Акимдер орозону баштоо жана бүтүрүү маселеси менен ойношуусу

418
0

Акимдер орозону баштоо жана бүтүрүү маселеси менен ойношуусу Исламга каршы согушуу жана мусулмандардын арасында фитна чыгаруу

Шайиф Шарадий – Яман

Кафирлердин Ислам жана мусулмандарга карата душмандыгы эч токтобойт. Алар Халифалык жок маалда алардын колдорунда негизги курал болуп келе жаткан малай акимдер аркылуу мусулман өлкөлөрүндө күч-бийлик тизгинин кармап келишүүдө. Бул абал кафирлердин Ислам жана мусулмандарга каршы согушун токтобой турган, оту өчпөй турган согушка айлантты. Кафирлердин тил бириктирүүлөрү жана айла-амалдары тынымсыз уланууда. Таң калычтуусу, мусулмандарда саясий аң-сезим төмөн болгондуктан жана алардын көпчүлүгү душмандарга байланган жетекчилерге ишенгендиктен Махмуд Аббаска окшогон акимдер мусулмандардын арасынан өз тарапкерлерин табууда. Алар – Аббастын колундагы мусулмандарды бастыра турган, кыйноого сала турган жана Ислам жана мусулмандарга ачык душмандык кыла турган куралдар.

Малай акимдердин айыбы алда качан ачыкталган. Алар Ислам өкүмдөрү, орозону баштоо жана бүтүрүү өкүмү менен ойношуп жатышканы бүгүн эч кимге сыр эмес. Алар орозону баштоону жана бүтүрүүнү жаңырган жаңы айды көрүү менен эмес, саясий карама-каршылыктар жана Сайкс-Пико келишими орноткон колониялык чегаралар (мамлекеттер) негизинде белгилешүүдө. Негизи, бул маселеде Расулуллах ﷺдын хадиси бар:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, күн бүркөө болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла». (Имам Бухарий). Хадистеги «غُبِّيَ» сөзү көрүнбөсө дегени жана бул орозого тиешелүү хадис.

Жада калса, мындан да күчтүү хужжат жана далил болгон хадис бар. Имам Бухарий Ибн Умардан риваят кылган:

«لاَ تَصُومُوا حَتَّى تَرَوْا الْهِلاَلَ وَلاَ تُفْطِرُوا حَتَّى تَرَوْهُ»

«Айды көрмөйүнчө орозону баштабагыла, аны көрмөйүнчө орозону бүтүрбөгүлө». Бул хадис айдын көрүнүшү бардык мусулмандар үчүн кифая (жетиштүү) экенин, анын көрүнүшү менен бардык мусулмандар рамазан айын баштап, анын көрүнүшү менен рамазан айын бүтүрүшү шарт экенин, астрономиялык эсептөөлөр дурус эместигин баса белгилөөдө.

Ал эми, айды чыгуу орду ар түрдүү деген сөздөргө келсек, жок, ай бүткүл дүйнөдө бирдей чыгат. О.э. Каирдеги исламий изилдөө обсерваториясы 1966-жылы ушул отчётту жарыялаган: «Айдын чыгуу жайлары жөнүндө ихтилаф (келишпестик) жок, региондор бири-биринен алыс жайгашкан болсо да, баары бир түндө бирдей болушу шарт жана бул бүткүл араб өлкөлөрүн камтыйт». Бул айдын чыгуу жайы бир экенине далалат кылууда. Кафирлер жана алардын малайлары Усманий Халифалык мамлекетин кулатышкандан бери, бир исламий денени бөлүп жарып, зыянкеч мамлекеттерди тургузгандан бери орозо айын баштоодо да, бүтүрүүдө да келишүү дээрлик жоголду. Бирок, мусулмандар арасындагы мындай бөлүнүү хижрий 1440-жылга келип абдан күчөдү. Мисалы, бир жыл мурун орозону баштоо жана бүтүрүү бир континент ичинде бирдей болчу. Анткени, ал өзүн Исламий Умматтын бир бөлүгү деп эсептеген, гарчи мусулмандарды адаштыруу жана чалгытуу максатында анын конституциясында бул өлкө Исламий Умматтын бир бөлүгү деп жазылып коюлган болсо да. Бирок, бул жылы (айды көрүү жөнүндөгү) ихтилаф бул колониялык чегаралардын (мамлекеттердин) тышында гана эмес, балким ичинде да пайда болду. Айдын көрүнгөнү өз тастыгын таап, шейшемби күнү (4-июнь) шаввал айынын биринчи (т.а. орозо айт) күнү экендиги маалым болуп, Хизб-ут-Тахрирдин айрым жигиттери Фалестиндеги мусулман ага-инилери менен биргеликте мечиттерде айт намазын окуп жатышканда, Махмуд Аббас жетектеген Фалестин режими орозо айтты шаршемби күнгө (5-апрелге) белгиледи. Бул болсо, мубарек жерде Ислам жана мусулмандарга каршы согушка түрттү. Анткени, режим айт намазын окуп жаткан намазкөйлөргө чабуул кылып, аларды таркатып салышты. Намазкөйлөргө зомбулук кылып жаткан бул режим, ошол эле учурда, яхудийлер алдында корлорчо чөгөлөп, кафир мамлекеттердин бардык токтомдорун аткарып жатышканын көрүп турабыз.

