Ливан режими сириялык качкындарды канкор Сирия режимине кайтаруу максатында аларга басым өткөрүүдө

280
0

Ливан режими сириялык качкындарды канкор Сирия режимине кайтаруу максатында аларга басым өткөрүүдө

«Нидау Сирия» сайты хижрий 1440-жылы 18-рамазан, миладий 2019-жылы 23-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Ливан министрлер кеңеши сириялык качкындарга белгиленген салктарды дагы да көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Министрликтеги булактын айтымында, бул нерсе качкындарга басымды күчөтүү жана Сирия режими көзөмөлдөгөн аймактарга кайтып барууларына мажбурлоого каратылган иш-чара болуп эсептелет.

Ушул булак баса белгилешинче, сириялыктарга белгиленген бул жаңы салыктар мыйзамы жакынкы күндөрдө парламентке сунушталат. «оrient-news.net» сайты жазышынча, жаңы салыктар мыйзамы качкындардын мыйзамдуу жашоо төлөмдөрүн кечиктирүүлөрүнө каршы чараларды күчөтүүнү, Ливандагы мыйзамдуу документтерди толук тапшырбаган сириялык уюмдардын баарын жабууну жана айыпка тартууну да өз ичине камтыйт.

Бул жаңы мыйзамга ылайык, сириялык качкындарды мыйзамсыз түрдө же болбосо мыйзамдуу жашоо документисиз жумуш менен камсыздаган ар кандай ливандык айыпка тартылат. Буларга кошумча, сириялыктардын иштөө лицензияларынын төлөмөдөрү жана соода жайларын ачуу лицензияларынын төлөмдөрү көбөйтүлөт.

Учурда Ливанда 1.2 миллиондон ашуун сириялык качкын оор шарттарда жана коопсуздук кызматынын басымдары астында жашап келүүдө. БУУ бир нече ай мурда алардын абалы мындан да жамандашуусунан эскертип, алардын 69%ы өтө жакырчылыкта жашап жатышканын билдирген».

Роя гезити, №237, 2019-жыл, 5-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here