса белгилешинче, камакта кармалып турганда алардын бардык акы-укуктары тебелеп-тепселип, мыйзамсыз мамиле жасалган. О.э. прокуратура менен коопсуздук кызматы жалган айтып, алдап, жактоочулардын аракетине тоскоолдук кылышты жана муну менен алардын катышуусусуз эле өздөрү каалаган токтомду чыгарууга жетишишти. Баарынан жаманы – режим Хизб мүчөлөрүнө койгон айыптоо болду. Режим Хизб мүчөлөрүнө улутчулдук чыр-чатагын козутуу айыбын койду. Мындай саясий айыптоолордун артында ар дайым коопсуздук кызматы турат жана алар ушундай жол менен Хизб мүчөлөрүн мүмкүн болушунча узак мөөнөткө камакта калтырууну көздөшөт. Жактоочулар бул айыптоолор туура эмес экенин айтышты жана бул нерсе саясий камакка алуу деп баса белгилешти.

Пикирий жеңилген, финансылык жана административдик коррупцияга, саясий жактан болсо саткындыкка малынган бул режим мына ушундай мыйзамбузуу жана зомбулук менен Хизбдин кайратын сындырам деп ойлоп жатат. Режим анын Батыштагы кожоюндары менен биргеликте Фалестинге жана анын калкына каршы уюштуруп жаткан фитналарын ачыкка чыгарып жаткан Хизбди токтотомун деп ойлоп жатат. Бирок, бул ойу куру кыялдан башка нерсе эмес. Себеби, Хизб өз иш-аракетин таптакыр токтотпойт, режимдин зордукчул кылмыштарына да эч качан сүкүт кылбайт. Балким, саясий аракет алып баруу туурасындагы укугунан пайдаланууну улантат. Режим Хизб өз убадасында бекем турушун, мүчөлөрүнүн кайратын өз тажрыйбасынан өткөргөн.

Роя гезити, №239, 2019-жыл, 19-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here