Мусулмандардын айт күнү туурасындагы келишпестиги айды көрүү туурасындагы келишпестикпи же малай режимдердин келишпестигиби?!

484
0

Мусулмандардын айт күнү туурасындагы келишпестиги айды көрүү туурасындагы келишпестикпи же малай режимдердин келишпестигиби?!

Акыйкат ачык-айкын. Расулуллах ﷺ айтат:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا الْعِدَّةَ ثَلَاثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, күн бүркөө болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла». Бул хадистеги «баштагыла», «бүтүргүлө» деген хытаб бардык мусулмандарды камтыйт. Бул, тунистик, марокколук, алжирлик, мавританиялык… мусулмандар менен индонезиялык, түркиялык, мисирлик… мусулмандардын баарына бирдей жолдонгон хытаб. «Ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллах» деп күбөлүк берген бирер мусулман шаввал хилалын (жаңырган жаңы айды) көргөнү туурасында күбөлүк берсе, демек, анын күбөлүгү бардык мусулмандарга орозону бүтүрүү үчүн жетиштүү. Өлкө менен өлкөнүн ортосунда, мусулман менен мусулмандын ортосунда айырма жок. Себеби, кайсы мусулман хилалды көргөн болсо, бул нерсе хилалды көрбөгөндөргө далил болот. Ибн Аббас разияллаху анху риваят кылат: «Бир бадавий киши Набий ﷺдын алдына келип: «(Рамазан) хилалын көрдүм», – деди. Ал зат сурады: «Ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллах, деп күбөлүк бересиңби?». Бадавий: «Ооба», – деди. Ошондо Набий ﷺ орозону баштоону буйруду». Ибн Умар разияллаху анху риваят кылат: «Адамдар хилалды көрүштү, мен да Расулуллах ﷺга аны көрөнүмдү кабарладым. Ошондо ал орозону баштады жана адамдарга да баштоого буйрук берди». Бир өлкөдөгү мусулмандын күбөлүгү, башка өлкөдөгү мусулмандын күбөлүгүнөн абзел эмес. Кафирлер мусулман өлкөлөрүбүздүн ортосуна орноткон чегаралардын жана «мекендердин» эч кандай мааниси жок.

Эй мусулмандар!

Эрчүүгө эң ылайык нерсе – ушул акыйкат жана силер аны жакшы билесиңер. Бул зыянкеч режимдер тагдырыңар менен ойношуп, өлкөлөңөрдү душманга тапшырып коюшканы аздык кылгандай, эми ибадатыңар менен да ойношуп жатышат. Өздөрүн өкүмдар деп айткан рувайбизалар ар бир күнөө иште колонизатор кафирлерге жардам берип, аларга көз каранды болушкандыктан Ислам Умматын бөлүп жарууга, жашоосун гана эмес, ибадаттарын да бузууга урунушууда. Мына, көрүп турганыңардай, алар Исламды башкаруудан четтетип, «сарай уламаларынан» пайдаланып Аллах Тааланын ачык-айкын өкүмдөрүнөн баш тартып жатышат, өз кезегинде, бул «уламалар» ошол рувайбизалардын талабына ылайык фатва чыгарышууда.

Эй мусулмандар!

Жаратуучуга күнөөкөр болууга алып бара нерседе, пендеге итаат кылынбайт. Ошондуктан, силердин бүгүнкү күндөгү вазыйпаңар – бүткүл башкарууну Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонулуучу исламий башкарууга айлантуу менен Роббиңерге кылып жаткан ибадаттарыңарды толук кылуу. Халифалык бардык мусулмандарды бир мамлекетке бириктирип, алардын орозолорун да, орозо айттарын да, башка ырасымдарын да бир кылат. Мусулмандар Халифалык менен бул дүйнө жана акырет азиздигине жетишет.

Роя гезити, №238, 2019-жыл, 12-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here