Ал эми, Яманда мамлекет көзөмөлдөгөн регион делген жерлерде ай көрүнүп, адамдар (3-июнда) орозону токтотушкан болсо, Хусийлер «биз айды көрбөдүк» деп, өзүлөрү көзөмөлдөгөн жерлерде адамдарды рамазанды отуз күн кылууга мажбурлашты. Хусийлер адамдардын айды көргөндүгүн этибарга албастан, шейшемби (4-июнь) күнү түндө (орозо айтка өткөн түнү) мечиттердин имамдарын мажбурий түрдө тарових намазын окуттурушту, адамдар угуп, таровихке келишсин деп, үн күчөткүчтөрдү атайылап жогорулатышты. Негизи, Хусийлер рамазан айында тарових намазы маалында мечит тышындагы үн күчөткүчтөрдү өчүрүү жөнүндө буйрук чыгарышкан эле. Айт күнү таңда Хусий тыңчылары көчөлөрдө шүмшүңдөп жүрүшүп, адамдардын айт намазын окуп жаткандыгын текшеришти. Ага карабастан, көпчүлүк адамдар бул күнү (4-июнда) орозо кармабашты, бирок Хусийлердин зомбулугунан коркуп, айт намазына чыгышпады. Имрон аймагында адамдар (4-июнда) айт намазын окуганга жетишти. Бирок, Хусий тыңчылары намазкөйлөрдү курчап турушту жана айт намазынан кийин намазкөйлөрдүн баарын (100гө жакын адамды) камакка алышты, кийин аларды азат кылуунун акысына 5000 риял талап кылышып, талабына да жетишишти. Андан тышкары, Хусийлердин тыңчылары айт күнү шаардын көчөлөрүндө кезип, орозо кармабаган адамдарды камакка алышты.

Ал эми, орозону отуз күн кылууга канааттанбаган айрым инсандар Хусийлердин туура эмес фатвасын билип турушса да айт күнү орозо кармашты. Т.а. алар Хусийлер адамдарды орозо кармоого мажбурлашынын күнөөсүнө өзүлөрү жоопкер болушат деген фатваларды ээрчишти, бирок Аллах Тааланын:

فَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُ + وَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُ

«Ким кымындай жакшылык кылса, ошону көрөт. Ким кымындай жамандык кылса, аны да көрөт!», деген аятын бүтүндөй унутушту, Расулуллах ﷺдын айт күнү же шек күнү орозо кармоодон кайтарганын унутушту же өзүлөрүн унутканга салышты. Мурунку жана кийинки аалым фукахаларыбыз рамазан айт менен курбан айт күндөрү орозо кармоонун харам экенине ихтилаф кылышпаган. Аиша розияллаху анха энебиз риваят кылат:

«نَهَى رَسُولُ اللهِ  عَنْ صَوْمَيْنِ: يَوْمِ الْفِطْرِ وَيَوْمِ الأَضْحَى»

«Расулуллах A эки орозодон кайтарды: орозо жана курбан айт күндөрү». (Муслим жана Абу Шайба). Абу Хурайра розияллаху анху риваят кылат:

«أنَّ رَسُولَ اللهِ  نَهَى عَنْ صِيامِ يَوْمَيْنِ: يَوْمِ الأَضْحَى وَيَوْمِ الْفِطْرِ»

«Расулуллах ﷺ эки күнү орозо кармоодон кайтарды: орозо жана курбан айт күндөрү». (Бухарий жана Муслим).

Бул эки хадисте келген кайтаруу-тыюу кайтарууну гана билдирет, харамдыгына далалат кылбайт. Бирок, төмөндөгү хадисте карина бар, бул хадистеги «لَا يَصْلُحُ» «жарабайт» деген сөз айт күнү орозо кармоонун харамдыгын баян кылат. Бул хадис Абу Саид Худрий розияллаху анхудан риваят кылынган: Мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин уктум:

«لَا يَصْلُحُ الصِّيَامُ فِيْ يَوْمَيْنِ يَوْمِ الأَضْحَى وَيَوْمِ الْفِطْرِ مِنْ رَمَضَانَ»

«Эки күндө: курбан жана рамазан айт күндөрү орозо кармоо жарабайт». (Бухарий жана Муслим).

Мусулман өлкөлөрүндөгү малай режимдер, колонизаторлор орноткон чегаралар турган соң, мусулмандардын токтому колонизатор кафирлердин колунда болот, малай акимдер ошолордун пландарын аткарып жатышкан соң, орозону баштоодо жана бүтүрүүдө мусулмандар ортосунда ихтилаф токтобойт.

Ислам Умматы туш болгон мындай кризистен чыгуунун жолу – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрир менен биргеликте олуттуу аракет кылуу. Халифалык мусулмандарды бириктирип, аларды Аллахтын шариаты менен башкарат. Мына ошондо мусулмандар орозону баштоодо жана бүтүрүүдө ихтилафка барышпайт, тескерисинче Расулуллах ﷺдын ушул сөзүнө ылайык, бир күндө орозону баштап, бир күндө бүтүрүшөт:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ أُغْمِيَ عَلَيْكُمْ فَعُدُّوا ثَلَاثِينَ فَإِنْ شَهِدَ ذُو عَدْلٍ فَصُومُوا وَأَفْطِرُوا وَانْسُكُوا»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, күн бүркөө болсо, (шаъбан айынын) санагын толук отуз күн кылгыла. Эгер, бир адилеттүү киши (айды көргөнүнө) күбөлүк берсе, ошого карап орозону баштап жана бүтүргүлө, хаж ибадаттарын да ошого карап аткаргыла». (Дарикутний, Ахмад жана Насаий). Андыктан, амал кылуучулар мына ушул нерсе үчүн амал кылып калышсын, байлоочулар байлашсын.

Роя гезити, №238, 2019-жыл, 12-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here