Экс президент Атамбаев: “Мен алардын сотуна барбаймын”

493
0

Экс президент Атамбаев: “Мен алардын сотуна барбаймын”

Президент кезинде саясаттагы сапташтарына “айыбың жок болсо сотто акталасың, маселелерди тополоң менен чечүү туура эмес” деп келген экс-президент Атамбаев, эми болсо, Кой-Таштагы үйүнө өз тарапкерлерин топтоп алды. Алардын алдында Атамбаев: “Мага коюлган күнөөнүн баары калп… Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин”, – деди. Эсиңиздерге сала кетсек, мурунку президент Бакиев да өз айылдаштары менен сакчыларынын артына жашынган эле. Ошондуктан, бул жаатта калкыбызга кайрылар насаатыбыз бар.

Эй эл-журт! Качанга чейин… Качанга чейин бул сыяктуу саясатчылар биздин каражаттарыбызды кыянатчылык менен өздөштүрүп алышып, кайра ошол каражаттарыбыз менен бизди өздөрү үчүн тирүү калкан кылып иштетишет. Качанга чейин ушинтишет?! 2010-жылы апрель окуясын аягына чыгарыш үчүн, мына ушул саясий чөйрө бизди улуттар аралык чыр-чатакка тыгышкан, бирибизге бирибизди кырдырышкан! Ооба, ошондо Бакиевден бийликти тартып алыш үчүн, убактылуу өкмөт өзбек улутундагы сепаратисттер менен тил бириктирип, аларга бийликтен 30 % орун убада кылышкан. Иш бүткөн соң, убадаларын аткарбоо максатында улуттар аралык уруш чыгарышкан. Ал аркылуу өзбек сепаратисттерин эле  эмес, алар менен биргеликте башка оппоненттерин да мамлекеттен кууп салышкан. Бирок, анда Ош окуясына айыптуу болгон бир да саясатчы же сепаратист өлгөн же камалган эмес! Кайра эле катардагы бейкүнөө калк кырылып, мал-мүлкүнөн ажыраган!

Кыргызстанда дагы кайрадан эски жетекчи топ менен жаңы жетекчи топтун ортосунда жекече же топтор аралык мансап талашуу күрөшү кызып барууда. Эки тарап тең өздөрүнүн туура эмес экенин билишсе да, эл алдында популисттик жалган билдирүүлөр жасап жатышат. Бири экинчи тарапка зулум кылып жатканын жашырууга аракет кылып жатса, экинчи тарап болсо өзүн адилетсиз зулум тартып жаткандай көрсөтүүгө урунууда. Демек, алар дагы кайрадан элди козгоого урунушат. Өзгөндө блогерлердин кимдир бирөөлөр тарабынан ишке салынып, улуттар аралык жаңжал чыгарууга аракет кылып жатканы… өлкө калкын түндүк-түштүккө бөлүү фитналары да күчөп баратканы… булардын баары, балким, ушул саясий чыңалуулардын таасиринен улам болуп жаткан чыгар.

Эй Кыргызстан калкы! Мындай саясий чыңалууларда мамлекет же эл үчүн эч кандай кызыкчылыктар жок. Тескерисинче, мында жекече, эгосисттик кызыкчылыктар бар. Бирөөлөр өз кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн зулум кылып жатышса, бирөөлөрү өз кызыкчылыктарын коргоп калуу үчүн ушундай саясий чыңалууларды жаратышууда. Ошондуктан, биз бирер тараптын куралына айланып, экинчи тараптагы бир туугандарыбыз менен кагылышууга барып калбайлы! Бул эки тарап тең батылда! Алар өз максаттары жолунда жарандар аралык туруксуздуктар келтирип чыгаруудан да кайра тартышпайт. Мындай кагылышууларда биз үчүн – мурункуларындай эле – диний, ал тургай улуттук ж.б. жалпы кызыкчылыктар жок! 

Бул топтордун кызыкчылыктары (биринин таламын талашып экинчисин кууш) үчүн, Кыргызстан калкынын бир бөлүгү аларды ээрчип, бир нече жолу жандар беришти. Бирин кууп,экинчисин бийликке алып келди, натыйжа эмне болду? Эч нерсе өзгөргөн жок! Эми да өзгөрбөйт! Себеби, бир топтун жекече кызыкчылыктары үчүн – мейли, жалпы калк тополоң кылса да – бирок, андан жалпы калктын кызыкчылыктары келип чыкпайт! Андан кайра эле жеке тараптардын жекече кызыкчылыктары ишке ашып калат! Муну менен бир топтогу кыянатчыларды кууп, экинчи жаңы кыянатчы топту бийликке т.а. диктатурага алып келген гана болобуз! Себеби, алардын башкаруу программасы өзгөрбөйт! Алар моюн сунуп жаткан бул программа ар кандай адамды ажыдарга айландыра турган батыл программа!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here