Фалестин жана Уммат маселесине каршы фитналар көп, бирок, алардын баары ийгиликсиздикке учурайт

374
0

Хизб ут-Тахрир – Фалестин:

Фалестин жана Уммат маселесине каршы фитналар көп, бирок, алардын баары ийгиликсиздикке учурайт

Хизб ут-Тахрир ишемби күнү Фалестиндин Килкилия шаарында жергиликтүү калк жана ондогон таасирдүү кишилердин катышуусунда Рамазан кечесин өткөрдү. Кечеде Хизб ут-Тахрир – Фалестин маалымат бөлүмүнүн мүчөсү мухандис Бахир Салих сөз сүйлөп, Уммат маселелери жана Умматка, негизинен, Фалестин маселесине каршы фитналар болуп жатканы жөнүндө сөз кылды.

Рамазан кечесинде Аллахтан нусрат жана үстөмдүк беришин, ибадаттарды кабыл алышын сурап дуалар кылынууда, Бахир Салих Аллах нусрат берүүчү жана ар ишке кудуреттүү экенин, момундардын вазыйпасы болсо, Аллахты ыраазы кылуу жана убада кылган нусраты үчүн аракет кылуу экенин баса белгиледи.

Сүйлөөчү колонизаторлор жана аларга малай мусулман акимдери Умматка, анын үмүттөрүнө жана ушул залимдерден кутулууга каратылган аракеттерине каршы пландап жаткан фитналары үлкөн экенин айтып, бирок, бүгүн Умматка кайра жан киргенин жана ал өлбөгөнүн өзгөчө баса белгиледи. О.э. ал Уммат колонизаторлордон бүтүндөй азат болуп, жер жүзүндө Аллахтын шарияты өкүмдар болушунан башка нерсеге таптакыр ыраазы эместигин көрсөткөнүн билдирди.

Бахир Салих Фалестин маселеси жөнүндө сүйлөп, Фалестинге каршы пландалып жаткан тил бириктирүүлөр – эки мамлекет чечими, же бир мамлекет чечими болобу, же «кылым келишими» сыяктуу көрүнүштөрдө болобу, айырмасыз – алардын баарын акимдердин кайдыгерлиги, кыянаты жана кылмышы деп айтуу мүмкүн экенин баса белгиледи. О.э. мусулмандар Фалестин маселесинин бир чечимине ыраазы болууларын т.а. ушул чечим – Фалестинди исламий жер деп баса белгилеген жана анын бир сөөмү да яхудий баскынчылыгы астында калышын харам деп эсептеген шаръий акыйкаттарга негизделсе гана кабыл алууларын баса белгиледи.

Сүйлөөчү мазхабчылык күрөшүнөн эскертип, мындай деди: «Америка бул күрөшкө Иран жана Саудия аркылуу от жагып, жалгыз Уммат перзенттери арасында бөлүнүүнү дагы да күчөтүүдө, бул мамлекет өтө жийиркеничтүү саясатты пландаштырууда, бул, Иран коркунучуна каршы күрөш чүмбөтү астында регион мамлекеттери ортосунда аскерий саясий коалицияга яхудий вужудун да кошуу планы.

Ушуну баса белгилөө керек, Бахир Салих менен катышуучулар ортосунда өткөн талкуу Рамазан кечесин байытты жана ортоктош ишенимдерди бекемдеп, көптөгөн нерселерди ачыктоого салым кошту.

Роя гезити, №237, 2019-жыл, 5-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here