Чыгыш Түркстанда мечитттер эле эмес, мазарлар да бузулууда

575
0

Чыгыш Түркстанда мечитттер эле эмес, мазарлар да бузулууда

Чыгыш Түркстанда тарыхый мечиттер эле эмес, уйгурларга тиешелүү мазарлар да бузулуп жатканы кабарланууда. Бул тууралуу “Евроньюс” кабарлады. 

Ноттингем университетинин окумуштуусу Риан Тамдын билдиришинче, Кытай өкмөтү Чыгыш Түркстандын Хутан шаарындагы борбордук мазарды бузуп таштаган. Ал жерге коюлган маркумдардын сөөгүн башка жакка көчүрүү үчүн алардын жакындарына алты күн убакыт берилген. Мазардын дарбазасына болсо бул жер мамлекетке таандык аймак экендиги жазып коюлган.  

 Өткөн аптада Франциянын AFP агенттиги Чыгыш Түркстанда 36 тарыхый мечит бузулганын, бул нерсе спутниктен алынган сүрөттөр аркылуу белгилүү болгонун кабарлаган. 

Комментарий:

 Мушрик Кытай өкмөтү 1949-жылы калкынын негизги бөлүгү мусулман уйгурлардан турган Шинжаңды басып алгандан бери, ал жерде жашап жаткан мусулмандарды, айрыкча уйгурларды динден кайтаруу, Ислам динин турмуштан жана коомдон сүрүп чыгаруу аракеттерин бир мүнөткө да токтото элек. Мусулмандарга диний билим алууга тыюу салынды. Жаштарга исламий билим берип келе жаткан аалым жана уламалар куугунтукталып, ар түрдүү айыптоолор менен камакка алынышты. Эркектердин сакал коюусуна, аялдардын хижаб кийүүсүнө тыюу салынды. Имамдар аянтта бийлөөгө мажбурланышты. Ал тургай, рамазан айында орозо кармоого, мамлекеттик кызматта иштеп жаткан мусулмандардын намаз окуусуна тыюу салынды. Мусулмандар чочконун этин жегенге, муслима карындаштарыбыз болсо нажас хань кытайлары менен турмуш курууга мажбурланышты. Миллиондогон мусулман боордошторубузду “кайра тарбиялоо” лагерлерине таштады жана жүздөгөн мусулмандар өлтүрүлдү… Бул иштердин бардыгы, расмий өкмөт дабаа кылгандай, “террорист” жана “экстермист”терди жок кылууга каратылган.

 Дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде, АКШ Кытайдын мусулмандарга каршы жырткычтык саясатын көптөгөн жылдардан бери билмексен болуп келди. Ал эми Кытай менен АКШнын мамилеси бузулган соң, АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттеринин эсине “адам укуктары” түшүп калды. Ошондон кийин, Кытайды Шинжаңда лагерлерди түзгөндүктө айыпташты.

 Негизи “демократия”, “адам укуктары”, “дин тутуу эркиндиги”… жана башка атамалар АКШ жана Батыш мамлекеттеринин башка өлкөлөргө басым өткөрүүдөгү куралы болуп, аны өздөрү үчүн пайдалуу болгон учурда гана пайдаланышат. Басым өткөрүлүп жаткан мамлекеттер алар койгон шарттарга ыраазы болушса, же мындай “демократиядан” пайда келбей турган болсо  – Сирия, Мьянма жана башка жерлерде мусулмандар кыргын кылынышына сүкүт сактаганы сыяктуу – мындан оңой эле баш тартышат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here